Малик Осмонов КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорт чебери: “Тазабек Икрамов, бир сөздүү мекенчил инсан”

Малик Осмонов КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорт чебери: “Тазабек Икрамов, бир сөздүү мекенчил инсан”

14.05.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Баатырды алыстан ук, жанына барсан бир киши”- дегендей, Малик Осмоновду же болбосо “Малик палван” каймана аты менен атпай журтубузга таанымал болгон балбанды сыртынан тааныганым менен жакындан таанычу эмесмин. Жакында бир жакшылыкта таанышып калдым. Дүйнө таанымы кенен инсан экен. Өлкөбүздө болуп жаткан саясий айдыңдагы, маданият тармагындагы, спорт жаатындагы жетишкендиктер жана кемчиликтер жөнүндө кенен кеп салып олтурду. Маек учурунда Тазабек Икрамов да көз алдымда чоңойду деп депутат тууралу кыскача кеп кошо кетти. Ошол жерде мен учурдан пайдаланып, учурдун хит депутатына айланып жаткан Тазабек Икрамов жөнүндө кенен айтып берүүсүн сурандым. Малик Осмоновдун маегин өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

  • Малик агай, Тазабек Икрамовичти жакындан көп жылдан бери билем дедиңиз, учурда депутаттын аткарган иштери сүйлөгөн сөздөрү жөнүндө коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда, жеке сиздин көз карашыңыз кандай?
  • Азыркы мезгилде социалдык тармактарда көбүнчө Тазабек Икрамов  боюнча талкуу жүрүп жатат, ошого мен Тазабекти жаш кезинен билген, көз алдымда чоңойгон жигитти аны тарбиялаган машыктыручусу катары,  өз оюмду айткым келип жатат. Жүрүш турушу  боюнча айтчу болсом, мекенчил жигит. Бир сөздүү, айткан сөзүн жерге таштабаган инсан. Кыл чайнаша келгенде ал өзүнүн дайыма лидерлигин көрсөтөт

          Талкууга алынганы жөнүндө айта  турган болсом, кепти алыстан баштагым келип турат. Кээ бир адамдар бар куюлуштуруп, импровизация менен сүйлөшөт. Ошондо сүйлөгөн сөзүнүн ичинде мааниси жок болсо, аларды “макилдак” же “мамадана” деп коюшат. Ал эми  кээ бир инсандар бар алар, макал-лакаптарды кошуп, куюлуштуруп сөз сүйлөшөт.  Бирок, кооз сөздөрүнүн ичинде мааниси жок болсо, аларды бабыраган “бабыр” деп коюшат. Ал эми ошонун айланасында улуу сөз бар чечендик деген. Чечендик деген “чечет” деген сөздөн алынган. Бир маселени чечен болуп, сүйлөп гана койбой чече билген адамды чечен дешет. Чечен адам, мурду менен сүйлөп,  кекечтенип сүйлөшү ыктымал, тили Р тамгасына келбей, чүчүк болушу  да мүмкүн. Бирок, ал маселени чече билсе. Эл таламын талаша алса, эл жерин сүйсө мекенчил болсо, кемчилик  менен сүйлөгөн чечендерди ата-бабаларыбыз сыйлай билишкен.  Мен Тазабек Икрамовичти чечендерге теңегим келген жок.

      Тарых барактарына кайрыла турган болсок, пролетариаттардын улуу жол башчысы, Владимир Ильич Лениндин сөзүндө орусча айтканда дефект кыргызчасы кемчилдик болгон. Улуу жол башчыбыз Р тамгасын айта алган эмес, улуу даанышман өмүр бою Р тамгасын айта албай дүйнөдөн өткөн. Бирок аны сүйгөн эл, эч качан ага сын бере албады. Экинчи Иосиф Виссарионович Сталинулуу империянын падышасы, грузин улутунан болгон  анын грузинче акценти бар эле, кырк пайыз орус сөзүн туура эмес сүйлөчү. Мы дегенди ми деп, вы деген сөздү ви деп айтчу. Бирок эч ким аны сынга ала албады жана сынга ала албайт да болчу. Мен Тазабек Икрамовду бул эки улуу жол башчыга теңеп жаткан жерим жок. Болгону ар бир инсанда кечиримдүү каталар катталышы мүмкүн деген сөздү туюнткум келип жатат.  Кемчилдикти сындаш эмес, кемчилиги бар адамга жардам бериш керек. Ал эми  Тазабектин сүйлөөсүндө тыбыштан ката кетип жатат. Сөздүн маанисинен ката кеткен жок. Ошондуктан мен анын бул каталыктарын, ката деп деле эсептебейм.

  • Улуу жол башчыларды мисал келтирип эмне айткыңыз келди. Аягын табышмактантып койгондой болдуңуз?..

-Улуу жол башчылар сыңары эле менимче, Тазабекте да табигый кемчилдик бар. Бул кемчиликтер толкундоодон болот, катуу жоопкерчиликтен болот.

       Эгерде, бирөөнүн кемчилдиги болсо, табигый кемчилдиги, кемчилдикти жоюга колдон келишинче жардам берүү керек. Ошондуктан мен замандаштарыма кайрылат элем. Мындай нерселерди кыргызчылык кылып, түшүнүү менен кабыл алсак жакшы болор эле.

  • Ошондо депуттардын кемчилдигин сындоо туура эмес деген ойдосузбу?
  • Депутаттар элдин балдары.  Эл өздөрү шайлаган тапшырма берген депутаттарын кандай сындаса өздөрү билет. Сындаганга акысы бар. Демократиялык мамлекеттерде сын айтуу закон ченемдүү көрүнүш. Депутаттарды, мамчиновниктерди эл сындап, таразалап турушу керек. Бирок ар нерсе өз орду ченеми менен болсо дейм. Мен депутат болобу, катардагы инсанбы табигый кемчилдигине сын айтпасак деген көз карашымды билдиргим келет.
  •  Деги эле,  Тазабек Икрамовдун билим берүүнүн отличнигин алуусуна оюңуз кандай, туура баа берилгенби?..
  • Менимче, туура эле баа берилген. Тазабек Икрамов спорттун чебери. Бул чыныгы педагог . Турмуштан эле мисал келтирчү болсок… Ашынган тентек, кеп укпас, тентектигинен  ата-энесинин да тилин укпаган балдар болот. Ушундай тентек балдарды Тазабек  залга апкелип, машыктырып, адамгерчиликке үйрөттү, бирөөнү сыйлоого үйрөттү. Ошол тентек жаш жеткинчектердин көпчүлүгүн эл жерге күйгөн, мекенчил кылып тарбиялап чыгарды.  Учурда, “тентек балдар”, табиялуу мекенчил жаштар болуп жетилип, мамлекеттин көп тармактарында иштеп мекенибизге пайдасын тийгизип жатышат. Мына Тазабектин эмгеги, мугалимдик тарбиясы. Тренер деле мугалим деген маанини түшүндүрөт. Балдарды тарбиялап гана тим болбой, спорт жаатына көп салымын кошуп, спортчуларга материалды жана моралдык жардам берип келгенин спортчулар жакшы билишет.

   Көпчүлүк замандаштар ойлойт окшойт, мугалим мектептеби, ЖОЖдо жана башка жерде көп жыл сабак берсе гана билим берүүнүн мыктысы боло алат деп. Менин жеке пикиримде мисалы математикадан же башка сабактан окутуп, бирок балага татыктуу тарбия бере албай келечегине жакшылап фундамент кура албаса ал мугалимдин эмнеси педагог. Ошондуктан дене тарбия мугалими, тренер да балдарга татыктуу тарбия берсе, билим берүүнүн мыктысын алууга татыктуу экенин билүүбүз зарыл.  

Гүлбийке Чолпонова