Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектөө каралууда

Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектөө каралууда

22.01.2020 Выкл. Автор bulut.kg

АКШнын бийлиги Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жаткандыгын Wall Street Journal гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, «стоп-лист» тизмесине Кыргызстандан башка Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания өңдүү беш өлкө да киргизилери айтылууда. Анткен менен тизме азырынча так эмес.

АКШ президенти Дональд Трамп басылмага берген маегинде АКШга кирүүгө чек коюлган мамлекеттердин тизмеси кеңейерин билдирген. Бирок кайсы мамлекеттерге чек коюларын айткан эмес.