Макстын табышмактуу өлүмү
18.06.2019М
Шам Макстын сүрөтүн тиктеп олтуруп, денебоюн чымыраткан өкүттүү элеске кабылды. Кантсе да акыреттик досу эмес беле. Максат илбирстей шамдагай, шар жигит эле. Ишенчектиги өзүнө душман болдубу, айтор, барымтадагы кызды бошотомун деп киши колдуу болгон. Эмне үчүн анда жалгыз барды ушу күнгө чейин табышмак. Тээ зонадан бери жарты нанын тең бөлүшүп, өбөк-жөлөк болуп келген досунун айтылбай, чечилбей калган сыры ушул болду. Өзү менен кошо ала кетти. Болбосо эч сыр жашырышчу эмес. Ит аткандай өлүгүн талаага таштап кеткенин эстегенде, жайын таппай жашып-жашып алар эле, Шам. Ким өлтүрдү?.. Ушул собол жүрөк өйүгөн айыккыс жарат болуп келет.
Шаамир менен Максат абактан чыкканда СССР туш тушунан ыдырап, ар ким өз арбайын тартып, бар тапкандын баары базарда сатылып, адамдын абийири, акчанын куну кетип турган учур эле. Экөөнүн тең барар жери бапырап тосуп албасына көзү жетишкен соң, азырынча бирге турууну эп көрүштү. Тартиби катуу ири держава кулаганы “мурдун кессе” муюбаган турмуш шарданына бат эле аралашып кетишти. Шамдын капчыгайга каткан “казынасы” былк этпей сакталганына Макс таңданганын жашырбады. Алтын, күмүш буюмдарын Ташкентке алып барып сатышып, бар топтогон акчасына шаардын четинен чакан үй сатып алышты. Сүйүнүчкө чек жок эле. “Өз үй, өлөң төшөгүм” дегендей каалагандай жатып, каалаганда турган камырабас күндөр өтө берди. Базарда жүргөн селсаяктар менен тез эле тил табышып, өз чөлкөмүндө өз мыйзамдарын киргизе башташты. Урушкан жерде урушту, талашкан жерде талашты. Канткен менен Шамдын үстөмдүгү байкалып турар эле.
Алар бул үйдө жашаганына көп болгону менен чарбагын, короосун кенен таанып билише элек болчу. Макс үйдүн чатырына чыгып не түркүн китеп, журналдарды көрүп, өзүнчө эле китепканага киргендей кызыгуусу артты. Бир сандык толо жалаң Лениндин томдору. Бүгүн эле сатып келгендей жаңы. Мурунку кожоюндун китепкөй экенин аңдады. Макс Лениндин чыгармасынан бирди колуна алып:
— Шам, китеп окугуң келеби? – деди.
— Эмне, мударис болоюн деп атасыңбы?.. — ал анын колундагы китепке кайдыгер карады.
— Чатырдын ичи толо китеп экен. Эмне кылалы?.. Макулатурага өткөрүп жиберелиби?..
Шам китепти барактап, саамга ойлоно үн катты:
— Лениндин китеби көп бекен?..
— Шыкалат жөн эле… Мунун жаңыдай сакталганын айтсаң…
— Китептерди сатабыз, Макс…-деди Шам ордунан обдула тура.
— Койчу, ким алмак эле.- Макс анын сөзүнө ишенбегендей, кайдыгер карады.
— Алат… Алганда да, талашат көрөсүң…- деп колу менен өзүнө чакыргандай ишаарат кылды.
Шам Максты жанына олтургузуп, китепти сатуунун жөнүн түшүндүрө баштады. Айтор, эртеси экөө Шам айткан сценарий боюнча иштешмек болушту… Макс Лениндин томунан үчтү көтөрүп алып, дүңүнөн китеп саткан базарга барып, сатуучуга товарын сунуш кылды.
— Ай, иним, мунуңу ким алмак эле… Мына менде да эки тому бар… Элүү тыйынга сата албай олтурам. Лениндин ыры бүтпөдүбү, эми, — деди сатуучу көңүлсүнбөй.
— Эже, мындай коюп, кое бербейсизби, — китеп текченин бурчуна томдукту тизип: — Тура берсинчи, эже. Кардар чыкса бир сомдон сатың. Элүү тыйыны сиздики болот…- деди айтканынан кайтпай.
— Жапжаңы эле китеп экен. Эми күнгө саргаят го, бекер… Мейли турса тура берсин… – сатуучу Макстын шагын сындыргысы келбеди.
Эки күндөн кийин чыкыйып кийинип, рюкзак асынган Шам сатуучунун алдында пайда болду. Тиги сатуучу аялдын маңдайына келип, китептерге кызыга карап:
— Эже, Лениндин томунан үчөө элеби?.. – деди да, китепти барактай суроолуу тигилди.
— Жо, мына дагы экөө бар… Аласыңбы, иним. Бир эле сомдон… – деп сатуучу китептин бетин тазалап бирөөнү Шамга сунду. Ал барактамыш болуп:
— Эже, бешөө элеби?.. Башка жокпу?.. Кап… бир сом эмес, беш сомдон алат элем… – деди шымалана.
— Ушуну ала бер… Керек болсо дагы таап берем…- деди сатуучу кардарды кетиргиси келбей. Ошентип, Шам китептерди сатып алып, эгерде Лениндин томдору бар болсо кымбат баада сатып аларын билдирип жолго түштү. Макс эч нерседен бейкапар адамдай базарды аралап жүрдү. Сатуучу аялга башын ийкеп :
— Китептер көрүнбөйт го, эже… Көрүнөө жерге койбопсуз да — деди кыдырата көз жүгүртө. Сатуучу аял, Максты ымдап өзүнө чакырып, акырын шыбырап:
— Ай, жигит, дагы китебиң барбы?.. Кардар чыгып атат. Көп алат элем дейт… – деп саткан китебинин акчасын берип: — Бар болсо бачым алып кел… – деди. Макс көп деле маани бербегендей, кайдыгер гана: —
— Бир сандык толо бар эле… Карап көрөйүн… Бир саатта барып келем, эже…- Ал шашыла топту жарып жөнөдү. Шам экөө зерикпей китепти санашты. Лениндин биринчи томунан кыркынчы томуна чейин, жалпы эсеби бир жүз отуз беш китеп бар экен. Макс он беш китепти сумкасына салып, базарга шашылды. Сатуучу аял товарын жыйыштырбай күтүп олтурган экен. Ал Максты көрүп сүйүнүп кетти.
— Келдиңби, иним, — деди жүзүнөн нур тамып.
— Мында он беш китеп… Дагы жүз жыйырмасы калды… – деп канча томго чейин бар экенин энтиге айтып жатты.
— Баарын эле алып келе бербейт белең…
— Жок эже, ушуну саталы биринчи… Анан бекер эле убара болбой… Эже, баасы бештен кем болбосун, — деди кабатыр болгондой.
— Мейли… мейли сен айткандай болсун. Кабатыр болбо, неге өңүң үтүрөйө түштү, — деген сатуучу китептерди бирден карап алып, сактоочу жайга ташына баштады.
Шам эртеси сатуучуну көп күттүргөн жок. Тегерегиндегилерден сыр жашыргандай сатуучу кардарын өзүнө чакырып;
— Жалпы эсеби 120 китеп бар. Биринчи томдон кыркынчыга чейин. Азыр он беш китепти алып тур… – деп сырдуу тигилди.
— Баардыгын алып келбейт белеңиз… Бирин-сериндеп топтоп жүрөт экем да. Мен эртерээк кетишим керек, эже…
— Каякка шашасың товар бизде турса, — сатуучу жаркылдап күлө: — Ай, жигит сыр болбосо айтчы, бу китептерди каякка алып барасың?..- деп кызыга сурады.
— Сыр деле эмес, эже… Азыр Кытайда социализм гүлдөп атпайбы. Ал жакта Лениндин китеби каны жерге тамбай кетет. Андан калса бу томдор орусча турбайбы… Сиз мага жактыңыз, эже… Майда болбоюн… Баарын алып келсеңиз он сомдон төлөйм — деп келиндин кулагына шыбырады. Анан текчедеги он беш китепти сатып алып, эртең түштөн кийин келүүгө макулдашып, коюу элдин арасына сиңип кетти. Сценарий боюнча баары ойдогудай болуп аткан ишти создуктурбай Макс эртең менен эле базарга келди.
— Ырас келбедиңби, иним… Алып кел бардыгын… Кардар сурап атат. Жети сомдон алам дейт… – деп үч сомун жашырып койду.
— Эмне болду экен деп, тынчым кетип келдим эле… Жакшы болуптур… Бирок… Бирок эже эгер баардыгын алса алдын ала төлөсө жакшы болот эле, — деди ишенбегендей.
— Ой, төлөйт да, ботом… Же, минтели… Жетиден алса, эки сому мага калыш керек да. Туурабы?..
— Туура…
— Анда беш сомдон мен төлөп сатып ала берейин… Кардарды күтүп олтурмак белең…- деди шымалана.
— Мейли, эже… Рахмат, сизге. Ырас батирдин акысынан кутулуп, кулак тынч калат экен да…- деп, сатуучунун айтканына көнүп, үйгө шашты. Шам экөө китептерди каробкаларга салып, машина менен жеткирип, сатуучудан тийиштүү акчаны алып, жылт койду. Жайладым деген сатуучу жайланганын билбей кардарын күтүп кала берди. А кардары кайдан бармак эле. Мына ошондо макулатураны акчага айлантып жок жерден тыйын тапкан Шамдын талантына Макс дагы бир ирет таңдана:
— Шам, сен генийсиң, — деп акчаны уучтап сапырып олтурду.
***
Ресторанда
Шамда табият тартуулаган, мушташтан тайманбас тубаса талант бар эле. Тирешкен жерде топ жара намыска жараган эр көкүрөктүгүн айтпа. Ал өзүнүн пикирин ар дайым туура деп эсептечи. Кайчы көз караш менен эч качан келишкен эмес. Базар болобу, эс алуучу жайлар болобу Шамдын пикирин эске алышчу. Ошентип Шам кылмыш дүйнөсүндөгү өзүнүн хандыгын түптөй баштады. Башка топтор эс акылы менен Шамга кошулса, тилазарын тилге келтирип жатты. Баягы наристе кезинде таенеси ырымдап койгон Шаамир деген атка тете өз дүйнөсүндө бийлик жүргүзө баштады.
Ошол күнкү телевизордогу кабарлар Шам үчүн асмандан издегенин жерден тапкандай маалымат жеткирди. Төгүлүп-чачылып ишмердүүлүгү жөнүндө сүйлөп жаткан башкарманы кунт кое тиктеп олтурду. Жанында үргүлөгөн Максты нукуп:
— Мобу, киши мени “кожоюнга” киргенге жардам берген… Көрдүңбү?..
— Да-аа… маслокрад го, мунуң…- деди Макс кайдыгер.
— Өнүп-өсүптүр… Макс… Макс… – деп кайра уйкуга кеткен досун ойготуп. – Эртең Токмокко жөнөйм…- деп азыр эле кетип калчудай шаша сүйлөдү.
— Эмнеге?…- Макс анын сөзүнө түшүнбөй уйкусурап кашыланып олтурду.
— Башкармада иш бар… Алдыда жакшы пландар көп дебедиби… Ошону билгим келет… Макс ошол жерден батир алып жашаймын керек болсо. Фараны тапчы мага. Ал Токмоктун коен жатагына чейин билет да – деп эски курдашын эстеди. Макс башын ийкегени болбосо, ал эбак эле уйкуга кеткендей шылкыйып барат.
Шам Фарага жолугуп батир табуу керектигин айтты. “Мүмкүн болсо жер үй тапсаң” деп өзүнүн иш “сапарын” үзүл-кезил түшүндүрдү. Тапкан батирлер көңүлдөгүдөй болбой жатты. Бир ай барып келип жүрдү. Ошол мезгилдин ичинде Шам башкарманын турмуш-шарты менен сыртынан кеңири таанышып, ишмердүүлүгүн ийне-жибине чейин билип алды. Жашаган жери үч кабат заңгыраган үй, мингени “Джип”, короосу гүл бакча. А классташынын шаарда өзүнүн фирмасы бар экен. Башкарманын фермердик чарбасы мурдагы бир колхозго тете. Союздун маалындагы чарбаны чып-чыргасын коротпой басып алгандай. Мактанганчалык бар эле. Шам шаар менен да кылдат таанышып алды. Ага Фара купулундагыдай батир таап берди. Барак тибиндеги узун там. Тегереги коргон менен тосулган. Бу жердеги жашоочулардын бар тиричилиги бирине бири дайын. Кеч киргенде короонун ичине топтолуп алышып, улуулары шахмат, домина ойношсо, жаштары чаң сапырыша топ тебишет. Шамдын батиринин өзгөчөлүгү – короо жактан кирбей, эшиги барактын капталында жайгашып, чолок көчөгө бет келип турчу. Мурда кампа болгон дешти. Астананы аттасаң болду, бир бөлмө. Шам ошондо көмүскө жашап жүрдү. Кеч киргенде короого кирип оюнга көз салат. Анын максаты батиринин дубалына туташ жайгашкан үйдүн ээси менен таанышуу эле. Ширенке сураган болуп, кирип анда пенсионер аксакал эки бөлмөдө жалгыз жашарын билди. Аны сөзгө тартып аны-муну сүйлөшүп ымаласын арттырды, Шам. Күн өткөн сайын жакшы санаалаш болуп баратты. Бир бөтөлкөнү эрмектешип, түн бир оокумуна чейин олтурушчу болду. Пенсионерге барактагы башка бөлмөнүн номерин айтып, жакында үй-бүлөсү көчүп келерин, өзү эптеп коммерсанттык кылып жүргөнүн маалымдады. Аксакалдын үйүндө чоң шкаф, анан бир телевизордон башка мүлкү деле жок эле. Жетишкендиги үйүндө телефонунун бардыгы. Муну деле согуштун ардагеринин урматына коюлган сый деп түшүндүргөн аксакал. Негизинен көпчүлүгү ичип-тозгондор байыр алышкан эле бул жерге.
Фара болжошкон күнү машина менен келип, Шамды шаардагы бирден бир мартабалуу деген рестаранга алып кетти. “Ишти” аягына чыгаруу үчүн Максты да чакырган. Шам классташын ушул жерге келерин жакшы билет эле. Анткени күнүгө кечинде ресторандан тамактанарына нечен ирет күбө болгон. Айткандай эле классташы бир кызды колтуктай кирип, көнгөн жайынан орун алды. Тамакка заказ беришип, жайланышып олтурган соң, Шам акырын жандай басып барып:
— Оо, кимди көрүп турам?.. Кенжебек… Кенжеш кандайсың, досум?.. – деп классташынын колун кыса маңдайына олтурду. Бир жерде көргөндөй болгону менен эстей албай турганы анык эле Кенженин. Алик алып саламдашып, а-бу демиш болду.
— Тааныбай турасың го… Бу мен классташың… Шаамир… Унуттуңбу?.. Жакшы эмес… – Шам жанындагы кызга көзүн кысып, столдун үстүндөгү гүлдөн бирди узатып: — Бул жак аяш го… – деди. Классташы эми эсине келгендей:
— Аа… Шаамир кандайсың?.. Кечир досум, арадан канча жыл өттү… Өзгөрүп кетипсиң…- деди алапайын таппаган адамдай. — Кел… кел чогуу олтуралы. Бул сулуу кыз менен бирге иштейбиз… Кичине эс алалы деп эле…
— Жок, рахмат, дос. Сени көрүп калып учурашып коеюн дедим… Иштериң жакшы болсо болду… Макул мен чыгайын… – деп сыртка бет алды. Классташы Шамга күтүсүз жолукканына ишенбегендей элеңдеп эки жагын каранып калды.
Алар тиги жигитти ресторандан чыкканча каш карайганга чейин күтүп олтурушту. Машинасынын капотун ачып коюшкан.
…Ресторан. Мына ушундай жайды көргөн сайын Роза көз алдына тартылар эле. Анда Макс экөө жаңы эле түрмөдөн чыгып келишкен. Бардык жерде Розанын гана ыры ырдалып, аброю артып турган учур болчу. Анын концертине баргандан жадашчу эмес. Тапкан тыйынын ырчы кызга гүл алууга жумшачу. Жаш болсо да таланты таш жарган бу кыздын дидарын жакындан көрүүгө зар болуп жүрдү, Шам. Сунган гүлүн деле ырчы кыз көптүн бириндей көрүп алып коёр эле. Ал ой кайдан келди, бирок, Шам ошол кызды сүйгүзөрүн Макска мактана айтчу болду. Керек болсо, мелдешип да көрүштү. Күндөр өтө берди. Натыйжа чыкпай келет. Кийинки күндөрү Розаны көлөкөсүндөй ээрчиген жигит пайда болгондон бери Шамдын планы дагы да татаалдаша баштады. Мындай көрүнүш Макстын пайдасына чечиле турган иш эле. Эгерде Шам жеңилип калса, шаардагы эң кымбат ресторанда Максты сыйламак. Убада деген убада да. Розанын кезектеги концертине барганда, коштоп жүргөн жигит анын күйөөсү экенин билишти. Ал дагы маданий кызматкер экен. Розанын жигити да өзүнчө керсейген анча-мынча адамды теңине албаган төрөпейил болчу. Ушундан уламбы, Шам тоготпогондой мамиле жасаган бул жигитти, көп деле жактыра бербеди. Сүйүүсүн тарттырып жибергендей, өзөгү өрттөнүп жүргөнүн айтпа. Чындыгында ал кезде Розанын жигити Шамга караганда аты чыгып, оозго алынып калган экен. Кээ бир артисттер анын алдында жөн эле чуркайт. Жаштыктын жалынына күйүп, Розага сыртынан ашык болуп жүргөнү эле болбосо, Шам тиги жигиттин алдында көптүн бири. Басканы, турганы да куп жарашкан эки жашка суктанган адам көп эле. Бирок, кантип ага жетүү керек? Үмүт чиркин уктатпаганы менен колдон келер иш эмес экенине көзү жетти. Жок дегенде бир аз болсо да Розанын жанында болсо… Тиги төрөпейилди эптеп бир жазалагысы келди. Эмне кылат анан? Балалык баё сезимге бүлүк салган бул жигиттен ушинтип өчүн алгысы келгенин айтпа…
Эми Макска берген убадасынан кутулуу парз. Сөзгө турбай коюу Шамдын мүнөзүнө төп келбейт. Макска кудай берди. Күндө кечинде жасанып, ресторанга даярданып калат. Арданып турганы менен билдиргиси келбеген Шам бир күнү:
” Макс ашыкпа, ресторан качпайт. Сен каалаган ресторанга ошол сулуу кыз менен чогуу барабыз. Көрөсүң. Сени да сыйлайм. Розанын да көңүлүн аламын” деген. Макс анын сөзүнө анча маани берген эмес. Ошол күнү өзгөчө жасанышты. Экөөнүн тең өмүрүндө биринчи ирет галстук тагынышы. Өөн учураганын айтпа. Колунда букет гүл. Бүгүн эмнегедир Розанын концерти жок экенине карабай, жасанып алышканына Макс айран-таң. Көрсө, Роза консерваторияда иштейт экен. Түз эле ошол жерге барып, Шам шаардагы эң кымбат ресторанга жолдошу экөөнө чакыруу кагазын тапшырды. Аны да Макс кошо барып билип жатпайбы. Кичипейил ичинде кири жок Роза жакшы кабыл алды. Ресторанга сөзсүз барарын билдиргенде, Шамдын көңүлү көтөрүлүп, жүзүнө күлкү уялады.Бирок ресторанга төлөө үчүн Шам акчаны кайдан тапканына акылы жетпей баратты, Макс. Чынынды жанында жарытылуу акчалары жок. Шам иш баштаса, аны жолдон чыгаруу бекер иш. Муну Макс жакшы түшүнөр эле. Ошондуктан, сыйлуу коногу катары ээрчип жүрдү. Анан дагы бир шексингени, Роза чын эле жолдошу менен ресторанга келеби? Буга да тымызын тынчсызданат. А Шам камырап койбойт…
Болжогон убакытта Роза жолдошу менен ресторанга кирип келди. Даярдалган столдо, бир аз таанышып пикир алышкан соң, тамакка заказ бере башташты. Баарынан элпеги — Шам. Бир тамагынан наркы эле бир эчки келе турган баа экен. Аны көргөн Макстын алласы оозунан түшүп олтурду. Мелдешкенине да бушайман болду. Шам алгачкы тостту колго алып: “ Урматтуу коноктор, кыргыз эли илгертен эле талантты баалап, сыйлап келген. Бул ата салтыбыз. Биз жаш болсок дагы аны жакшы түшүнөбүз. Менин атам министрликте иштеп жүргөндө дайыма концерттерге бизди алып барып, артистеге гүл бердиргенден жадачу эмес” дегенде, Макс чочугандай анын бутун ныгыра басып, суусундуктан ууртап сыр бербегендей олтурду. Шам сөзүн улап жатты. “Макстын атасы азыр унверситетте проректор. Ал киши да талантарды өтө баалайт. Демек ырчы-өнөрпоздорду сыйлоо канда бар” деп каалоо-тилектерин айтып, ичимдиктерин алдырып жиберди. Коноктор дагы жөнөкөй эмес кишилердин балдары менен олтурганына ыраазы болгондой көңүлдүү эле. Розанын жолдошу түнт көрүнгөнү менен ичине бир нерсе киргенден кийин, сөз бербей кала тургандыгын байкап олтурду, Шам. Ал ортодо экөөнүн чакан бизнеси бар экенин айтып, мүмкүнчүлүгү болсо, алардын чыгармачылыгына да жардам берерин убада кылып жиберди. Муну уккан Макстын башы маң. Ресторандын оокаты тамагынан өтпөй, өзүнчө кыжаалат болот. Роза деле, жолдошу деле эч нерседен бейкапар кенен олтуруп, бийлеп көңүл черин жазышты. Каалаган тамагын жешти. Улам ичип олтуруп, Макс кантип алардын сөзүнө аралашып кеткенин да билбей калды. Эки жаш өзүнчө жеңил бийге бийлешип сыр бөлүшкөнчө, Шам досуна ыктай:-
— Макс, сөзүмө турдумбу? Роза менен бир дасторконго олтургузам дебедим беле. Же, досум калашыңча…- деди эч нерседен бейкапар.
— Шам, мунун акысын ким төлөйт? Акчаң барбы, өзү?- деди бир аз кызып калган Макс ишенбегендей.
— Тиги жезде төлөйт…- деди Шам Розанын күйөөсү тарапка колун жаңсап.
— Кандайча?..
— Ушундайча эле… Курсагың тойдубу?..
— Жарылайын деп атат…
— Анда эмесе акырын куйругуңду түйүп чыгып кет. Артыңдан мен чыгамын. Тиги жездени, “мен сүйгөн кызды сүй” дептирминби…- дегенде сөздүн төркүнүнө эми түшүнгөн Макс билмексен боло сыртка бет алды. Эки жаш бийлеп келгенче, алар жолду кыйла арбытып коюшкан болчу. “Жазаланган” тиги жигит ресторандын акысын кандай төлөдү эч кимге белгисиз бойдон кала берди. Шам өчүн алгандай, курсагын сылап керебетте чалкалап жатты…
Мына азыр да жаш кездеги ошол окуяны эстеп олтурушту. Шам классташынын ресторандан чыкканын көрүп, ага утурлай басканда, ага жакындай келген Кенже:
— Эмне болду?.. Дале турасыңбы? – деп машинага үңүлө карады.
— Драндулет жүрбөй кыйнап атат. А балким үйгө таштап өтөрсүң…
— А сен эмне ушерде жашайсыңбы? – деди классташы таңдана.
— Көп болуп калды… Кана?.. Же, жолдо калтырасыңбы?..- деди Шам.
— Жок – жок, кантип эле. Давай кеттик. Биринчи мобу сулууну жеткирип коелу. Анан сиздин кызматтабыз да… – деп көңүлү ачылгандай Шамга жылмайды. Өткөн кеткенден сөз козгошуп, жолду кыскартып баратышты. Кызды үйүнө таштагандан кийин, классташы:
— Эми кайда? – деди.
— Дубайга…- Шам кытмыр күлө карады.
— Тамашаңды койсоңчу.. Машинаны гаражга коюшум керек…- деди жактырбагандай.
— Анда гаражга айда…
— Үйгө дебедиң беле, Шаамир. Тамашаңды койчу, эми…
— Анда үйгө айда…- деп шылдыңдай шакабалады. Макс менен Фара артынан калбай келатты. Классташы Шамдын мамилесине капа болгондой демин ичине тарта, суроолуу тигилди. Шам машинадан түшүп, айланып өтүп:
— Рахмат, жеткирип койгонуңа… Мен жөө эле кетип калам… үшкүрүнүп үңкүйбө… – деди Шам.
— Эх, Шаамир – деп машинасынан түшүп, актангандай: — Түшүнсөм өлөйүн. Деги эмне болуп турасың? – дегенде, Шам, “Азыр билесиң, эмне болгонду…” деп, анын бетине бир нерсе чачканда, энтиге чүчкүрүп эсинен танып баратты.
(уландысы бар)