Кыргызстанда ТикТок тармагы жабылабы?

Кыргызстанда ТикТок тармагы жабылабы?

10.10.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргызстандык интернет колдонуучулар ТикТок тармагынын жабылышын каалап, кол топтошууда. Буга жаштардын таалим-тарбиясы, аң-сезими бузулуп жаткандыгы себеп болгондугун AibekNur.kg маалымат порталына коомдук ишмер Айнагүл Темирбекова билдирди.

«Улуу-кичүү дебей ар кыл видеолорду тартып жатышкандыгы динге да, менталитетке да туура келбээрин баса белгилейбиз. Жакынкы аралыкта кыргыз бийлигинен ТикТок тармагы жабылуусун талап кылабыз» — дейт коомдук ишмер.

Бул маселе буга дейре коомчулук тарабынан көтөрүлсө да, кыргыз бийлиги азырынча ТикТок тармагы тууралуу пикирин билдире элек. Серепчилер эгер ТикТок тармагы жабыла турган болсо, Кыргызстанда Твиттер тармагы болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болоорун айтышууда.

Булак: Bulut.kg