“Мигрант үнү” акциясы болду

“Мигрант үнү” акциясы болду

26.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

2019-жылдын 25-июнда Бишкек шаарындагы Горький паркында “Мигрант үнү” акциясы болду. Бул иш чара “Замандаш” саясий партиясы жана “Замандаш” коомдук фонду Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мигранттардын укугун коргогон саясий акциясы өттү. Партия мигранттар менен тыгыз иштешип, азыркыга чейин көмөктөшүп келгени менен мыйзам талаасында чечилчүү маселелер токтоп тургандыктан, мигранттардын өз оозунан айтылган көйгөйлөр Жогорку Кеңеште каралуусуна жол ачты. Бул иш чарага чет жерде жүргөн биздин журтташтар атайын чакырылып, көйгөйлүү делген маселелерди ачык айтып, ЖМК аркылуу мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө тезинен чечип берүү талабын коюшту жана “Балам ачка калбаш үчүн мигрантмын”, “Миграция үй-бүлөмдү талкалады”, “Биз үчүн качан иштейсиңер”, “Биз дагы шайлоого укугубуз бар”, “Жыргагандан кеткен жокбуз” деген чакырыктар ташталды. Ошондой эле, чет жерде жүргөн мекендештердин өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу үчүн 40 000ден ашык атайын кол топтолгонун билдиришти.

   Бул демилге, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов тарабынан көтөрүлуп ишке ашырылды. Бул иш чарага 600дөй адам катышып, ар бир айтылган маселени баштарынан кечирип жаткандарын айтып, канчалаган биздин журтташтар мекенинен сыртта жүрүп, ИДӨнүн 3/1 бөлүгүн кармап келет, “мигранттар өлкөбүздүн реалду инвестору”- деп айтып келгенибиз менен өздөрүнүн үй-бүлөсүндө социалдык көйгөйлөр күндөн-күнгө жаралууда. Кыргызстандын калкынын саны 6 млндон ашык болсо, анын ичинен бей расмий 1 млндон ашыгы чет өлкөдө баш калкалап келүүдө. Демек, калктын 3/1 бөлүгүн түзгөн биздин журтташтардын маселелери көңүл сыртында калбаш керек. Миграция агымы жылдан жылга көбөйгөн сайын социалдык көйгөйлөрдүн саны ошончо көп жана токтобой өсүүдө.

 Акцияга катышкан мекендештер:

Эльмира Эшанова,

Акбар Маразыков,

Акжол Келгенбаев,

Азамат Адылгазиев.

Кубанычбек Осмонбеков,

Толкунбай Акматов,

Байланыш телефону: 0509 71 00 06          

                                     0551 910 914       

Булак:Bulut.kg