Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет
20.09.2019Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министрМухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул документтер мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ролун күчөтүүгө багытталган.
Учурда аталган фонд иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт.
«Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайрадан уюштуруу, жоюу, башкаруу органдарынын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын конкреттештирүү, мамлекеттик органдардын мүлктүк абалын деталдаштырууну жөнгө салууга багытталган.
Кабыл алынган мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун алкагында мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиялык планы иштелип чыккан жана бекитилген. Анын негизинде ар бир жылдын бюджети иштелип чыккан.
Мындан тышкары мамлекеттик ишканаларда финансылык дисциплинаны күчөткөн, мамлекеттик мүлктү үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган, жетекчинин мамлекеттик ишкананын түзүүчүсүнүн алдында көзөмөлдө болуусун жана отчет берүүсүн белгилеген бир катар ченемдер киргизилген»,- деп айтылат маалыматта.
Булак:zaman.kg