Кыргызстандын карызы 310 млрд 765,75 млн сомду түздү
23.08.2019Ушул жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын тышкы жана ички карызы 4 млрд 471,91 млн АКШ долларын түздү (сом менен 310 млрд 765,75 млн). Бул туралуу Финансы министрлиги кабарлады.
Учурда мамлекеттин тышкы карызы – 3 млрд 792,64 млн АКШ доллар. Ал эми ички карыз – 679,27 млн АКШ долларга жетти.
Кыргызстанга ири каражаттын көбүн Кытай мамлекети берген. Ошондой эле Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фондунан да узак мөөнөткө насыялар алынган. Тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку көрсөткүчү 2025-2030-жылдарга туш келери айтылат.
Булак: zaman.kg