Момбеков: “Манас” деген арак чыкты. Эртең “Каныкей” деген коньяк чыгарат

Момбеков: “Манас” деген арак чыкты. Эртең “Каныкей” деген коньяк чыгарат

26.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттин «Манас» эпосуна болгон мамилесин сынга алды.

Ал учурда “Манас”, “Бакай” деген арак чыгып жатканын айтып, буга өкмөт тараптан эч кандай чара көрүлбөй жатканына токтолду.

“Кечээ Улуттук биринчи каналда “Мамлекеттин Манаска болгон мамилеси” деген телеберүү болду. Ага окумуштуулар, манасчылар, Жогорку Кеңештен мен катыштым. Бирок өкмөттөн бир дагы киши катышкан жок. Мына мамлекеттин Манаска болгон мамилеси. Ал берүүдө “Эмне үчүн “Манас” эпосу боюнча кабыл алынган мыйзам иштебейт?” деп өкмөттүн дарегине ачуу сындар айтылды. 2012-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов тарабынан беш жылдык улуттук программа кабыл алынтыптыр. Ошонун беш пайызы да ишке ашпаптыр. Анда мыйзамды эмнеге чыгардык? Биз Манасты коргой албай жатабыз. Эми эрегишкенсип “Бакай”, “Аккула” деген арак чыгарып жатыптыр. Эртең “Каныкей” деген коньяк чыгарат. Ушинтип отура беришибиз керекпи?“ – деди Момбеков.

“Манас” эпосу жөнүндө мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Ал иыйзам «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.

Булак:zaman.kg