Майк Помпео: «Кытай коронавирус тууралуу жалган маалыматы үчүн жооп берет»

Майк Помпео: «Кытай коронавирус тууралуу жалган маалыматы үчүн жооп берет»

04.05.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Кытай бийлиги COVID-19 инфекциясынын коркунучу тууралуу маалымат дүйнө элине өз убагында жетпеши үчүн болгон аракетин көргөн. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жекшемби күнү ABC News телеканалынын эфиринде билдирди.

Мамлекеттик катчы бул кадимки «коммунисттик дезинформация аракети» болгонун айтып, бул үчүн кытай бийлиги «жооп берерин» белгиледи.

Кытай коронавирус тууралуу маалыматтарды атайлып жашырганын 3-майда «Дейли Телеграф» басылмасы кабарлаган. Макалада АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия эксперттеринен турган Батыш атайын кызматтарынын биримдиги даярдаган баяндамага шилтеме кылынган. «Кытайдын бийлиги башка өлкөлөр үчүн коркунуч жаралып жатканына карабастан, коронавирус тууралуу маалыматтарды жашырып, дарыгерлерди унчукпоого мажбурлаган. Мындан тышкары чет өлкөлүк адистерге биоматериалдарды берүүдөн баш тарткан. Бул материалдар алардын өз учурунда вакцина иштеп чыгуусуна мүмкүндүк бермек», — деп жазылган макалада.

Авторлордун айтымында, Кытайдын бийлиги вирустун адамдан адамга жугарын 2019-жылы декабрдын башында эле билген. Бирок бул маалыматты алар 20-январга чейин четке кагып келишкен. Макалада Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комитети 3-январда коронавирустун үлгүлөрүн жок кылуу жана жаңы инфекция тууралуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салуу буйругун бергени белгиленген.