Күйөөңүзгө айтпай турган төрт сөз
13.09.2019Кээде бир эле сөздү тартышуунун айынан жубайлардын ортосунда бүлүк жаралышы мүмкүн. Ар бир сөздү сүйлөөрдүн алдын, жакшылап ойлонуп, айткан туура.
Адистер жолдошуңузга айткандын кажети жок беш сөз менен бөлүшөт.
Мага бул гүл жакпайт…
Белегиң үчүн рахмат, “Бирок мага сары өңдөгү гүлдөр жакпайт” деп жолдошуңузга такыр айта көрбөңүз. Анткени, аны айткандан кийин күйөөңүздүн сизге башка белектерди бериши кыйын болот. “Мага андай гүл жакпайт” деп айткандан көрө, бир дүкөндүн жанынан өтүп бара жатып “Карачы тетиги кызыл гүл көз жоосун алып сонун экен” деп айтканыңыз жакшы.
Өткөн өмүргө кылчайып карабаңыз…
Адатта аялдар өмүрлүк шеригинин мурда басып өткөн жолун, тарыхын, ким менен сүйлөшкөнүн, дегеле бардыгын билгенди каалайт эмесби. Бул туура эмес. Ал өтүп кеткен нерсе. Аны дайыма эстете бергендин кажети жок.

Эмне кылуу керектиги боюнча буйрук бербеңиз…
Арийне жолдошуңуз менен акылдашыңыз, кеңешиңиз, бирок буйрук бергенден оолак болуңуз. Күйөөңүзгө мээримдүү, назик көрүнгөнүңүз жакшы. Ар бир эле эркек өзүн “Эр азамат” сезет.

Менин ордума башка аял болгондо чыдай алмак эмес…
Эгерде сиз барына макул болуп чыдап жашай берсеңиз, жолдошуңуз дагы бул мен эмне десем, барына макул болот деп ойлоп калат. Мындай шартта өзүңүз эле азапка батасыз. Ошондуктан, ар бир маселени шашпай, жай олтуруп, убагында түшүндүрүү керек.

Ооба, сабырдуу аялдар бардык эле эркекке жагат, бирок аны менен өмүр сүрүү кызыксыз.
Ал ортодо адистер, өзүн-өзү баалап билген аялды, жолдошу дагы урматтай тургандыгын эскертет.
Булак:zaman.kg