Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат

Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат

22.08.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Жакында, 30-31-августа өтө турган залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык «Айтыш-2019» сынагынын тандоо туру болду. Анда казак акындары менен күч сынаша турган кыргыздын төкмөлөрү тандалды.

«Айтыш» коомдук фондунун маалыматына ылайык, тандоо туруна бир нече төкмө акын катышып, алардын ичинен Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Амантай Кутманалиев , Жылдызбек Төрөканов, Баян Акматов, Эламан Келдибеков, Шайлообек Отунчиев жарым финалга жолдомо алышты. Айтыштын жарым финал жана финалдык бөлүгү 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

XIII эл аралык “Айтыш-2019” сынагынын байге фонду 2 миллион сом.

Булак: zaman.kg