Марлен Маматалиев:  Өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда

Марлен Маматалиев: Өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда

02.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Жогорку Кеңеште элим-жерим, мекеним деген депутаттар бир ууч экени жашыруун эмес. Ошол мекенчил депутаттардын катарын Марлен Маматалиев толуктайт.

Ата журтум дегенде ичкен ашын жерге коёт. Жардам сурагандарга, өзүнө муктаж болуп кайрылгандарга кайдыгер карабай кол сунат, башка өлкөдө  эмгек мигрант болуп жүргөн жаштарга өтө көңүл бөлөт, баса белгилей кете турганы өз каражатынан окууга дилгир улан-кыздарды чет өлкөгө окууга жиберет. Бул да болсо, Марлен мырзанын билимдүү жаштарыбыз көбөйсө, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшө чоң салым кошот деген терең ишеними.

  • Марлен мырза, чет өлкөгө өз каражатыңыздан жаштарды окууга жиберип жатасыз… Бул кадамыңызды шайлоого даярдык катары пиар дегендер да бар. Сиздин жообуңуз?..
  • Ар ким  өзүнүн оюн айтууга акылуу. Бирок, менин жаштарга берген жардамымды шайлоо менен аралаштыруунун кажети жок. Өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда экенине терең ишенем. Ошондуктан чет жерде мигрант болуп иштеп жүргөн жаштарга көбүрөөк көңүл бөлөм.
  • Себеби...
  • Себеби, мен чет өлкөдөн бир аз окудум.  Чет жерди көргөн адам катары мигранттарга болгон сыйым жогору. Башка өлкө ал башка кеп. Миң жолу жакшы акча тапсаң да, жомоктогудай жашасаң да сен ал жерде мусаапырсың. Бирөөнүн эли-жеринде сен чоочунсуң! 

       Ошондуктан мен чет жерде мигрант болуп, окусам терең билим алсам деген жаштарды ар тараптуу колдоп жатам.

  • Колдоонун артында жеке кызыкчылык жокпу?
  • Илим-билимге умтулган дилгир, зирек, дээринде бар жаштарды колдоодо менин жеке кызыкчылыгым жок. Бул камкордуктун максаты өзүмдүн эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюудамын.
  • Кандайча…
  • Чет өлкөгө окууга барам деген жигитпи же кызбы, биздин шарттарыбызды аткаруусу керек. Чет жерден билим алып, бир кесиптин ээси болуп келген атуул өз мекенибизде канча бир жыл үйрөнүп келген билим-тажрыйбасын өз мекенибизге сарптоосу шарт. Биз окууга бара жаткан жаштарга ушундай талап-милдет коёбуз. Бул да болсо Кыргызстаныбыздын келечегине кошкон аз да болсо салымым деп билем. Билимдүү кадрлардын көбөйүүсү мамлекетке пайда алып келет.
  • Элибиздин көп бөлүгү мигрант болуп мүмкүнчүлүгүнө жараша ар өлкөдө жүрөт. Бул мамлекетке кесирин тийгизет деген пикирлерге кошуласызбы?
  • Мамлекетибиз алсыз болуп, элибиз өзүн өзү багып жатканы жашыруун эмес. Ар өлкөдө мигрант болуп, үй-бүлөсүн багып жатканы гана эмес, мамлекетке да салым кошуп жаткандарына рахмат айтуубуз керек. Мен атайын Арменияга  барып келгем, анткени Арменияны мигранттардын борбору деп койсок болот. Алардын үч миллиондой жараны Россияда мигрант болсо, Америкада үч миллион, дагы бир-эки миллиону дүйнө жүзүндө. Армениянын өзүндө үч миллион эле эл жашайт. Мигрант болуп бутуна туруп кеткен Армениянын жарандары мамлекетине жардам иретинде мектеп куруп, чет өлкөлөргө жаштарын бекер окууга жиберип турушат экен. Керек болсо, өздөрү мигрант болуп жүргөн мамлекетте окуу жайларды ачып коюшуптур. Ушундан улам биз мигранттарды мамлекетке эң чоң пайда алып келүүчү донорлор деп койсок болот.
  • Сизди жардам сурап кайрылгандардын баарына жардам берет дешет…
  • Мен жардам сурап кайрылгандардын баарына колумдан келишинче кол кабыш кылганга аракет жасайм. “ Жардам берген жакшы, жашыруун жардам берген андан да жакшы” деген принципти колдоном. Менин жасаган жакшылыктарымды, жардам алган адам жарыялабаса көбүнчө жашыруун калат. Купуя болгонун жактырам. Шариятта деле “оң колуң бергенди сол колуң билбесин” деп айтылат эмеспи.  
  • Мигрант жаштарды гана окууга жиберүү оюңузда барбы?
  • Жок. Буюрса, колунда жок, жашоо-шарты оор, бирок, окусам деген жаштарга шарт түзүү үчүн аракеттенип жатабыз.
  • Ырчы бала тарбиялап жатат деп уктум эле. Өзүңүздү продюсерлик жактан сынап көрөйүн дегенсиз го
  • Жок, ал мындайча болду. Чет өлкөгө барган иш сапарымда бир жаш жигит менен таанышып калдым. Кыргызстанга барып ырдасам деген тилегин билдирди. Мигрант болуп, айласыздан иштеп жүрөрүн да кошумчалады. Мен ошол жерден эле өлкөгө келсе мага жолукса  жардам береримди айттым.

Көп өтпөй ал жигит мекенге келди. Ырдап сахнага чыгуу үчүн аракет жасап жатат. Ыр жазганга, клип тартканга жана башка чыгымдарына жардам бердим. Буюрса, сахнадан өзүн сынап көрмөкчү.

  • Депутат болгондон бери жазган мыйзамдарыңыздын саны канчага жетти?
  • Ондой мыйзам жазып чыктым. Ошол мыйзамдардын баары эл-жер, мамлекет үчүн, жеке кызыкчылык жок.
  • Туризм жаатында да сунуштарыңыз бар эле
  • Ооба. Ал сунушубуз өтүп, туристтерди карачу департамент быйыл жакшы иштерди алып барды.
  • Ошондой департаменттер керекпи…
  • Өнүккөн өлкөлөрдө туристтерди карай турган департаменттер бар. Мисалы, туристтер биздин өлкөгө келүү үчүн ар тараптуу байкоо жүргүзөт да. Туристтердин коопсуздугун караган уюм барбы деп карашат.
  • Туризмди өнүктүрүүгө кандай пландарыңыз бар?
  • Кыргызстаныбыз өтө уникалдуу өлкө. Кооз жаратылышыбыз бар. Эми туристтердин келүүсүнө жакшылап шарт түзүп алсак, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошмок. Биздин өлкөгө келүүчү ар бир туристке маалымат жеткизүү үчүн жаштар атайын менин идеямды колдоп иштеп жатышат. Маалыматтар электрондук форматта жана заманбап кагаз түрүндө жасалып жатат.
  • Ал маалыматтар туристтерге сатылабы?
  • Жок.  Ар бир туристке бекер берилип турат. Анын ичинде толук бардык маалыматтар бар. Кыргызстандын бүт аймактарындагы кооз жерлерин камтышты.  Кайсыл аймакка кантип барат, транспорт маселеси, жол акысы — баары такталып жазып коюлду. Андан сырткары кайсыл жерде кандай конок үйлөрү бар, баалары, шарттары кандай… Кыскасы өлкөбүздө ажайып кооз деген аймактардын баарын камтууга аракет жасадык. Туристтерге да көз талдырган кооз жерлерибиздин дээрлик баарын көрүүгө шарт түздүк десем болот.
  • Сиздин бул аракетиңиз өкмөт тарабынан кандайдыр колдоого алындыбы?
  • Өкмөт “Мегаком” аркылуу сунушумду  колдоп, азыр ошол ишкерлер долбоорду масштабдуу жасап, массалык түрдө чыгарууга даярдашууда. Жогоруда айтылгандай, өлкөгө келген ар бир туристке бекер электрондук вариантта жана кагаз түрүндө маалымат берилет.