Мунарбек Калмаматов: “Биздин башкармалыкта кесибин сүйгөндөр иштешет…”

Мунарбек Калмаматов: “Биздин башкармалыкта кесибин сүйгөндөр иштешет…”

08.01.2021 Выкл. Автор bulut.kg

        Коомубуздун аялуу катмары болгон мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бүгүнкү күндө арбып баратат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын абалы кандай, аларга райондук деңгээлде кандай шарттар түзүлгөнүн билүү үчүн Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  башчысы Мунарбек Калмаматовду кепке тарттым.

—      Мунарбек мырза, сиз жетектеген башкармалык канча бөлүмдөн турат жана жалпы канча кызматкер элге жардам көрсөтөт…

—      Башкармалыкта жалпысы 54 кызматкер эмгектенип жатат. Башкармалык  төрт бөлүмдөн турат. 1- бухгалтерлик эсеп жана анализ бөлүмү.  2- социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмү,  3-үй бүлөгө көмөк  жана балдарды коргоо бөлүмү, 4-калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмү .  Ар бир бөлүмдүн өзүнө тийиштүү функционалдык иш милдеттери бар,  мыйзам чегинде иштешет.

—      Баятан байкасам, силердин башкармалыктын эшиги тынбай кайрылгандар агылып келип жатат. Көп жарандарды тейлегениңер байкалууда…

—      Биздин башкармалыкка көп жарандар кайрылышат, кайрылгандардын баарына мыйзам чегинде жардам беребиз.

—      Жашоосу начарлар эле кайрылабы же жакшы шартта жашагандар деле кайрылган учурлар кездешеби?…

—      Ар кандай маселе менен ар түрдүү шартта кайрылышат. Көпчүлүк кайрылгандар жөлөк пул алуу маселеси боюнча кайрылышат. Мени кейиткен маселе, ошол кайрылган жарандардын ичинен жашоосу, үй-жайы, машинасы, мал жандыгы  бар жарандар да жөлөк пул чектеп бер деп кайрылышат. Жашоо-шарты жетишкен үй-бүлөлөргө жакындан жардам бере албайбыз . Сиздин жашооңуз жакшы, ДМЧАдан эмессиз, жөлөк пул чыгара албайбыз деп жооп узатканыбызда догурунуп, ачууга алдырып урушуп кетишет. Андай  жарандарды көрүп, “өзү жарды болбогону менен жан дүйнөсү жарды тура” деген ойго кептелем.

—      Акыркы жылдарда кандай жумуштар аткарылып жатат…               

—      Акыркы бир  жылда аткарылып жаткан жумуштар боюнча кыскача токтоло кетсем . 2020-жылдын 1-ноябрына карата бир айлык маалыматты айта кетсем, 2019-жылдын январь айынан тарта 18 жашка чейинки дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон  баланы баккан 219 ата-энеге ай сайын 4900 сомдон эмгек акы төлөнүүдө  .  Аз камсыз болгон 6718 үй-бүлөгө, 20576 балага  жөлөк пул (пособие ) ай сайын төлөнөт. Ай сайын  2026  социалдык жөлөк пул алуучулар,    641 акчалай компенсация алуучуларга мыйзам чегинде ай сайын акча каражаты толук каржыланып төлөнүп берилип жатты.  Үй-бүлөлүк көмөк жөлөк пулун алуучуларга документтерин чогултуу мурункуга салыштырмалуу бир топ жеңилдетилди. Башкача айтканда,  11  справка түндүк программасы аркылуу алынат.  Документ чогултуп убара тартышпайт.   Мындан аз камсыз болгон жарандарга пособие тапшырууга керектелүүчү документтерди даярдоо  жеңил болуп калды. Андан сырткары 128  бала өз учурунда  ар түрдүү себептер менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай калган, жакындан жардам берип туулгандыгы тууралуу күбөлүк  алып берүүгө жардам бердик . 

—      3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата кандай иш-чараларды өткөрүүдөсүңөр.

Быйыл  3-декабрга администрация айыл өкмөт башчылары менен кыйын шартта жашаган үй бүлөлөрдүн тизмесин тактап, жакындан жардам беребиз деп пландап жатабыз.  Аткарылган жумуштар боюнча кошумча маалымат беребиз.

 2019-жылы өткөрүлгөн иш-чара боюнча кыскача айта кетсем, 3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата  райондук мамлекеттик администрация жана «Ханц Зейдели» фонду менен биргеликте  райондо 200 ДМЧАны чакырып аларга ысык тамак уюштуруу менен бирге окуу семинарларын өткөрдүк. Мамлекет тараптан социалдык жактан колдоолорду  мыйзам чегинде кантип алуу боюнча кененирээк маалымат берип, бир күндүк семинар өткөрдүк .  Мамлекетибиз өз мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык жактан коргоого муктаж болгон үй-бүлөгө ДМЧАларды колдоого алып жардам берип келүүдө . Быйыл райондо  жалпы  55 коляска берилди,  39 даана чоңдорго,  16 даана 18 жашка чейинки балдарга коп функциялуу   коляска берилди.

— Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга министрлик тарабынан гана жардамдар берилеби?

— Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан сырткары райондук администрациядан, айыл өкмөттөн, жеке ишкерлерден жана кайрымдуу инсандардан жардамдар берилип турат.

—      Дагы бир түйшөлтчү маселе мигранттарыбыздын балдары болуп эсептелет. Силер бул боюнча кандай иштерди алып барасыңар?..                   

 -Эң туура суроо бердиңиз. Мигранттын балдарын тактап көзөмөл жүргүзөбүз,  мигранттардын балдары ата-энесин эстеп көз жашын төгүп, кусаланганын көргөн учурда, албетте, адам катары боор толгойм.  Ар бир үй-бүлөдө ата-эне балдары  менен чогуу болуп бири- бирине мээрим төккөнгө не жетсин дейбиз.  Ата-энелер чет өлкөгө кетип жатканда ишеним кат бербей, оозеки таштап кеткен учурлар арбын. Кудай буйруса, биздин өлкөбүз да өсүп өнүгөт деген жакшы тилек бар. Ошол учурда  чет өлкөгө мигрант болуп кеткен жарандарыбыз кайтып келип, ар бир үй-бүлө чогуу бакубат  жашаса деп тилейм.

—      Сөз соңунда өзүңүздү кенен тааныштырып өтсөңүз?..

—      Өзүм жөнүндө айтчу болсом, ушул эле  Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айылында 1987-жылдын 22-мартында жарык дүйнөгө келгем.  2009 жылдан азыркы күнгө чейин Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын бир топ кызматында иштедим. 2019-жылдын 24-июлунан тарта  жетекчилик кызматты аркалоодомун. 1 кыз, 2 уулдун атасымын.

Булак: BULUT. KG