Лола Касымова коомдук жана диний ишмер, жеке ишкер:

“Адал акча таап, максаттуу жумшаганга аракет кылам”

Ийгиликтүү ишкер–күчтүү мамлекет! Акыркы учурда күндүн күрөө тамырын кармап, ар тараптан изденип, өз киндигин өзү кесип, ийгилик жараткан ишкерлер арбыганы кубандырбай койбойт. Мына ошондой жаратман, көп адамга жарыгын чачкан айымдардын бири Лола Касымова бүгүн бизде мейманда.

–Лола айым, ишкер болууга эмне түрткү болду?

–Союз учурунда эле ата-энем Дубайга чейин барып, соода кылышчу. Дордойдо соода булагыбыз бар болчу. Апам “Детский мир” соода борборунда бухгалтер болуп иштечү. Бала кезимден апам менен чогуу болуп, бизнеске аралашып өстүм. Өзүмдүн кызыгуум, ата-энемдин мага көрсөткөн жолу ишкер болууга жол ачты. Ишкерликтин жолунда жазылбаган мыйзамдарын, сырларын үйрөнүүдө апамдын эмгеги мага ачык мисал боло алды. Ишкерликке кадам 22 жашымда Дордойдон товар алып сатуу менен башталды. Уламдан-улам идея жаралып, алга карай умтулуп отуруп, көп тармактуу ишкерлик менен алектенип калдым.

–Көп тармактуу деп калдыңыз. Жашыруун болбосо кайсы багыттарда иш алып барасыз?

–Жашыра тургандай деле сыр жок. Акча сөзсүз түгөнөт. Чоң кудук, казына таап алсак деле ал баари бир түгөнөт. Акча үнөмдүүлүктү, сарамжалдыкты сүйөт. Ишкерликте акчанын баарын жок кылып жибербей же кармап, сактап турбай акчадан акча жасап, бир булакка жумшап, инвестиция кылганга аракет кылам. Акыркы учурда түрктөр менен иштешип жатам. Мындан сырткары, мал багуу, алып сатуу менен иштейбиз. Жолдошум экөөбүз кыймылсыз мүлк менен да иш алпарып келебиз.

-8 жолу жыгылсаң 8 жолу кайра тур деген сөз ишкерлерге таандык. Аялзаты үчүн ишкер болуу оор бекен…

–Менимче, оңой оокат жок. Ар бир иште ак эмгек, талбаган аракет болуш керек. Аялзаты үчүн ишкерлик кылуу, талаа-түздө жүрүп, ар кандай кыйынчылыктарды жеңип өтүү жеңил эмес. Менин оорумду колдон, жеңилимди жерден алган жолдошум жанымда болуп, кыйынчылыктарды бирге жеңип өттүк.

–Ишкерликте кайсы принципти карманасыз?

–Бирөөнү алдаба, адал акча тап, өзүңө ишен деген принципти карманам.

–Ийгилик сыры эмнеде?

–Ийгилик жаратуу үчүн дайыма алдыга умтулуп, изденип, эмгектениш керек. Ар бир адам жөндөмдүү деп ойлойм, болгону жашоодон өзүн таба билиш керек. Кээ бир адамдар өтүк тиккенден уялат, өтүктү келиштире тиксе андан да ийгилик жаратып, ушул өнөр менен да уламышка айлансаң болот. Андыктан ийгилик адам, кесип ылгабайт, болгону жаратмандык керек!

–Жардамга кол сунуп, кайрымдуулук иштерин жасап жүргөнүңүздөн кабарым бар. Кимдир-бирөөгө көмөк көрсөткөндө жан дүйнөңүз жеңилдеп калабы?

–Колумдан келген жардамымды берем, бирок сыртка чыгарбайм. Оң колуң бергенди сол колуң билбесин дейт. Кайрымдуулуктун купуя болушун каалайм. Кайрымдуулук иштерин эң биринчи Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасайбыз. Экинчиден, сиз айткандай, көөдөнүм жеңилдеп, көңүлүм ток болот.

–Сизди диний ишмер катары да тааныйбыз. Бизнес жасоодо шарыят жолунан жаза тайбасаңыз керек?

–Мектепти бүткөн соң  Туризм академиясына тапшырып, туризм багытында билим алдым. Кийин динге илим менен келгенге аракеттенип, И. Арабаев атындагы КМУнун теология магистратурасын бүтүрдүм. Чубак ажы устаз менен таанышып, андан Фих сабагын ала баштадым. Бейиши болсун, устабыздын көп акыл-насааттарын алдым. Бул багытта Айша устаза менен Чубак устазыбыздын менин жашоомо кошкон салымы чоң. Азыр кандай жумуш кылбайын, шарыятка ылайыктап, адал акча таап, адал жумшаганга аракет кылам.

–Эми тема нугун бурсак. Атадан ген берилсе, тарбиянын 70 пайызы перзентке энеден берилет дешет. Балдарыңызды тарбиялоодо эмнеге көңүл бурасыз? 

– Кудайга шүгүр, 2 кыз, 3 уулдуу болдук. Балдарга тарбия берүүдө эң биринчи ыйманга көңүл бурам. 3 уулубуз тең 4-5 жашынан Куран үйрөнүп келе жатат. Мечитке барып, сабак алып турушат. Эне катары балдарымдын жүзүндө нур, жүрөгүндө ыйман болсун деп тилейм. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” дегендей, үйдөгү тарбия мыкты болуш керек. Балдар укканга караганда көрүп тарбияланат. Үйдө эне атаны бийик коюп, эркекти сыйлаш керек. Ынтымактуу үй-бүлөдө мээрим менен чоңойгон балдар өздөрүн бактылуу сезишет.

–Жашоодо кесип тандагандан жана жар тандоодон жаңылба дейт. Жолдошуңуздун кайсы сапаты сизди арбап алды?

–Негизи жашоодо үч нерсе кайып экен: нике кайып, дидар кайып жана ырыскы кайып. Маңдайыма жазылган адам менен баш коштук, тагдырыма ыраазымын. Жолдошум камкордугу, сабырдуулугу, көтөрүмдүүлүгү менен арбап, ишенимдүү жар, баласаак, камкор ата боло алды.

–Кандай кайын журт күттүңүз…

–Бишкектен Балыкчыга келин болуп барганыма 18 жыл болду. Кыздын бир бактысы күйөө деген эң туура айтылган кеп. Барган күнүмдөн өз кызындай кабыл алып, бооруна басып, мээримин төккөн атам менен апама ыраазымын. 18 жылдан бери бир жолу мага жаман айтып, кабагын салып, көңүлүмдү оорутушкан жок. Атам, апам чынында алтын кишилер, ушундай адамдарга келин болгонум үчүн бактылуумун.

–Келин кайнененин камырынан деп коёт. Окшоштук барбы?

–Ооба, апам экөөбүз тең ачык айрым, шайырбыз. Апам да, мен да бирөөнүн жашоосуна кийлигишпейбиз.