Күйөөм курбум менен ойнош болуп…

Күйөөм курбум менен ойнош болуп…

10.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Фаризат экөөбүз бир класста окудук, алардын үйүндө жашоо шарт начар болгуп, жетишпеген турмушта жашашчу. Көп балалуу үйдө чоңоюп жаткан Фаризатка боору ачыган атам мага кошуп ага да мектепке кийим алып берчү. Мага жаңы нерсе алса, Фаризат өксүбөсүн деп, ага да кошо алчу. Бир күнү ата. Фаризаттын ата-энеси туруп, эмне үчүн сиз жардам бересиз дедим.

  • Ээ, кызым материалдык жактан жетишпегендерге жардам берүү сооп болот. Мусулман баласы бири-бирине жардам берүүгө тийиш деди. Ии деп ынанып калдым. Мектепти бүткөнүбүзчө. Ал гана эмес, студент кезде деле атам Фаризатты унутта калтырбай окутту. Ал гана эмес, контрагында төлөтүп, мени менен чогуу жашатты. Атамдын ал кылыгын мен мусулманчылык катары гана баалап, Фаризатка катуу айтып капа кылбадым. Жогорку окуу жайды аяктап, диплом колго тийери менен ар кимибиз ар тарапка кеттик.

    Жогорку окуу жайды аяктап, турмушка чыгып төрт балалуу болгондо тагдыр мени Фаризат менен кайрадан жолуктурду. Болгондо дагы Алматы шаары Казакстандан кезиктик.

   Мен бир топ бутума туруп, байып калган элем. Контейнерлерим. Алматыда үйүм, Бишкекте үйүм машиналарым бар. Бизнесим жакшы жүрүп жаткан. Бир күнү эле бир казак кыргыз келинди сөккөнүн угуп, контейнерден сыртка чыктым. Сыртка чыгып, көргөн көзүмө ишенбедим, менин балалыктан берки курбум Фаризат бир баласын көтөрүп, экөөнү ээрчит, казактын астында басынып турганын көрүп жетип бардым.

  • Фаризат сенби?
  • Ооба мен. Экөөбүз ыйлап көрүштүк. Мен Фаризат менен ыйлап ал абал сурашып жатканда эле жолдошум казакка жолугуп, проблеманы чечип коюптур. Көрсө мындай болгон экен. Фаризаттарды иштеткен киши акчасын бербей качып кетиптир. Маянасын ала албай жатса ижара акчасын төлө болбосо, үйдү бошот деп казак ызы-чуу чыгарып жаткан экен.
  •  Жүрү контейнерге ээрчитип кирдим. Сен бул жака качан келдиң эле? Фаризатка суроо узаттым.
  • Жарым жылга чукулдап калды.
  • Сенчи? Мага карады.
  • Менин келгениме көп болгон. Жолдошум Асан келип калды. Таанышып ал Асан, бул менин бала кезден берки курбум Фаризат дедим.
  • Жакшы экен. Асан жайдаары учурашты. Жүргүлө анда кыздар жолукканыбызды майлайлы. Асан бизди ээрчитип сыртка чыкты. Сыртта Фаризаттын жолдошу Тилек менен эки уулу күтүп туруптур. Чогуу тамактандык. Андан ары биздин үйгө чогуу алып бардык. Жашайтурган жери, иштеген иши жок курбумду дагы деле бала кездегидей аядым. Асанга түшүндүрүп Фаризатты бала чакасы менен биздин үйгө жашасын деп алып калдым. Кыялымда курбума дале болсо жакшылык ыроологум келсе керек. Бир-эки күндөн кийин, Тилек балдарын алып Кыргызстанга кетти. Фаризатты бир контейнерге сатуучу кылып ишке алдык. Көп өткөй Тилекда келди ага жумуш берип, биз менен жашап калышты. Балдарым каникулга Кыргызстанга кетишти. Бир күнү жумуштан кийин майрамдамай болуп, үйгө ичимдиктерди алып келдик. Төртөбүз жыргап олтурдук. Ошол күндөн соң. Андай адат бизде бат баттан кайталанчу болду. Эки күндүн биринде эле шан шөөкөт курабыз.

     Бир күнү жанымдагы контейнердин ээси казак курбум, күйөөң менен курбуң ойнош эмеспи деп калды. Жиним келди. Алар тамашалаша беришет. Ошого эле жаман ойлоп алдыңбы. Бул менин эң жакын бала кезден берки бир класста окуган, андан кийин бир группада окуп чогуу жүргөн курбум. Мындан кийин жаман ойлобой жүр деп кагып салдым.

  • Аска деди ал. Кантсе деле сак болчу.
  • Эмнени айткың келди дедим жиндене?..
  • Бир нерсе деш кыйын бирок сак болчу деп басып кетти. Маңка казак ичи арам, досторду бөлгүсү келгенин деп жиним шакардай кайнап кала бердим. Бирок күйөөм менен курбума жаман сөз жакындаткым келбеди. Жада калса экөөнөн эч качан шектенбейт элем. Ошол шектенбегеним, жаман ойлобогонум өз башыма муш болуп тийди. Күндөр зуулдап өтүп жатты. Аптаптуу жай аяктап. Күрдөөлдүү күз кирип келди. Балдар каникулдан келишти. Балдар келгени үйүбүз тарыгансып калды. Курбум менен аяшым кысынгандай сезилди мага. Асан менен кеңешип, жаңы алган бир бөлмөлүү батирибизге Фаризат менен жолдошун көчүрүп койдук. Кааласаңар балдарыңарды алып келип жашагыла сагынсаңар керек дедим боорум ачып, мага рахмат айтып жетине албай калышты.

Аз күн өтпөй Тилек балдарын алып келүү үчүн, Кыргызстанга кетти. Ичимден кубанып калдым, байкуштар балдары келсе, чогуу жашашса экен деп. Эртең менен мага Фаризат телефон чалып ооруп калдым, врачка көрүнүп келейин деп суранды. Ооруган кишиге бир нерсе демек белем, уруксат бердим. Асанды контейнерди карай тур десем, жумушум бар деп көнбөдү. Деги ушунун жумушу бүтпөдү го деп жиндеп өзүм бардым. Контейнерди ачып жатсам, бала бакчадан кичүү кызымдын күбөлүгүн сурашты. Асанга чалсам адатынча өчүк. Башка контейнердеги кыздардын бирөөсүн ордума коюп, үйгө келдим. Документтер жок. Таппай жиним келди. Улуу кызым документтер жаңы алган үйдөгү сейфте калган го дегенде эстеп жатпаймынбы, тообо унутканымды кара. Фаризатка чалсам телефону өчүк өзүм бармай болдум. Өз ключум менен эшикти ачып кирип бардым. Бутумду чечип жатсам, уктоочу бөлмөдөн аялдын акышы углуп атат. Тилек кеткен эмеспи, Фаризат Тилек жокто бирөөнү таап алганбы кайран деп коём. Кирип барууга батынбадым. Кетип калайын десем сейф уктоочу бөлмөдө туруп калдым. Шкафтын үстүндө Асандын телефону турат. Окшош болсо керек деп ойлодум. Кухняга кирсем, ичилген вино Асандын пиджагы, терезеден сыртты карасам биздин машина турат. Жүрөгүм бир булкунуп алды. Уктоочу бөлмөнүн эшигин ачтым. Экөө энеден туума жылаңач экен. Эч нерсени сезбей эзилишип атат. Фаризат, жан алы калбай жалбарып атат. Чыдабадым, жүрөгүмө чок салгандай өрттөндү кыйкырып жибердим.

  • Акмактар! Экөө мени карап калышты. Асан жаныма жетип келди
  • Астра, мен азыр түшүндүрөм.
  • Фаризат сенде бет жок турбайбы?.. Бакырдым.
  • Мага бакырбай эриңди тыйып алчы. Шашпай турду да жылаңач бойдон бөлмөдөн чыгып кетти. Асан колумду кармап кечир жаным иттик кылдым. Тур ары деп түртүп жибердим да шалдайып олтуруп калдым. Асан кийимин кийип алып бутума чөгөлөп кечирим сурап жатты.
  • Асан, кечирим сураба! Эми кеч дедим.
  • Астра түшүнчү мен сага түшүндүрөйүн.
  • Түшүндүрүп кереги эмне. Мен барын өз көзүм менен көрүп түшүнбөдүмбү ыйлап жаттым. Ичимден ойлоном Фаризаттан эмнем кем. Боюм узун, чачым да узун. Каш, көз кирпик ойдогудай го. Фаризаттын өңү бир топ серт экенин бары билет кыскасы күйүп аттым.
  • Асан качан башталды эле дедим айлам куруй. Чыныңды айтсаң кечирем дедим
  • Астра билесиңби, биринчи жолу үйгө ичимдик апарып майрамдаганыбызда. Ошондо.
  • Анда менда бар эмес белем?..таң калдым.
  • Тилек экөөң уктап калдыңар эле.
  • Ии экөөбүздү уктатып коюп, сен мас болуп калган Фаризатты зордоп салдың. Дагы деле курбумду актап турдум.
  • Жок. Астра зордободум.
  • Же алдадың акча бердиң?..
  • Алдабадым, зордободум. Акчада бербедим.
  • Анан эмне кылдың. Кантип көндүрдүң?
  • Ал мени көндүрдү. Көзүм чанагынан чыгып кетейин деди. Уккан кулагыма ишенбедим.
  • Кантип дедим үнүм өчө.
  • Астара айтсам ишенбейсиң, Тилек биринчи уктап калды эле гоо. Андан кийин сен уктадың, силер уктагандан кийин Фаризат экөөбүз ичип олтурдук. Анан эле бир кезде жүрү деп ваннага эрчитти. Каршылык көрсөтпөдүм кошо кирдим. Чындыгында Фаризат сексуальная экен. Бир топ кылык көрсөттү. Ошондон баштап күнүгө мас болгондо кошулуп жүрдүк деди шылкыя.
  • Үйдөн чыгып кет! Экинчи келбе Асан деп ыйладым. Асандын жалынганын укпадым. Үйдү бекитип сыртка чыгып баратсам, Тилек балдарын алып келип калды. Үйдү ачып, Тилекке баарын айтып бердим. Ыйладым. Кеч да кирди. Фаризат сырттан кирди да Тилекти кучактап ыйлай баштады.
  • Тилек сен жок булар жаман атты кылышты мени. Биринчи үйдө ооруп жатсам Асан келди мени чечинтип атканда артынан мунусу келип, кармап алган киши болду. Кылган жакшылыктарын милдет кылып атышса керек да. Астра башынан бери ушундай. Эл көзүнө жакшылык кылымыш болот. Өңгүрөп ыйлап алды.
  • Өз көзүм менен көрдөм гоо. Асандын Астында балыктай туйлап атканыңы жиним келе кыйкырдым.
  • Калп. Экөөң биригип жаман атты кылып, айлыгыбызды бергиңер келбей атса керек. Акча бербей эле койгула кереги жок деп, балдарын жетелеп сыртка чыкты. Тилек жаныма келип,
  • Астра бул эмнеңер? Акча бербесеңер ушунча жаман атты кылбай эле койсоңор болмок деп чыгып кетти. Эмне дешимди билбей олтуруп калдым.

   Асан болсо. Ичип жүрөт. Фаризат жөн кетпей контейнерден бир топ акча уурдап кеткен. Күйөөсү менен эч нерсе болбогондой жашап жүрөт. Мен Асанды кечире албай келем. Кечирейин десем эле Фаризатка жалынып аткан элес көз алдыма тартылат.

Астра

Булак: bulut.kg