Кыргызстандын маалыматтары Кытайга чыгып жатабы?
31.10.2019Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кишини жүзүнөн тааныган камералардагы маалыматтар чет жакка кетпейт деп терең ишендирди.
Социалдык тармактардын колдонуучулары кишини келбетинен тааный турчу камералар менен жабдууларды кытай компаниясы алып келип жаткандыктан, маалыматтар Кытайга берилип кетиши ыктымал деген пикирлерин калтырышкан болчу.
Министр журналисттердин «Маалыматтар Кыргызстандан чыгып кетиши ыктымалбы?» — деген соболуна «Такыр мүмкүн эмес, эч кандай маалымат берилбейт», — деп так кесе ишендирип жооп берди.
Анын айтымында, биринчи этаптын алкагында 60 камера орнотулуп, алардын 20сы адамды жүзүнөн таануу жөндөмүнө ээ. Кытайдын CEIEC компаниясы 5,3 миллион долларлык жабдууларды алып келген. Анын ичинде камера менен мониторлор бар.
31-октябрда, Бишкекте санариптештирилген башкаруучу борбор ачылды. Ал жакка адамды жүзүнөн тааныган камералардан маалыматтар келип түшөт. Операторлор көчөлөргө көз салып, кылмыш болгон учурда милиция кызматкерлерин жиберет. Андан сырткары, бул камералар издөөдө жүргөн кишилерди табууга жардам бермекчи.
Жаңы орнотулган камералар кандай иштей турганын өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков борборго барып, өз көзү менен көрдү.
Булак: Bulut.kg