Көңүлдөш күткөн аял кандайча өзгөрөт билип алыңыз!

Жубайынын көзүнө чөп салуу – көпчүлүк учурда үй-бүлөнүн урашына жеткирүүчү жол. Көңүлдөш күткөн аялдагы өзгөрүүлөрдү психологдор төмөндөгүчө бөлүшөт.

Аялдардагы жети өзгөрүү

1. Ойнош күткөн аял күтүүсүздөн эле адатын, имиджин, стилин өзгөртүп, сырткы келбетине көп көңүл бура баштайт. Эртең менен кийимди кылдат талдап кийип, күзгү алдында адаттагыдан көп турат. Келбетине көңүл буруп, балким, арыктоого өтөт.

Косметика, парфюмериясын жаңыртат.

2. Мурун сиз (күйөөсү) менен маселелерди чечүү үчүн кеңешип, сырдашып келсе, эми сизге жана сиздин жашооңузга кызыгы жоголот. Интимдик маселе тууралуу сүйлөшүүдөн качат. Сизди босогодон тосуп алуунун же узатуунун ордуна өз иши менен башка бөлмөдө жүрө берет.

3. Өзүнүн ой-толгоолору, иштери тууралуу айтпай калат. Бул, мүмкүн, сиздин алдыңыздагы өз күнөөсүн сезүүдөн чыгар?..

4. Үй-бүлөлүк иштерге анчалык аралашкысы келбей калат. Үйдө азык-түлүктөрдөн эмне бар, эмне жок экенине да көңүл бурбайт.

5. Сиз менен аз талашып, чатакташпай калат. Эмне айтсаңыз да “туура” дечү адат табат. Байпак менен кийимдериңиз чачылып жатса, мурункудай урушпай, кайдыгер карап, жыйнап коёт.

6. Телефон менен көп сүйлөшүп, электрондук почтасын тез-тез текшерүүгө өтөт. Телефон менен сүйлөшкөндө шыбырап сүйлөп, сизди укпасын дегендей кылат.

7. Дайыма кечигет. Мунусун көбүнчө “жумушта кармалдым” же “курбуларым жолдон күтүүсүз жолугуп калышты” деп түшүндүрөт. Же “базарга кеттим” деп чыгып, абдан кеч келет.

Булак:barometr.kg