Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет

Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет

27.08.2019 Выкл. Автор bulut.kg

UFCнин мурдагы жеңил салмактагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргысы келгендигин айтты. Бул тууралуу мушкер ESPN спорттук каналына курган маегинде билдирди.

Конор Макгрегор “Мен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет. Нурмагомедов менен болгон таймаш туура эмес болгон. Ал биринчи раундда менден качып, бир да сокку жасаган эмес. Мен бир канча секундга алаксый калып, чабуулга калдым окшойт. Эми мен сабак алдым. Кайрадан октагонго кайтууга даярмын”,-деп айтты

Эсиңиздерге сала кетсек, Макгрегор менен Нурмагомедов өткөн 2018- жылдын октябрь айында Лас-Вегас шаарында таймашка чыккан. Анда UFCнын жеңил салмактыгы чемпиондугуна Хабиб Нурмагомедов татыктуу болгон. Таймаштан кийин октагондо мушкерлер эки жаат болуп мушташа кетишкен.

БУЛАК: zaman.kg