Малика Дина: «Арыз-муңун айткандар булар сынчылар”
14.10.2019КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулованын кызы Малика Дина Инстаграмм баракчасына ар кандай ракурста түшкөн сүрөттөрүн жүктөп философиялык ой толгоосун жазды.
Ал сүрөттөрүн жүктөп, төмөнкүдөй пикирин жазды:
“Эч качан арыз-муңуңарды айтпагыла. Сиздин күчтүү, энергиялуу, шаттыкка толгон инсан катары оң жагынан гана билиши керек. Арзы-муңун айткандар булар сынчылар, алар ар дайым терс жактарын издеп келишет. Мындай адамдар элдерди үркүтүшөт жана чанда гана ийгиликтерге жетишет. Психологиялык көз караш менен караганда бардыгы эки жолу жаралат: биринчи аң сезиминде андан соң чыныгы көрүнүштө. Оң гана жакка токтолуңуз. Бакытка жетүүдөгү белгиленген жолуңузду бирөө жарым бузуп, кайрып кетпеси үчүн ички дүйнөңүздө бекем болуңуз. Сиз эмнени каалайсыз, ошол жөнүндө элестетип жана ага терең ишеничте болуңуз. Ал сөзсүз түрдө ишке ашат”, – деп билдирүү жазды.

Булак: Заман.кж