Күйөөм, аяшын сүйүп…

Күн аябагандай ысык, кылкылдап уясына батып баратса да, табы кайта элек. Машине Ош-Бишкек жолунда зуулдап барат. Жанымда олтурган эже бежиреп жаагы тынбайт. Улам эле биз жакта, биз жакта дейт. Чыдай албай, силер жак каяк? дедим.

 — Биз Сахалинден келе жатабыз -дегенде

— Аа, Орусияга бакыт издеп кеткендерден турбайсызбы? Анан издеген бакыт кушу колуңузга тийдиби?-дедим .

 — Ай чоң кыз, сен какшыктаба оройлоно, одураңдады.

 Кайрадан суроо жаңырттым, канча болду, ал жакта жыргап жашаганыңызга?        

 — Төрт жыл

 — Кайсыл жерде иштедиңиз?

 — Кайсыл жерде болмок эле көчө шыпырдым. Балык кармадым, деди ындыны өчө.

 — Аа, мен ойлопмун, «жакшы кызматты аркалаган экен» деп.

—  Тибиреген кандай немесиң,  мынча какшыкчылсын дебеспи мага ыктай.

— Карындашым, кай жерде жүрсөң да баары бир мекенге жетпейт, деп үн кошту айдоочу. Мына биз да, бакыт издеп, далай жерде болгонбуз. Башка жерде акча таап курсак ток жүргөнүң менен, баары бир жүрөк түпкүрүндө мекенге болгон кусалык ичиңден мите курт сымал жей берет.

    Андан ары сөз учугун улаган эч ким болбоду.

Кеч кирди, сапарлаштарымдын көпчүлүгү уйкунун кучагында термелүүдө. Мен болсо сыртты карап чакыям. Жолдо жүргөндө деги уктай албайм, сыртта айсыз түн, жымыңдаган жылдыздар. Кол созсоң жетчүүдөй болгон жылдыздарга карап, суктанам. Бала кезде сыртта сөөрүдө жатып алып, «жылдыз учканын көрүп, тилек айтсаң орундалат экен» дегенге ишенип, жылдыздын учканын көрүү үчүн тирмейип уктачу эмесмин. Ошондо эмне тилек кылганымды эстегим келди.  Жанымдагы эженин “шуу” эткен үшкүрүгү, оюмдун барын чачырытты. Эжени жактырбай жалт карап коюп, кайрадан шурудай чачылган ойлорумду жыйнай албай убараландым.                      

   Улам чөнтөк телефонун тиктеген эжени көрүп, таң кала карайм, мынча телефонду эми көргөнсүп тигилет.

 Чукуранган баласын бооруна кыса, ээ балапаным, атаң кай жакта жүрдү экен?    дегенде күлкүм келе, Эже жездени аябай сүйгөн окшойсуз, азыр эле сагына баштадыңыз?-дедим жылмая.

 Ооба катуу… чын эле катуу сүйгөн окшоймун? ошондуктан жездеңдин канчалаган жүрөк оорутуп, жүлүн сыздаткан кыял жоругуна тилимди тиштеп, чыдап келе жатам. Көзүнө жаш тегерене түштү. Ичимдеги дартты айтып берсем угасыңбы деди алсыз шыбырай.

Үнсүз баш ийкедим.

 Кыйлага чейин үн сөзсүз турду да акырын сүйлөй баштады.

Мен үй-бүлөдө он бир туугандын эң кенжесимин. Мындайча айтканда көкүрөк күчүгүмүн. Ата-энем колхоз тараганга чейин чабан болушкан. Мен  тоолору асман тиреген, атагы ааламга тараган, айтылуу Арсланбаб тоосунун кызымын. Балалыгым тоо боорунда козу-улак менен жарышып өттү. Жылга-жыбыттарда козу-улак кайтарып,ышкын терип, бүлдүркөнгө балтырларымды далай жоолу тилдиргем.

  Бала күнүмдөн аябай кыял кеч болчумун. Көк шиберди жазданып, кыялдана ыр жазчуумун. Мектепте жакшы окуп,  ыр кружогуна катышар элем. Чоң болгонго чейин атамдын астына олтуруп алып, эркелей берчүүмүн.

   Окууну аяктар жылым, жуучулар эшигибизди жыртышты. Окуйм деп астыма максат коюп алып, бирине да көңүл салган жокмун.

   Кызым жаш, окусун деп атам келген жуучуларга каршы чыгат. .Апам болсо, «Буудайдын барар жери тегермен, кыздын бараар жери күйөө» «Аял кишинин бактысы, үй-бүлө», «Окуп чилистен болмок белең» деп атама угузбай кулагымдын кужурун алат. Атам мен тарап болуп турган үчүн апамдын сөзүнө башымды оорутпайм. Айткан сөздөрүн, кулак сыртынан кетирем. Апам канча каржалбасын атам мени борборго окууга жиберди. Биз эгемен мамлекет болгондон бери борборго окуган кыз балдардын алгачкысы элем. Атам волгасына салып алып, Жалал-Абаддын аэропортуна жеткирмекчи болду. Классташтарым, досторум, айылдаштарым, деги койчу көп киши мени узатты. Солдатка барткандай узаткандарына абдан толкундандым. Ошол күн азыркыга чейин көз алдымда.

   Анда кайдан билдим, катаал тагдыр күтүп турарын.

Борборго келип, окуп калдым. Мектепте жакшы окуганым үчүн, жогорку окуу жайда камчы салдырбай эле окуп кеттим. Билинбей күндөр өтө берди. Жигиттер менен сүйлөшүү менин жашоомо жат көрүнүш эле да. Кыздар, жигиттер менен сүйлөшсө, мен китеп менен достошуп, сабактан башкага убакыт арттырбай жүрүп, жогорку окуу жайын аяктадым.

     Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин өзүм билим алып учкан, мектебиме мугалим болуп орноштум. Бары тааныш, өз айылың, кыйынчылык деле жок. Бир күнү сабактан чыксам айылдашым Марат мени ала качып кетти. Ызычуу салып, башыма салган ак жоолугун шыпырып ыргыттым. Жеңелери, эжелери ортого түшсө да көнбөй көктүгүмө салып, олтурбай койдум. Эртеси айылга сөз тарады, «кыз эмес экен» ошондуктан, олтурбай койду деп. Угуп алып жаман болдум, кимдин оозун тыя аласың, Мектептен арыз жазып, иштебейм деп чыгып кеттим да. Өзүм көнүп калган борборду көздөй, учтум.

      Борборго келип, ылайыктуу жумуш, караштарып, жүрүп, классташым, Назирага жолугуп калдым. Ал айылжактан арзан жаңгак алып келип, кымбат сатаарын айтты. Ошентип, Назира экөөбүз, жаңгак ташыйбыз. Тапкан кирешебиз жакшы. Пайдабыз көбөйгөн сайын, камаз камаз кылып, жаңгак алып келчү болдук.

      Алыскы аймактан камаз менен, жаңгак ташып жүрүп, мен чоң “сүйүүгө” кабылдым. Болгондо да мурун эки аял кетирген, Айбекти сүйүп калдым. Сүйгөндө да катуу сүйдүм, баш отум менен берилип, өзүмдү жоготуп, махабатка мас болуп, ааламга сүйүүм жөнүндө жар сагым келчү.

      Айбек камаз айдап, бизди ташыйт. Мен болсо жанымда болгонуна эле кубанам. Ошентип жүрүп, мамилебиз чиеленишип, ымалабыз келишип, үйлөндүк.

   Үйлөнгөн соң билбедимби? Аял затын көргөндө Айбек, артынан ээрчип кетерин. Жүрөнөөк эркек туш келгенимди сезип, артка жол жоктугунан калып, калдым. Дээринде жок эркекке айла жок экен да.

      Борбордо жашап жүрүп, уулду болдук, Айбекке кудай берип калды. Менин бала менен олтурганым ага майдай жагып, кыз-келинден колу бошобойт. Мен болсо билсем да сүйгөндүгүм үчүн, чыдап келдим.

     Бир күнү үйгө, каза болуп калган досунун, аялын ээрчитип келди, жакшы кабыл алдым, ошол күндөн тарта, аяшы биздин уйгө бат-баттан келип, биз менен ынак болуп кетти.

    Борбордо жашообуз кыйындап, Айбек Сахалинге иштеп кетти. Мен артынан бармай болдум.

     Артынан барсам, аяшы да ошол жакта жүрөт. Жаман ойлобой, Ии байкуш күйөөсү жок болсо балдарын, багайын деп келген тура деп аяп коём.

    Кычыраган кыш ызгарын салып келди. Ал жактын суугу аябай катуу болот. Айбектин жумушу болбой калып, үйдө. Аяшы болсо бутун кокустатып алып, ал да үйгө башын катат. Жалгыз мен эле, иштейм. Эртең менен таң заардан кетип, кечинде араң келем. Кычыраган кыш кетип ала шалбырт, жаз келгенде аяшы башка батирге, көчүп кетти. Арадан көп убакыт өтпөй, аяшын кечинде машине уруп кетип, каза тапты. Ошол жактагы иштеген жердештер акча чогултуп, мекенге сөөгүн жөнөткөн соң аялдар, сен бир көлсүң да « күйөөң менен ойнош болуп алган аяшын багып жүрдүң» дешсе, асман үзүлүп, жерге түшкөндөй абалга келдим.

   Бирөөсү, кудай жазалады, сенин ак төшөгүңдү тебелеген үчүн “ак наның урду” десе оозумдан келмем түштү. Мына сиңдим. Менин арманым ушундай, ажырашып кетейин десем, үч балам бар. Аларды аяйм. Мекенге келе жатам, жамандыкты унутайын деп. Туулган жерде эс алсак калганын көрөрбүз деди. Эмне деп көңүлүл жубатарымды билбей терезеге тигилдим.         

Айжамал.

Кагазга түшүргөн Албина Шадыбекова

Булак:Bulut.kg