Мураталы Турдубаев: Атак-даңк, аброй үчүн эмес, адам болуу үчүн жашаш керек!

Кесиптешибиз Мураталы Турдубаев КРнын Улуттук Жазуучулар жана Журналисттер Союзунун мүчөсү, журналисттер Союзунун лауреаты, “Ыйык тил” Төш белгинин ээси жана Ардак Грамоталары менен сыйланган.

Эмесе, 64 жаш курагын тосуп жаткан инсан Мураталы Турдубаев менен болгон дил маегибиз ыйман, жаштар жана чыгармачылыгы жөнүндө болмокчу.

— Муке суроомду түз эле бергим келип турат. Айтсаңыз, адамга ыйман эмне үчүн керек?

— Көңүлдөгү суроону бердиңиз. Мисалы, сизде баары бар дейли: жашсыз, он эки мүчөңүз түгөл, келинчегиңиз сизди өтө көрөт, сыйлайт, досторуңуз көп, акча, байлык жетиштүү, мансап бийлик, кыскасын айтканда, төрт тарабыңыз шай, эч бир кемчилик табуу кыйын. Сиз үчүн дүйнөдөгү эң зор бакыт ушул. Аттиң… Бул жалган дүйнөдөгү утурумдук нерселерге арбалып кеттиңиз го. Сиздеги, бул дүйнө көз ирмемчилик, дүйнөдөгү утурумдук нерселерге арбалып кеттиңиз го. Сиздеги бул  дүйнө ирмемчилик, баары келет-кетет. Баары бош калат. Анын соңу ажал… өмүргө, жашоого эмне үчүн жаралдың? Атак-даңк, байлык, мансап үчүнбү? Өкүнүчтүү? Сизге байлык, атак-даңктан мурда кол сунуп, жашоодо үмүтүңүздү сактап кала турган бул ыйман. Ыйман сиздин коргоочуңуз, бактыңыз.  Эч качан адам баласын акча, байлык, атак-даңк менен өлчөбөөгө тийиш. Тек гана ал адамдын эмгегин баалоо парз. Ыймансыз адам менен сүйлөшпөй койсо да болот. Анткени, алар сенин байлыгыңа дос, атагыңа шерик гана болгусу келгендер. Ошон үчүн эң биринчи ар бир адамга ыйман керек.

— Анда айтыңызчы, кыргыз элин ыймансыздыктан куткара турган жол барбы?

— Кыргыз эли сабатсыздыгы жок кезде эле ислам дининдеги алты шарт, беш парзын, сооп менен күнөө кандай болоорун жакшы билген. Муну биздин көркөм чыгармалардагы сөздөрдөн, турмушубузда сакталып калган салт-санаа, үрп-адаттардан байкоого болот. Демек, ар бир адамга ыйман берилген. Ошол ыйманын сактап, ыйманы менен жүрүү, жүрбөө ар бир адамдын өз эрки.

Жараткан кудурети күчтүү теңирим пендеге көрсүн деп көз, сүйлөсүн деп тил, баарын акылың менен таанып бил деп акыл-эс берген. Демек, сен кайсы жол менен кетесиң, ал сенин эркиң. Ыйман сени зордобойт, бул сенин жеке укугуң. Бирок, ыймандуулукка чакыруу ар бирибиздин парзыбыз. Ыймандуу болууга жаштарды үйрөтүү да мойнубуздагы жүк. Мисалы, МАИни алалы, эгерде алар жолдо жүрүү эрежесин үйрөтпөсө, же көчөлөрдө светофорлор беш мүнөткө иштебей калса эмне болот? Заматта жолдо машиналар бири-биринен өтө албай баш аламан түшүп, чакчелекей болмок. Туурабы? Ошондуктан мен ойлойм, мектептерде, бала-бакчаларда жана жогорку окуу жайларда этика менен эстетиканы үйрөткөндөй Ыйман сабагын сөзсүз түрдө киргизүү керек.

Азыркы 21-кылымдын кыргызы “толук кандуу адам” болуу үчүн кандай касиеттерге ээ болуусу керек?

Толук кандуу кыргыз болуу үчүн тээ жогоруда отурган элдик адам Президенттен тартып көчө шыпыргычка чейин ар бир кыргыз өз эне тилинде таза сүйлөп, өз оюн жаза билсе, элибиздин каада-салтын карманып, тарыхын жатка билсе.

Анан да ар ким өз кесибин сүйүп иштесе, бири-бирине кечиримдүү болсо, колунан келген жардамын аябаса, кудай ошого чексиз ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик жаратат. Эл да андай адамдарга сый-урмат көрсөтүп кадырлайт. Бекеринен элибизде “Умай эне”, “Кеңешчи”, “Акылман ата” деп ошол адам менен ой бөлүшүп, акылын угуп, кеңешин кабыл алганы ошондон уламдыр. Ошондуктан “Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста” деген насаат кеңештерин айтып, дайыма жаштарды жакшы жолго үндөп турган.

Бүгүн коомдо айыкпас илдетке айланып, жугуштуу оорудай тез тарап бара жаткан коррупция, паракорлук, уюшкан жеп-ичерлер жөнүндө не айтаар элеңиз? Мунун түбү барбы, калың массага сиңип бараткан ооруну токтотууга болобу?

— Азыр майлуу, сүттүү жерлерде жумшак мамыкта олтуруп иштеп жаткан кээ бир мамтөбөлдөр, өз элинин ырыскысына суук колун салып, элибиздин байлыктарын чет элге саттырып, уюмдашкан кылмышкерлердин “крышасы” болуп жүргөндөрү жок эмес экенин угуп, гезиттерден окуп жүрөбүз. Мындай жосунсуз жоруктар “Куранда” да, “Библияда” да чоң күнөө болуп эсептелет жана элдин ырыскысын талап-тоноп сатуу, уурдоо кечиримсиз иш. Мисал айтайын, мына ушундай ууру, паракорлорду издеп таап, түп-тамырына балта чабуу үчүн Кытайдын премьер-министри Жуй Роншин 100 табыт жасатып, уурулар менен паракорлорду таап, ушул табытка салдырам, таппасам өзүм түшүп жатам деп калың элге жар салып, убада берет. Ал өзү айткандай паракорлорду таап, тамырына балта чапкан. Ушул күнгө чейин ал элде ууру же паракордун өз эни бар. Ошол эн аркылуу эл анын ким экенин аныктап алат экен. Эл ошондон кийин өкмөткө ишенип, паракорлук да, уурулук да токтогон.

Көрдүңүзбү, ишеним деген кандай болоорун. Ошондуктан, биздин өкмөт эл үчүн күйүп-бышып иштесе, баардык чиновниктер таза болсо эл ишенмек, ээрчимек.

Минтип, чет жерде иштеп кыйналмак эмес. Кыргызстанда эле иштеп жүрмөк.

Азыр “Аялдын чачы узун, акылы кыска” деген заман өттү. Бүгүнкү күндө аял, эркек тең укукка ээ. Жалпы алганда “Аял теңдиги” дегенди кандай түшүнөсүз?

— Мындан жыйырма тогуз жыл мурда кирип келген демократия шарданын биздин келин-кыздарыбыз шым кийип, чач кырктырып, эркектердин ишинде иштегенди “Аялдар теңдиги” деп түшүндү. “Эркектер казанда, аялдар базарда” болуп, кээ бир акча тапкан аялдар муун-жүүнү бош, чечкинсиз эркектерди жолго калтырып, алардан ашып кетти. Андан калса энесинен татыктуу тарбия ала албаган кээ бир кыздар чылым тартып, ичимдик ичип, анысы аз келгенсип жылаңач денесине чукчуйган куртка кийип, киндиги көрүнүп, адепсиз болуп кетти. Бети-башын артык кылам деп тыртык кылып, кулактарына катар-катар сөйкөлөрдү тагып, батыштын жаман адаттарын бат кабыл алып жатканы өкүнүчтүү. Ушундай жагымсыз жоруктарын көрүп туруп, зээним кейийт. Айтчы? Балким мен түнүнбөй жаткандырмын.

Чет элден келген туристтер биздин кыз-жигиттер концерт учурларында гана кийген улуттук кийимдерге суктануу менен карашат. А биз тескерисинче улуттук кийимдерибизди жерийбиз.Мени кечирип коюңуз, сиздин сурооңуздан алыстап кеттим окшойт.

— Айрым кыздарыбыз батыштын сормо сазынан чыга албай калды дейсиз го…

— Ооба, ошол батыштын жакшы жактарын эмес, жаман жактарын бат кабыл алууда. Мисалы, бизде эркин көрсөтүлүп жаткан эротикалык кино тасмалар аларда көрсөтүлбөйт.

Алар секс-эротикалык кинолорду тартышат да бизге окшогон өлкөлөргө коммерциялык баада сатышат. Ошондой эле Мухиттин ары жагынан дүйнөгө тараган “14-февраль-“Валентин күнү” биздин мектеп окуучуларынан баштап, студенттерге чейин улуу сүйүү күнү катары белгиленип, жыл сайын майрам катары уланып келатат.

Мен айтар элем, бул майрам бизге кокустан кирип келген вирус деп.  Эгерде андай эле сүйүү күнүн белгилегиси келишсе биздеги “Олжобай менен Кишимжан”, “Болот менен Акмөөр” же “Канат менен Заринанын” сүйүүлөрүн эмнеге даңазалоого болбосун.

— Күндөн-күнгө элдин турмушу оордоп, жашоо кыйындап баратат.Сиз кандай дейсиз?

Макул сиз айткандай жумушсуздук көбөйүп, алдуу-күчтүү, акылдуу жарандарыбыз чет жерде иштеп, жан багуунун айласын кылып жүрөт дейли. Бул кыйынчылык кыргыздардын эле башына түшүптүрбү? Андай болсо бизде сексенден ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт. Эмне үчүн корейлер, дунгандар, уйгурлар чет элге бакыт издеп кетип калышпады. Биздин мамлекетибизге чет элден келген кытайлар, уйгурлар, корейлер сопсонун эле жашап жатышпайбы? Ошол эле корейлер, дунгандар эгин эгип, кыйналбай эле жашап жатышат. Ал эми көзү бүртүк кытайлар биздин ай чырайлуу кыздарыбызга үйлөнүп алууга үлгүрүшкөн. Анткени, кыргыз кыздарга үйлөнсө тынч оокатын кыла берет, эч ким мышыгын “быш” дебейт. Ошондуктан биз кыргыз улуту жөнүндө, жаштарыбыз жөнүндө кам көрүп, аларды өз мекенин, кыргыз деген атты сүйүүгө үндөшүбүз керек. Кыйынчылыкка шылтоолоп жүрүп, кыргыз улуту жок болуп кетпеши керек.

-Муке,эми сөз нугун чыгармачылыгыңызга бурсак. Сиздин жарык көрөлек кандай чыгармаларыңыз бар?

Он беш басма табак философиялык романым, аңгеме, ыр-поэмалар жана төрт повесть, кол жазмалар эчен жыл мурда жазылып жарык көрбөй жатат. Андан башка казактын белгилүү акыны, жазуучусу жана обончусу Аким Ысхактын ыр жана прозалык чыгармаларын которгом. Андан башка балдар үчүн “Жоголгон балыкчы жөнүндө жомок” деген жомогун даярдап койгонмун.

-Акчасыз эчтеке бүтпөсү белгилүү го. Анан демөөрчү издебедиңизби?

Мен табиятымдан суранып көргөн эмесмин. Ошондуктан демөөрчү издеп, китебимди чыгарып бергиле деп эч кимге кайрылган эмесмин. Кудайдын буюрган күнү чыгаар.

-Улуу жазуучу агабыз Ч. Айтматов батасын берген дейт…

Ооба улуу адам мага бата берет деп күткөн эмесмин. Батасын алдым,  азыр чай ичсем да, суу ичсем да ал кишинин арбагына багыштап куран окуп турам.

-“Солдат да генерал болгусу келет” экен…

Сөзүңүздү түшүндүм. Атак-даңк, аброй үчүн эмес, адам болуу үчүн жашаш керек. Адам эч качан жашоого тойбойт жана ыраазы болбойт. Адам баласы артына из, кийинки муундарга белек калтыруусу керек деп ойлойм.

-Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык иштериңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден соолук каалаймын!

Маектешкен   Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Булак: Кыргыз Туусу