Меңди Мамазаирова: ЖОЛОНДУ ЭПСИЗ СҮЙДҮМ…

Меңди Мамазаирова: ЖОЛОН ҮЧҮН ЫР ЖАЗУУДАН БАШ ТАРТКАМ

Бир нече китептердин автору, улуу акын Жолон Мамытовдун жубайы, элибиздин чыгаан кызы, көптөгөн  сыйлыктардын ээси,  КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, КР эл акыны Меңди Мамазаирова менен журналист Айбек Нур маектешти.

КӨРКӨМ ДҮЙНӨГӨ ӨЗ АТЫН ЖАЗАЛБАГАН АТАМ АЛЫП КЕЛДИ

Коңур-Жазым! Сенден алыс  күн көрүп,

Неге кеттим, Күн жыттанган койнуңдан?

Тикенегиң гүлдөй назик өңдөнүп

Сагыныпмын, жыттап турам мойнуңдан.

Көкүрөктө сүйүү болсо көлкүгөн,

Сенден алган жакшылгым деп жүрөм.

Коңур-Жазым, киндик каным төгүлгөн,

Ата-энемдин  куту сенде деп билем!

Улуу Ата Мекендик согуштун бир катаал күнүндө, так ушул коңур жазда,  айтылуу Ак-Буура дайрасынын боюнда, кекилик, чили  жоргологон, кашкулак, сууру ышкырган, булбулу бакта сайраган, эң кооз, абасы атыр жыттуу айылда жарыкчылыкка келиптирмин. Согуштан кийин, чарбаны калыбына келтирүү маалында биздин айыл алдыга озуп, анан ал айылга да, мектепке да «Озгур» деген ат берилет. Ошол «Озгур» атындагы 7 жылдык мектепти аяктадым. Мектептин чакан китепканасында окубаган китебим калган эмес.

Ош шаарында кыргыз кыздар жатак метеби ачылып калып, 10 жылдык билимди алып, Фрунзе шаарына билим издеп келип, Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетине өз күчүм менен сынактан өтүп кеттим.

Бала чактан койгон максатым, акын, жазуучу болуу. Көркөм дүйнөгө, өз атын гана жаза алган атам Мамазаир алып келди.. Атамдын оозунан жамак, жомок куюлуп, басса-турса кыңылдап ырдай берчү.

     Эээй, жети кыздын ичинде атың Шерип,

     Шерип тойго келиптир  ой, кашын керип.

     Ыктыярың, көңүлүң  менде болсо,

     Жүр экөөбүз кетели эй, ышкын терип!..

Бул ырды жаттап ырдай берчүмүн. Атам экөөбүз апаман көп тил уктук.

Жусуп менен Зулайка тууралуу да атамдан биринчи уккамын. Пайгамбарлар тууралуу аңыздарды, Сулайман тоонун баяндарын, «Жашыш, Байыш», «Эр Курманбек», «Аксаткын менен Кулмурза» сыяктуу элдик ооз эки чыгармалар менен өстүм.

Атам менен апам көп балалуу болушканы менен баары мертине берип, бешөөбүз калган экенбиз. Эжем эрте күйөөгө чыгып кетип, 4 уулдун арасында эрке, тежик, көк, жаанда жок шок  болуп өстүм. Бирок, эмгекчил экенмин. Оор жумуштар туш келчү. Согуштан кийин жашоо кыйын эле. Биздин үй-бүлө ачкалыктын азабын тартпадык. Кийин төрт уулдун бири кетип калды, көрсө согуш кезинде көчөдө калган бөтөн баланы тайнем бизге кошуп, асырап алган экен.

Замандын мыкты китебин сөзсүз окуңуз!

БАШКАГА КӨҢҮЛ БУРБАДЫМ

Качан гана башыма сүйүү сезими келгенде кескин токтолдум. 9-10-класстар болсо керек, Фрунзеде окуп жүргөн Жолон деген баладан кат алдым, бир урууданбыз. Ага жооп берген жокмун. 1960-жылы, Фрунзеге келип, студент болгондо гана катына жооп бердим. Анда да арабызда «сүйөм» деген сөз болгон эмес. Биздин жаңыдан бүчүр алган сезимибиз ата-энелерге билинип калат. Анткени, аны “үйлөн” десе, “күткөн кызым  бар” деп, менин атымды айтса керек. Алар башка бирөөгө кудаламак болот. Мени апам Ленинрадда 4-курста окуган бөлөсүнүн кайнисине сурабай-нетпей кудалап коёт. Жолон 5-курсту бүтүп, Ошко жөнөмөй болду. Апама убада берген боюнча анын мага жазган каттарын, сүрөттөрүн кайтарып бердим. Ал анткен жок… Ошко кетип, кызматчы болуп калды. Мен 3-курстун студентимин, андан кат-кабар үзүлбөдү. Мен да атымды атабай, кез-кез жооп берип коём. Ошондо чындап аны жактыраарымды билдим. Башка жигиттерге көңүл бурбадым. Жолондун каттарында ырлар кошо келет:

Кетесиңби, жүрөгүмдөн? Жакшы бар…

Мезгил бизди билиндирбей жат кылаар,

Кээде гана чөлдөн көргөн курмадай,

Сени эстесем сезимиде жаз тураар…

Оо жалгыздык, мынча жанга баттың сен,

Мени таштап кайда кеттиң бактым сен,

Жарым карыш чыкпас элем жаныңдан,

Кайсы күнү өчөөрүмдү так билсем.

Бизди эки жээкке канчалык бөлүшпөсүн, баары бир достордун жардамы менен 1963-жылы, 27-октябрда Жолон экөөбүз баш коштук.

ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫМ

Бактылуу элек… Үч уул, бир кыз таптык. Жолон жаш акындардын арасында эң таланттуулардын бири эле. Коомдо да белгилүү ишмер. Жаркылдаган, акактай таза  ырларды жазды. Эл анын ырларын сүйүп окуду, өзү да элге сүйкүмдүү болду…

Ооба, акынга тагдыр керек дешет. Андай тагдыр да келди.1988-жылы, өмүрлүк жолдошум Жолон Мамытов кандын  лейкозу деген илдеттен, Москвада көз жумду. Мен канаттары жетиле элек  4 бала  менен калдым. Орду толбос жоготуу… кайгы… ушак-айың… капкара түн… жалгыздык… 4 баланын тагдыры…  Баары башка келип, бир желкеге үйүлдү…

Эл арасында айтылып жүргөндөй, Жолон үчүн ыр жазуудан баш тарткам. Мына ушул маалда “Күйгөн катын кошокчу” дегендей, кайрадан ырга кол сундум.

Муңга батып, чаташкан курган башым,

Муунум зилдеп көлдөтөм көздүн жашын.

Өзүң сүйүп, кулпурган гүл эриним,

Өпкүлөдү мүрзөңдүн муздак ташын.

Өзүң сүйүп жыттачу чачтарымды,

Көрүстөндө шум шамал чачкылады.

Жалгыз койбой жаныңа жатайынчы,

Кабырынын эшигин ачкылачы?

Бирок кабыр эшиги бек жабылган,

Бир өмүргө жетерлик муң табылган.

Кызыл күйүт чырылдайт канды бойлоп,

Мээлеп алган жүрөктү ал чагылган! — Ушул ыр биз жашаган үй менен Ала-Арча көрүстөнүнүн ортосунда жүрүп, биринчи жазылды. Ошентип кайра, поэзияга кирип кеттим.

Ага чейин ондогон аңгемелерим, повесттерим,  айтылуу «Турумтай» романым өзүнчө китеп болуп, 5-6 китебим жарыкка чыгып калган. «Наристеге арналган хризантема» деген пьесам Ош областтык театрда коюлуп, айрыкча жаштарга белгилүү боло баштагам. Канатым кайрылып, жан жолдоштон айрылып отуруп калдым. Эң өксүгөн, кемиген кунүм 7-март болуп калды.

Андан соң, 2011-жылы 28-ноябрда Жолонго куюп койгондой окшош, ак көңүл, шайыр уулум Уландан ажырадым… Артындай аймончоктой балдары калды. Ошого каниет кылам.

ЖОЛОНДУ ЭПСИЗ СҮЙДҮМ

Сүйүү деген эмне? Менимче сүйүү өмүрдүн маңызын түзөт. Сүйүүсүз жашоо — суу жүрбөгөн кургак кудук сымал. Улуу сүйүүнүн шарапаты менен не деген эрдиктер жасалбаган. Буга тарых далал.

Мен Жолонду эпсиз сүйдүм. Анын мага арнаган ажайып ырлары бар…

Көңүл чөктү… Же бир жазган катың жок,

Көңүлүңөн чыксам катуу кыйналам.

Ай талаада таянары такыр жок,

Жаш балдай үйүн эстеп ыйлаган… — жакында эле Жолондун кол жазмасы менен жазылган бул катты таап алдым.

«Кол тийе элек көркөмүңдөн сүрдөймүн,

Көрбөй туруп, кирпигимди ирмеймин.

Билем күндүн чыгыш жактан чыгаарын,

Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин… — деген сымак алтынга бергис саптары жашайт жүрөгүмдө.

«Сени тапкам күз маалында, мен сени көбүрөөк сүйөм» дечү. «Жо-ок, мен сени сүйгөм, эки жолу кудалаган жерди буздум» деп мен айтам. Жаш балдардай талаша кетчүбүз. Сүйүү –бар! Мен ага кезиккем! Ал сүйүү түбөлүккө жүрөгүмдө жашай берет…

Булак: Bulut.kg