Мамлекеттик кызматкерлер дааратканада орун талашып, мушташты
13.06.2019Чыгыш Казакстан облусунда мамлекеттик кызматкер айым дааратканада орун талашып, мушташкандыгы үчүн жаза алды. Бул тууралуу zakon.kz кабарлады.
Маалыматка ылайык облустун бир районунун тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы этикага туура келбеген жүрүм-туруму үчүн жазаланды.
Бүгүн Казакстандын мамлекеттик кызмат иштери жана коррупцияга каршы агентигинин жыйынында адаттан тыш иш каралды. Анда мамлекеттик кызматкер айым мекемеде бирге иштеген жаран менен дааратканада орун талашып, мушташа кеткен окуясы талкууланды.
Дааратканада орун талашкан айымдар адегенде айтышып кийин катуу мушташа кетишкен. Бул жаңжалдын аягында бири жабыркап, полиция чакыртууга туура келген. Ызы-чуу боюнча тартип сактоо органдары протокол түзүп, административдик айып салынды.
Ал эми Этика боюнча кеңиштин мүчөлөрү аткаминерди кызматынан төмөндөтүү чечимин кабыл алышты.
Булак:barometr.kg