Миллионго бааланган олигарх
13.06.2019Миллионго бааланган олигарх
Фара Саперден тийиштүү маалыматтарды алган соң, өз бөлмөсүнө кайтып, болжолдуу план түзө баштады. Баары “камырдан кыл сууругандай” болуш керек. Алган маалыматына караганда олигарх оңой олжо эмес экенине көзү жетти. Фара бул шаардын “коён жатагына” чейин билчү. Өң келбетине жасаткан пластикалык операциясы аны таанылгыстай өзгөртүп койгон эле. Муну көргөн Сапер “изди жашырып кетүү иттен оңой турбайбы” деп ичинен мулуңдаган. Фара Олигархтын баскан-турганын акырын акмалап жүрмөк болду.
Арадан тез эле бир апта өтүп кетти. Шам “иштин” кечеңдегенине кабатыр боло, Фараны өзүнө чакырган. Ал Шамдын каардуу жүзүн көрүп, унчукпай креслодон орун алды. Учурашкан да жок. Жөн жай гана берилүүчү соболду күттү. Шам алдындагы тартмасынан пистолетти алып чыгып, столдун үстүнө коюп:
— Билесиңби, мен сени атып таштай аламын – деди.
— Шашпа, Шам, али убакыт бар… – Фара мыйыгынан күлө карады.
— Убакыт жок! Саат.. секунд анын пайдасына иштеп атат. Үч күндөн кийин аукцион өтөт. Дагы бир ири байлыкты ээрге бөктөрүп, Москвага тыз коёт. Сен экөөбүз “мыш” болуп калабыз, — деп купуя сырын төгүп жиберди.
— Өзүңдү кармачы, Шам. Бу олигархың баягы биз “жайлаган” төшүн жайып жүргөн коммерсант, же депутат эмес экен. Үй-жайы, иштеген жеринин коргону өзүнчө эле “Кытайдын чеби”. Охранасы жөн эле көлөкөсүндөй. Карыш жылсачы.
— Түшүндүм, Фара… Ал сенин проблемаң. Билесиң да, айттымбы аткарамын. Убада мындай: Бир “лимон” берем. Олигарх ошого татыктуу. Баарын чики-чики таза жаса!… – деди сөздү улантууну каалабагандай. Фара анын берешендигинин төркүнүн айттырбай түшүнүп турду. “Ишти бүтүрсөм миллионду аламын. А эгер аткара албай калсам, миллион да жок, өзүмдүн да күнүм бүткөнү” деп Шамдын “ат жүрүшүнө” ой калчады. Ал ортодогу сырды ачыкка чыгара:
— Тараза ташында же “лимон” же менин өмүрүм турган жокпу? — Шамды сынай тиктеди.
— Ал версияны эске алып койсоң да болот.
— Шам, бул эмне коркутуубу?!
— Жок… Мен жөн эле ставкаңды көтөрүп койдум. Сага жамандык кылдым беле? “Чыла” ишиңдин баарын жаап, колума көтөрүп келатам, эгер билсең… “Кожоюндан” качып чыккандан кийинки убада кана? Мен сенден суранып жатамын. –деди акырын басып келип, чачынан сылап. Фара анын кебез менен мууздагандай сөзүнө моюн сунуп, жоошуй түштү. Шам сөзүн улап:
— Олигарх шаардагы бирден бир кирешелүү ишкана болгон кийим тигүүчү фабриканы бир бизнесмен менен талашып ит мышык болуп атышат. Сот аукционго койду. А олигархтын акчасы көп. Тигини кулакка чаап утуп алат. Ушу моментте олигархты “жайласаң”, ким күнөлүү болот?
— Тиги бизнесмен…
— Оп, балли… Башың, баш экен го.
— Шам, эгер уксаң, сөзүмдү аягына чыгарайын.
— Кана, айт? – Шам жанатан берки каарданган жини кайткандай креслого кыңкайды.
— Бир жумадан бери мени жөн жүрдү дейсиңби. Олигархтын баскан-турганын бүт изилдеп чыктым. Кечээки партийный босс мечитке үзбөй келгени мени таң калтырды. Мечиттин дарбазасынан киргенде гана эркин жүрөт экен. Ушерден “жайласа”…
— Сен эмне жинди болдуңбу?! – деп Шам ордунан атып тура: — Ал жерди Кудайдын үйү дейт. Ыйык жер… Акылың жайындабы, Фара?!- деди да, тынчсыздангандай кайра отурду.
— Эми тамашага салып атса…
— Фара, бул тамаша эмес… Сөзүң бүттүбү?! Бошсуң!…
— Жо-жок… Мына.. –деп чөнтөгүнөн блокнотун алып чыгып: — Сапер экөөбүз баарын тактап чыктык. Саперди чакырайынбы? – деди эле, “Кереги жок” деген Шам Фарага “айта бер” дегендей кайрылды. Ал чарба ишинде болобу, башка иштеби жалгыз сүйлөшкөндү туура көрчү. Күбөсү жок сүйлөшү Шамдын башкы принциби болчу. Фара карандаш менен сызылган баракты көргөзүп:
— Олигархтын ишканасынан бир квартал бериде бүтө элек беш кабаттуу имарат бар экен. Ошол бешинчи кабаттан караса, мобу үч терезеден олигархтын “кулагы” көрүнүп атат. Саперден сурасам, мобу терезе-китепкана, мобусу – туалет экен. Ушу туалет ыңгайлуу. Бир аз алыс… Бирок тынч жер.
— Эми качан чычат деп күтүп отурасыңбы?
— Бу киши немистей так экенин байкадым.
— Партийное закалка, Фара…
— Ошондой окшойт. Ал жерге да убагында келет. Эми беш-он мүнөт ары бери. Шам, сен кабатыр болбо. Баары чики-чики болот.
— “Иш” бүткөндөн кийин, баары сен айткандай… Кандай келсең, дал ошондой жылт коёсуң… Сапер бүтүрөт. “Лимон” жакшы сумма, Фара…
Шамдан жадаган Назар
Кеч күүгүм киргенде Сапер полковник Муталибовду үйүнүн жанынан күтүп турду. Бүгүн сөзсүз жолугуш керек эле. Кечиксе бир шансты кетиргени турат. Шам менен болгон чырмалышкан байланыштын түйүнүн тымызын чечип, андан биротоло кол үзүү бүтүмүнө токтолгон. Мындай шартта полковникти пайдалануу ары ишенимдүү, ары коопсуз эле. Турат Муталибович машинасынан түшүп, баратып өзүн көздөй баскан караанды шектүү тиктеп туруп калды. Тиги жарыктан боюн жашыргандай, кетенчиктей:
— Саламатсызбы, Турат байке, — деди. Полковник үңүлө карап:-
— Назар, сенсиңби? Дагы эмне балакет болуп кетти?…- деди. Турат Муталибовичке капилет жолуккан эски таанышынын түрү суук көрүндү.
— Жөн жай эле, байке. Сизди жаңы кызмат ордуңуз менен куттуктап койсом дегем…
— Тапкан экенсиң куттуктай турган маалды… Эмне, дагы бирөөнүн шорун катырдыңбы?
— Жо-жок, байке… Иштериңиз жакшыбы? Айылга барып турасызбы? Кандай болуп калды экен? — Сапер полковникти жандай басып: — Көрүшпөгөндүгүбүзгө да көп болду го, байке, — деди.
— Качып-безип жүрсөң кантип көрүшөбүз? Айылды сагынгансың го. Эми ал жакка өлүм-житимге, той-топурга гана барбасак, айылга конок болуп калбадыкпы. Пенсияга чыккандан кийин жеңең экөөбүз биротоло айылдык бололу дедик эле. Фирмадан жакшы иш чыгып, кетпей калдык. Жыргап эле жүрөм. Баштагыдай күнү-түнү иштеп, кылмышкерлер менен кыл чайнаша күрөшмөй жок.. Өзүңчү.. өзүң кандайсың? Күрп болгон тооктой үңкүйөсүң да? Не дегиң келип турат, айт, айта бер? — деди полковник Сапердин сырын айттырбай билгендей.
— Эх, Турат байке.. Сизден сөз жашырып болбойт. Айтайын дегеним, маанилүү кабар бар, байке…- анан бир аз мукактана:- Сиздин шефиңиздин өмүрүнө коркунуч келип турат,- деп Сапер Муталибовду өзүнө тартып акырын шыбырады.
— Назар, кыларга иш таппай зеригип калгансың го…- деди полковник тигинин сөзүнө ишене бербей.
— Ымандай сырым, Турат байке… Олигарх бутада турат. “Тырс” этти бүттү дей бериң… Өлүп кетейин, байке. Ушул жолу ишениңиз…
— Ал неден жазды? Ким заказ кылды? — Турат Муталибович Саперго кайра суроону жаадырды.
— Айтпайм…
— Ким аткарат?
— Фара…
— Фархад Аббасов.. –деп полковник демин ичине терең тарта ойлонуп калды. Фаранын аты менен байланышкан иш болсо, кайдыгер кароого болбосун жакшы билер эле. Аббасовдун айлакерлигинен, профессионалдуулугунан күмөн санабоонун өзү түркөйлүк болчу. Муталибов Саперду колтуктай далдоо жайга тартып:
— Качан аткарылат?- деди.
— Эртең түштө…
— Муну эмне үчүн мага айтып жатасың? Братва билсе териңди тескери сыйрыйт го.
— Сизге ишенген үчүн айттым. Жададым байке… Бирөөгө кызмат кылгандан жададым. “Крайний” болгум келбейт.
— Шам, сени оңой менен коё бербейт. Анын колунан өлүгүң чыгарын билбейсиңби…
— Ошон үчүн сизге кайрылып жатамын да…
— Мине, мени өз тобуңа кошкуң келеби?.. Түшүнбөй калдым. Деги эмне дегиң келип турат?!
— Олигарх менен соодалашканы келдим. “Лимон” берсин. Эртеңки иштин картасын беремин. Аман калат…
— Алкымың укмуш экен.. Ал сен айтканга эле көнө бере турган киши эмес.
— Бул серьезный иш, Турат байке. “Лимон” ан үчүн эмне? Бир бүктөм кагаз да.. Жок десе анда иш чатак. Топтогон байлыгы бир пулга арзыбай калат.
— Ушуну менен эмнени каалап турасың?
— Акча колго тийсе, кетемин белгисиз жактарга, байке. Мен да элге окшоп бала-чака күтүп, турмуш кечиргим келет. Үй салып, дарак өстүргүм келет. Мен бул жерде инсан катары адамдардын арасында жүрө албасам, башка жактан баарын нөлдөн баштаймын. Ушу азыр да башымды тобокелге салып отурамын. Олигархты “жайласак” ал акыркысы болбойт. Эртең башкасынын “башын алыш” керек. Бирок, мунун да түгөнөр кези келет да. Ошол күндү күткүм келбейт, Турат байке. Айтыңыз, шефиңизге… көнсө көндү, көнбөсө — жанын жаннаттан буйрусун.
Сапердун сатып кетиши
Полковник Назардын өкүттүү сөзүн угуп жатып, анын эселек кезин эстеди. Курсагын чендейтип алып, топуракка оонап, эч нерседен бейкапар өткөргөн балалыгы көз алдына тартылды. Бу өмүр сапардын башаты бир көчөдөн башталган. Биринин үйү жолдун астында болсо, бирисиники үстүндө болчу. Турат Муталибович анын эң улуу эжеси менен бир класста окуган. Назардын атасы кең далылуу балбан киши эле. Улак болгон жерден деги эле сооруну жок кайтчу эмес. Чабандык кесипти аркалап тоо-ташта жүргөндүктөн жашыраак балдары райборбордогу мектеп-интернатында окуп калышты. Назар да ошол жерде окуусун уланткан. Ар айылдан келген балдар. Топтошуп алып мушташмай адат эле. Турат Муталибович райондук ички иштер бөлүмүндө жаңыдан иштеп жүргөн. Ошондо кечээки эле чендейген чыт курсак баланы алачкы ирет жазалган. Инттернаттагы балдардын шайкасын түзүп, айылдан райборборго түшкөн балдарды аялдамада бирден тоногон “эрдиги” үчүн лейтенант Турат Муталибовдон алгачкы ирет эскертүү алган. Анда ал “анын жаңылыштыгы го” деген кыязда жеңил жазалаган. “А балким ошондо катуу чара көрүп, кодулап койгондо Назар кылмыш дүйнөсүнө ооп кетпес беле” деп өзүн күнөөлөгөн күндөрү көп болгон. Азыр анын чын дилден кейиген түрүнө ынанып, кеч болсо да көмөгүн аябоону эп көрүп турду. “Адам болор” деди ичинен. Полковник саатына үңүлө карап, жанатан берки тунжураган тынчтыкты бузуп.
— Та-ак, серезный иш дечи?… – деди. Назар башын ийкеп койду.
— Бул түн сен үчүн да, мен үчүн да жооптуу экен. Артыңдан акмалагандар жокпу?
— Жок, байке…
— Ал баары бир Шамдан көрөт.
— Эми аны далилдөө кыйын.
— Азыр кайда барасың?
— Шам бильярд ойногонго өзүнө чакырган. Анда түнкү саат 2ге чейин болом го.
— Анда мындай: Мен азыр олигарх менен сүйлөшөмүн. Эки жарымда “Каракөз” түнкү барынын подвалында жолугушалы. Ошол жерден жообун айтамын… Эсиңе келгениң чын болсо экен… –деп полковник Муталибов үйүнө кирбей шашып жөнөдү.
Турат Муталибович жолдо баратып эле машинасын чакыртып, олигархтын соткасына телефон чалды.
— Тынчыңызды алган жокмунбу Азамат Кеңешович,- деди полковник.
— Жо-жок, Турат Муталибович, сизди кунт коюп угуп атам…
— Сизге жолугууга туура келүдө…
— Сөз жок, үйгө келе бериңиз. Күтөмүн…
Олигарх өзүнүн коопсуздук кызматынын башчысынын шашканын байкап, “Кайсыл бөлмөгө кирели?” дегендей алакан жая ишаарат кылды. Полковник анын иш бөлмөсүн көздөй басып, экөө киргенден кийин эшикти жаап:
— Убакыт тар, Азамат Кеңешович. Сөздүн ток этер жерин айтканда Сиздин өмүрүңүзгө кол салуу болгону турат…- деди энтиге.
— Кандайча?! – деп олигарх күтүүсүз кабарга чочугандай ордунан туруп ары бери баса баштады.
— Ишенимдүү маалымат бар… Бүгүн түнү анын алдын алышыбыз керек.
— Мен билем, ким заказ кылганын! Бул жанагы бизнесмен – сөрөй Шаамир Жарашбаевдин кылганы, — олигарх каардана колун кезеп: — Иттин гана баласы… – деди.
— Азамат Кеңешович, далил жок, эч кимди күнөөлөй албайбыз. Абалды курчутпайлы. Ачууга алдырбаңыз. Баары жакшы болот… – полковник жубата сүйлөдү. Турат Муталибовичти телмире тиктеген олигарх, бир аз ойлоно түшүп, эсине келгендей:
— Эмне кылышым керек? – деп суроолуу кадалды.
— Эң башкысы ушул сөздү экөөбүздөн башка эч ким укпасын. Азыр убакыт биз үчүн иштеп атат… Анан… анан Азамат Кеңешович маалымат берген тарап, бир миллион сурашууда.
— Бир мил-ли-он!.. – олигарх дагы ойго чөмүлө, жерди тиктеген калыбында: — Макул… Ошо баш кесерди буту-колун байлап алып келсин… Миллион ошолордон айлансын. –деди чечкиндүү карап. Полковник орундуу жооп алганына ыраазы боло ордунан туруп:
— Азамат Кеңешович, ушул мүнөттөн операцияны баштады дей бериңиз. Кабатыр болбоңуз. Түнү бою сизге маалымат берип турамын. Байланышты үзбөңүз.
— Албетте… албетте…
“Каракөз” түнкү бары чакан, бирок өз күйөрмандары көп жай эле. Ал шаардан оолак экенине карабастан таң атканча элдин аягы суюлчу эмес. Полковник үчүн ушул жай сүйлөшкөнгө ыңгайлуу болчу. Анткени, мында Шамдын жан-жөөкөрлөрү көп байыр албаган анча деле белгилүү деп эсептешпеген эс алуучу жайлардын бир эле. Муну Муталибов өтө жакшы билчү. Полковник пиводон ууртап, тегерегиндегилерге уурдана карап олтурду. Бири бильярддын кызыгына батса, башкалары компьютердик оюндун кумарынан чыга албай чап жабышкан жарганаттай экранды акмалашат. Болжогон убагынан бир аз кечигип Назар кирип келди. Жалмаңдап күлө карап теребелге көз чаптырып, полковниктин ишааратын туйгандай, тегереги тосулган орундукту көздөй басты. Көңүлү жайдары эле.
— Салам байке, кичине кечигип калдым, -дегенде анын кызуу экенин байкаган полковник, колун коё бербей:
— Массың го… “Бозонун сөзү бокко арзыбайт” болуп жүрбөсүн.
— Шамдын сыйын көрдүм, байке. Ал бул түнү менден шексинбей турган кылдым. Кабатыр болбоңуз. Өз сөзүмө жооп беремин. Эмне болду? Ишти сүйлөң…
— Мен аны көндүрдүм. Биз сага ишендик, эгерде убадаңдан качып, оюн көргөзсөң мени тирүүлөй көмгөнүң. Адам болом дегениңен бүт өмүрдү, тагдырды тобокелге салдым, иним. Анын тагдыры Фаранын колунда болсо, менин өмүрдү сайган ишимдин акыбети сенин убадаңа жараша. Сенин жалган айтканың, мени жайлаганың, иним. Ушуну түшүн…
— Турат байке, тууган адамбыз. Айтканымдан кайтпаймын. Мына… –деп олтурган жеринин пардасын тартып: — Бул Фаранын түзгөн схемасы. Биз ошол боюнча иштейбиз. Олигархтын ишканасынын түштүк тарабындагы бир квартал бери жакта бүтпөй калган беш кабат имарат бар экен. Ошонун бешинчи кабатынан караса, силердин офистин мобу терезелери, мунусу — туалеттики, тиги экөө китепкананын терезелери даана көрүнөт экен, -деп кагазды алдына жайып акырын түшүндүрүп жатты Назар: — Олигарх туалетке келгенде иш бүттү дей бериң. Фара мунун баарын бир жума акмалап изилдеп чыкты. Ага кулагы көрүнсө болду, тынчытат.
— Кызык экен… – полковник схеманы кылдат карап: — Ал жерге саат канчада барат?…
— Эртеге саат он бир жарымда ошол жерде болобуз. Фара курулуштун кароолчусунан уруксат сурап кирет. Кыскасы кароолчу колдо. А мен аны сыртта күтөмүн. “Иш” бүткөндөн кийин Фара ушул жакка кандай келсе, ошондой жеткирип коюшум керек. Менин бар болгон милдетим ушул.
— Түшүнүктүү… Киллерди кармадык дейли. А сен эмне кыласың? Качып кетесиңби?
— Жок, болбойт. Анда эле Шам мени соо койбойт. Мен да жабыр тарткандын бири болушум керек.
— Макул, сени ГАИ кармап кетет… Машинаңды туура эмес жерге токтоткон болосуң. Фара менен кезиктиргенде тааныбастыгыңды айт. Ага ашыкча күбөнүн кереги жок. Сага ыраазы болбосо, мага кел. Сени шектүү адам катары кечке кармап, чыгартып жиберем. Болобу?!
— Жарайт…
Назар чыгып кеткенден кийин, ал схеманы кайра кылдат карап чыгып, киллер Аббасов бекеринен бул жерди тандап албаганына көзү жетти. Чын эле ошол жерден офистин туалети менен китепканасы дап-даана көрүнөрүн билип турду. “Бул өтө сейрек кездешүүчү. Бирок киллер максатын орундатса, изин таппай турган шанс экен” деди полковник акыл калчап. Олигарх анда таптакыр кирбей коё турган жай эмес эле. Убактысынын көпчүлүк бөлүгүн китепканада өткөрчү. Киллер эмне үчүн туалетти тандады акылына сыйбай турду. “Макул дал ошол жерден куурчактын кулагы көрүнөт” деп схемадагы терезени ручкасы менен тегеректеп, уйку уялаган жүзүн ушалады. Саат түнкү үчтөн ооп бараткан. Мындагы күйөрмандардын кете турган түрү жок. Полковник бир сыйра ой жүгүртүп, тыянакка келген соң, эски коллегасы шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги подполковник Темирбек Курбановго телефон чалды. Байланыштыруучу добуш көп деле күттүргөн жок. Трубканы алган подполковник:
— Алло, угуп жатам, — деген үндү угуп:- Темике, уйкуңду бузуп койдум окшойт…- деди.
— Турат Муталибович, жети түндө телефон чалып калыпсың. Деги тынччылыкпы, — деп полковниктин үнүн жазбай тааныды.
— Тынччылык болсо, уйкуңу бузамынбы. Темике, бир легенда жаралганы туру… Кадимки Фархад Аббасов биздин айылга конок болуп келип калыптыр. Мен ага дасторкон даярдап жатам. Убактың болсо бирге даам сызышалы…
— Фархад дечи… Мен азыр башкармалыкка барып каламын, — деп трубканы койду. Полковник жөндөн жөн эле түн уйкусун бузбасын жакшы билген подполковник Курбанов маселени маалкатпай, “Темирди кызуусунда урууну” туура көрдү.
Подполковник Курбанов көп күттүргөн жок. Кучак жая жылуу маанайда учурашып, начальниктин бөлмөсүндө сөзүн улантышты.
Теңтуш катары тамашага “туз” сала тийишмей алар үчүн көнүмүш адатка айланганы качан. Кызматтын ысык-суугун бирдей көрүшкөн курдаштар.
— Желкемдин чуңкуру көрсүн дедиң эле, -деп подполковник кылмышкерлерди кармоочу жайды жаңсай сүйлөп, кытмыр жылмайды.
— Кесир сүйлөп койдумбу… Билбейм, айтор, кылмышкер-киллер так желкемде олтургансып туру…
— Да-аа, Фархат Аббасов гостролго келди дечи…
— Ошондой…
— Кимди бутага алып жатат?
— Албетте, Азамат Кеңешовичти да…
— Да-аа, бизнесмен – китти тандаган экен. Ортого от таштап, биздин башыбызды айланкысы келген го. Баса эртең аукцион болот да.
— Кандай аукцион?
— Азамат Кеңешович кийим тигүү фабрикасын талашып, соттошуп жатпады беле. Фабриканы сот аукционго койгон. А эмне сен уга элексинби?
— Мага айткан эмес. Андан калса ишке да толук үңүлүп кире элекмин. Да-аа… Демек…- деп Турат Муталибович бир аз ойлоно:- Демек, бул алардын аукциондун алдын ала болжогон амалы турбайбы. Да-аа… кылмышты бирөөнүн мойнуна илгиси келген экен да — полковник сыр түйүнүн чечкендей үн катты. Подполковник анын ишенимдүү жүзүнө тигиле:-
— А заказчик ким?- деди.
— Азырынча ачык айтыш кыйын…
— Түшүнүктүү… түшүнүктүү. –Экөөнүн тең дилинде шектүү адамдын аты дап-дайын турганы менен өз ара купуя калтырууну эп көрүштү.
— Анда эмесе, кандай пландар бар? Ишти эмнеден баштайбыз, Туке? – деди подполковник. Турат Муталибович начальниктин алдына кагазын жайып, Назардан уккан маалыматты кеңири баяндап берди. Жанатан бери кунт коё угуп олтурган подполковник Курбанов Муталибовду астейдил тиктеп:
— Фархат сен койгон куурчакты “жайласын” да куйругун түйүп кете бербейби. “Араба сынбады, өгүз өлбөдү” дегендей… – деди.
— Кандайча?
— Акыр аягы экөөбүз бутага айланып калбасак деген эле кооптонуу бу. Биз эмне, буга чейин Фараны кармаган жок белек? Эртең эле тиги жактан түрмөдөн “булт” этип чыгып, шылдыңдагансып сенин “корооңо таш ыргытышы” турган иш.
— Бу сапар кылмыштын үстүндө колго түшкөнү турат, Темике. А мурда далил жок эле. Көрөсүң, тарыхта каласың. Сенсация болот!!!
— Ушу сенсацияң жакпай турат… Иштин акыбети кайтпай теңирден тескери болуп келгенине бушайманмын, тек гана. Сен турганда Аббасовду кармаш “кемпир шабдаалы жегенчелик” кеп. Туурабы?… Колу-бутун кайрып, жеткиребиз барчу жерине… Бирок…
— Темике “Честь мундира” деп коёт…
— Ошо “честь мундира” деген нечен азаматтардан айрылдык, Туке. Аларды бир “жалаң төштөй” көрүштү го жогору жактагылар. Эмгегин баалаган эч ким жок. Эми муну түшүнөт деп сага айтып жатам. Милдет бизге жүктөлгөн соң аткарбаска не чара.
— Түшүнбөгөндө анан… Буйруса операция ойдогудай болсо, коркунучтуу кылмышкерди гана кармабастан, айрым бир адамдарга таалим да беребиз – деп Муталибов кептин төркүнүн ачык айтпай сөзүн улады: -Темике мага спецназдын балдарынан бер. Биз андан мурда барып позицияны ээлеп алышыбыз керек. Эгер туура көрсөң операцияны өзүм колго алайын. – деди. Ал Назар жөнүндө бир ооз сөз айтпай, аны жашырып алып чыгып кетүүнүн алдын алды. Подполковник Курбанов курдашынын сунушун кош колдоп кубаттады.
Сыртта супа салып таң атып баратты. Турат Муталибович бар болгон маалыматты Азамат Кеңешовичке билдирип, коопсуздук кызматына тийиштүү тапшырма дайындап, кызмат ордуна жөнөдү.