«Манас» аэропортунда жооптуу кызматкерлер 135,6 млн. сом жоготкону аныкталды

Башкы прокуратура менен Транспорт прокуратурасы биргеликте «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын туундуу компаниясы бюджетке 139,6 миллион сом зыян келтиргенин аныкталгандыгын башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Буга ылайык, «Манас Менеджмент Компани» жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик «Г. Э.» компаниясына эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуу үчүн атайын түзүлгөн туруктуу схема менен жеңилдиктер мыйзамсыз берилген.

«Эл аралык каттамдар боюнча учкан учактардын жүктөрүн тейлөө үчүн бир тонна жүккө 60 доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген тариф белгиленген. Ал эми ушул сыяктуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн башка компанияларга 95 евро өлчөмүндөгү тариф каралган. Мыйзамсыз берилген жеңилдиктен натыйжасында 2018-жылдын 1-январынан ушул жылдын 1-ноябрына чейин чет элдик «Г. Э.» компаниясына «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын пайдасына 1 миллион 789 миң 726 доллар же 139 миллион 598 миң 681 сом төлөм түшпөй калган», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын жана «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдарына Жазык кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.