Мурадил Данияров  ырчы:  “Элдин колдоосу менен атактуулукка жетесиң!”

Мурадил Данияров ырчы: “Элдин колдоосу менен атактуулукка жетесиң!”

08.11.2023 0 Автор bulut.kg

Бала кезинде эле ырчы болууну кыялданган кыргыз шоу-бизнесинде таанымал ысымдардын бири болгон Мурадил  ДАНИЯРОВ чыгармачылыгы тууралуу берилген соболдорго төмөндөгүдөй  кыска-нуска жооп берди.

Мурадил мырза, алгач маегибизди балалыгыңызга көз чаптыруу менен баштасак…

-Балалыгым Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Карача айылында өткөн. 1-класстан 11-класска чейин ошол айылдагы орто мектепти окуп бүтүрдүм, андан кийин жогорку окуу жайына тапшыргам. Окуучу кезимде эле конкурстарга катышып, ырдаганга кызыгып, аккордеон ойноп мектепте активдүү окуучу болдум.

-Демек, ырчы болуу бала кездеги кыялың тура…

-Ооба. Чоңойсом ырчы болом, мен дагы телевизордон чыгам деп кыялданып эле жүрчүмүн…

-Ырдаган ырларыңызды ким жазып берет?

-Ыр тандоодо көбүнчө жаш акындар менен иштешем . Андан сырткары өзүмө жаккан китептеги ырларга деле обон чыгарып ырдай берем .

-Костюмдарды  кантип тандайсыз: сапатына же баасына басым жасайсызбы?

-Мактаныч эмес, чындыгында, костюмдарды өзүм тандайм. Кийимдин сапатына дагы, жарашыгына дагы маани берүү керек. “Арзандын тузу татыбайт” деп бекеринен айтылбаса керек. Андыктан кийимдин кымбат экенине карабай сапаттуусун сатып алган эле туура деп эсептейм.

-Кээ бир кесиптештериңиз атактуу болгондон кийин эл аралап жүрүү кыйын болуп калат дешет… Буга сиздин оюңуз?

-“Эл ‒ тараза ,эл ‒ сынчы” демекчи,  элдин колдоосу, элдин алкышы  менен ошол атактуулукка жетесиң. Ошол үчүн элге аралашып, жөнөкөй эле болуп жүргүм келет. Кээ бир учурда сахнадагы кийимди кийип алып, элден башкача болуп калсам уялап кетмей жайым бар.

-Ырчы болуш үчүн биринчи эмне керек: үн, акча же рекламабы?..

-Ырчы болуш үчүн, эң биринчи, үн керек. Андан кийинки орунда акча менен реклама турат. Булардан тышкары ырчынын куралы катары аккордеон же гитара сыяктуу музыкалык аспаптарда кол ойното билсе, талантын таптаганга, өзүн таанытканга шыкак болот.

-Эң көп алган гонорарыңыз канча болгон?

-Ачыгын айтсам, ар кандай болуп калат. Бул сыр бойдон эле кала берсинчи…

-Эгер сыр болбосо ставкаңыз канча?

-Менин ставкам тааныш-билиштерге бекерден башталат. Ал эми башка учурда сүйлөшкөнгө жараша болот.

-“Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дешет. Биз билбеген канча өнөрүңүз бар?

-Мен  дагы эркектерге тиешелүү бардык жумуштарды жасай алам. Тамашакөй болгондуктан, жакындарыма анекдот айтып күлдүрүп турам.

-Кээ бир мырзалар күйөрмандарын жоготуп албас үчүн кеч үйлөнүшөт же үй-бүлөсүн жашырышат. Сиз үйлөнөрдө ушундай ойлор болгон жокпу?

-Менде андай ой деле болгон жок. Убакыт ушул күнгө буюрган экен, быйыл үйлөндүм.

-Жубайыңыз сизди кайсыл сапаты менен багынтты?

-Бир көргөндө эле келечекте менин келинчегим болору өзүмө ошол замат билинди. Аялзатка тиешелүү, өзүнө гана энчиленген өзгөчө  сапаттары менен багынтып алды.

-Жыл тогошор мезгилде маектешип турабыз, анда сизге эркин сөз…

-Жергебизде дайыма тынчтык өкүм сүрсүн! Өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайлы!  Ар бир үйдө дайыма жакшылыктар болсун! Эч ким оорубасын! Жаңы жыл жакшылыктардын жылы болсун!