Кыргызстанга 500 миң бет кап алып келинет

Кыргызстанга келерки жумада 500 миң бет кап алып келинерин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бет капты Түркия, Корея же Индия мамлекеттеринен алдыруу пландалып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Медициналык каражаттар 3-февралда жеткирилет деп күтүлүүдө.

Кыргызстан дагы маскаларды сыртка ташууга бөгөт койду.

Министрлик Кытайда коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу бет каптарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн фармацевтикалык компанияларды маскаларды аз санда сатууга чакырды. Ошондой эле бир адамга 20дан ашык бет кап сатпоо сунушталды.

Мындан сырткары, жеке жактарга вирус, инфекция жана бактерияларга каршы дары-дармек менен коргоочу каражаттардын баасын жогорулатпоо эскертилген.

Министрликтен өлкөдө бет кап, вируска каршы препараттар жана дезинфекциялык каражаттар жетиштүү санда бар экенин кошумчалашты.

Коронавирус тууралуу

Коронавирус Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Камбоджа, БАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкага жетти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы коронавирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады. Соңку маалыматтар боюнча оорудан 213 адам каза таап, 10 миңге чукул кишиге илдет жукту.

Булак: Спутник Кыргызстан