Кыргызстанга келүүчү туристтер эмнеден улам келүүдөн баш тартышууда?

Туристтер Кыргызстандагы кырдаалга абдан тынчсызданып жатканын билдирүүдө.

Кой-Таш айылындагы окуялардын айынан Ысык-Көлгө келчү чет өлкөлүк айрым туристтер сапардан баш тартууда. Бул тууралуу  Кыргызстандын Туристтик альянсынын жетекчиси Медер Тилекматов тастыктады.

Редакцияга окурмандар “митингдердин айынан Ысык-Көлдөгү пансионат жана конок үйлөрүндө бөлмө брондоп койгон туристтер келүүдөн баш тартып жатканы айтылууда. Бул чынбы?” деген суроо менен кайрылышкан.

“Чындап эле туристтер Ысык-Көлгө келүүнү пландап, ээлеп койгон орундарынан баш тарткан фактылар көп. Мага конок үйлөрүнүн ээлери жана башкаруучулары кайрылууда”, — деди Тилекматов.

Ошондой эле ал өз сөзүнө далил катары көлдүк ишкерлер эс алуучулар менен мессенджерлер аркылуу жазышкан каттарын берди.

Анда жазылгандарга караганда, чет элдик туристтер Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалга тынчсызданып, атургай өз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги барбай эле коюуну сунуштаганын жазат. Дагы бири “сиздерде согуш болуп жатабы?” деген суроо салган.

Ал эми Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу чындап эле Ысык-Көлгө келүүдөн баш тарткандар болуп жатканын, бирок анчалык көп эмес экенин айтты.

“Албетте, келүүдөн баш тарткандар таптакыр болгон жок деп айтууга болбойт, бирин-серин болуп жатат. Бирок массалык түрдө туристтерден кол жуудук деп айтуудан алысмын”, — деди Дамир уулу.

                                                                                                                                      Б.Тынчтыкбекова   

“Ring.kg”