Молдомуса Конгантиевдин ысымы көчөгө эмне үчүн ыйгарылды?
23.10.2019Бишкек шаарынын четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды. Бул туурасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун акиминин биринчи орун басары Эмил Чакибаев билдирди.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары «Конгантиевдин кайсы эмгеги үчүн көчөгө ысымы берилди?» — деген өңдүү талкуу жаратышкан.
Акимдин орун басары Чакибаевдин айтымында, өткөн жылы жергиликтүү жашоочулар чогулуш өткөрүп, көчөлөрдүн атын өзгөртүүнү суранышкан. Мындан улам Көк-Жар айылдык кеңеши 2018-жылдын 5-октябрында токтом чыгарган.
«Конуштагы көчөлөрдү ар ким ар кандай атап жүрөт. Негизи ал жерде көбүнчө милиционерлер жашайт. Буга байланыштуу көчөлөргө ИИМдин белгилүү генералдары Жусуп Акматов, Темиркан Субанов, Чыныбек Алиев жана Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылды. Конгантиев өзү кайрылып, атын берүүнү суранган эмес», — дейт өз сөзүндө Чакибаев.
Буга чейин аталган конуштагы көчөлөрдүн аты болгон эмес. Башкы план боюнча 1-көчө, 2-көчө деп ирети менен гана аталып калган.