Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот

18.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул күн октябрь айынын биринчи жекшембисине туура келет.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, парламенттин конституциялык мөөнөтү бүткөндөн кийинки айдын биринчи жекшембисинде өтөт.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарын шайлоо 2015-жылы 4-октябрда өтүп, алты партия жеңишке жеткен болчу.

КСДП — 38 мандат;
«Республика Ата-Журт» — 28 мандат;
«Кыргызстан» — 18 мандат;
«Өнүгүү Прогресс» — 13 мандат;
«Бир Бол» — 12 мандат;
«Ата Мекен» — 11 мандат.