Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаты: “ Эненин мээрими аркылуу жашоодо тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт”
07.07.2021–Марлен Абдырахманович, айтыңызчы тарбия башаты кайдан башталат…
–Тарбия башаты – ата-эне. Ата сырткы тон, эне ички тон дегендей, айрыкча тарбия энеде, эненин көкүрөгүндө, дилинде, тилинде. Үй-бүлөдө калыптанган адаттар адамда өмүр бою сакталат. Балага тарбияны ата-энеден таасирдүү эч ким үйрөтө албайт, бала көргөнүн жасайт, бала үчүн эң оболу ата-эне үлгү. Ата-энебиз биздин тарбиябызга, билимге, ыймандуулукка көп көңүл буруп, тазалыкка, чындыкка үндөчү. Кичинекейимде атам катуу тартипте тарбиялаган. Анча-мынча сырларды апам аркылуу атама жеткирчүбүз. Азыркыга чейин ата-энебизди карап түздөнүп, үлгү алып келебиз.
–Эненин ак сүтүн актоо кыйын. Ошентсе да апаңызды ыраазы кылуу үчүн эмнени адатка айланткансыз?
–Адам болуу эненин тарбиясынан деген кеп тегин жерден чыкпаптыр. Бизди тарбиялап, адам кылуу үчүн апабыздын канча чачы агарды экен, агарган чачынын ар бир талында биздин салымыбыз бар. Кээде апакемдин бир түндүк уйкусу үчүн эмне бере алдым экен деп ойлоном. Апамды ыраазы кылуу үчүн максималдуу түрдө аракетимди жумшап, ар күн сайын сүйүнткөнгө, кубантканга, жакшы нерселерди жасаганга далалаттанам.Балдарымды дагы чоң энесин жакшы көрсүн, уксун, ошолорду сүйүнтсүн деп тарбиялайм.

–Эркек бала энесиндей жар издейт дегенге кошуласызбы?
–Бул чындык, муну баары эле сезсе керек. Албетте, окшоштугун издеп, тандаганда да апаңдын мүнөзүнө басым жасалат экен. Жубайым үйдө апамдын тамагындай тамак жасай алат бекен, кийимдеримди апамдай жууп, үтүктөйт бекен деп карап, айтор турмушуңдагы көнүп калган жашоону улап кете турган жубай издейт окшобойбузбу… Туура, кайсы жерде болбосун көйгөйүңдөн ийгилигиңе чейин энең менен жубайың коштоп, кандай болбосун көтөрүп турат десем жаңылышпайм.
–Ата болуп ата-энеңиздин эмнесин түшүндүңүз?

–“Балам балалуу болгондо билесиң”– деген кыргыздын сөзүнө өзүм балалуу болгонумда ынанып, атамдын бир мааракесинде ушул сөздү айтканмын. Кичине чоңойгондо өзүм билемдикке сала берчү элек, балалуу болгондо көп нерсени түшүнөт экенсиң. Өзүң ата болгондо ата-эненин мээрими, сүйүүсү менен кошо түйшүгүн түшүнөт экенсиң. Турмушта мен көрбөгөн нерсени балам көрсүн деген ата-эненин изги тилегин, ниетин, максатын түшүнөт экенсиң. Бир түн эле ыйлап чыккан баланы караганда көп нерсе көз алдыңа тартылат. Бала ооруганда жүрөгүң кошо ооруганын керт башыңдан өткөрөсүң. Кыскасы, табигат да ата-эненин кадырын, баланын таттуулугун сездирип, туйдуруш үчүн ата-эне болууну буйруган экен да деген ой келет.

–Энелер майрамына карата энелерге каалоо-тилегиңизди уксак…
– Реалдуу турмушта энелердин көп убактысы балага арналат. Ата үйдүн ээси, кожоюну, үй-бүлөнүн негиздөөчүсү, бул талашсыз. Ал эми энелердин орду башка. Бардык жүктү мойнуна алып көтөрүп жүргөн энелерге таазим! Азыркы заманда эркектерден кем калышпай аялдар да иштеп, ага карабай балдарды карап, үй оокатын жасап баарына жетишет, энелерде, аялдарда Кудай берген күч-кубат бар. Жалпак тил менен айтканда, энелердин батарейкасы эч түгөнбөйт экен. Исламда Пайгамбарларыбыз өзү сыйлаган жолдо энелерибизге сый-урмат менен мамиле кылып, жакшылык жасайлы. Европанын салтын кабыл алып, апаларыбызды карылар үйүнө же башка жакка таштабай, сенсиребей сиз деп сылык мамиле жасап, керек болсо төбөбүзгө көтөрүп жүрөлү. Мухаммед(С.А.В.) пайгамбарыбыздан “кимге жакшылык кылайын» деп сураганда: “биринчи энеңе, андан кийин энеңе, андан кийин да энеңе, анан атаңа жакшылык кыл” –деп айткан экен. Бейиштин жолу ата-эненин ыраазычылыгында , ар бир бала ата-энебизди ыраазы кылууга ашыгалы. Эненин мээрими аркылуу жашоодо тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт. Энелерге бекем ден соолук, жаркын маанай каалайм! Ар бир күн энелерибизге бакыт жана кубаныч тартууласын!
Ж.Калдарова
BUIUT.KG