Молдокасымов: кыргыз тарыхына 2200 эмес, 3000 жыл экени аныкталды
06.05.2019КР президентинин аппаратына караштуу «Мурас» коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов кытай окумуштуулары өз жазма булактарынан манжу доорундагы кыргыздарга тиешелүү 2800 беттен турган архивдик маалыматтар табылгандыгын президент Сооронбай Жээнбековго кабарлашканын айтты.
Өлкө башчысы былтыр Кытайга болгон иш сапарында кесиптеши Си Цзиньпинден кыргыз тарыхына тиешелүү архивдик материалдардан биздин окумуштуулардын пайдалануусуна көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн эле. Кытай тарап бул пикирди жакшы кабыл алган. Көп өтпөй Кытайдын окумуштуулары менен таанышып, баарлашып кайткам. Бул тууралуу Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, «Мурас» коомдук фондусу менен Кытайдын Мамлекеттик илимдер академиясынын тарых изилдөө институтунун ортосунда биргелешип изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзүлгөн.
Ал аталган табылга байыркы кытай тилинен толук которулуп бүткөндөн кийин коомчулукка жарыяланарын кошумчалады.
Булак: sputnik.kg