КЫЗ ТӨРӨДҮҢБҮ, ДЕМЕК, ЭКИНЧИ АЯЛ АЛАМ

– Тагдыр деген кызык нерсе. Маңдайымдагы тиши түшүп, чачын ак баскан, көзү жалтак тиктеген адамды карап ар ойго чөмүлөм. Ал неберелерин ойнотуп жатканы менен, көз кыры менде. Кызык, 57 жашында абышка болуп калган бул адам менен жашап, андан төрт кыз төрөгөнүмө ишенбей да кетем. Жаш болчубуз, ошондуктан жаңылыштык кетирдик деп да актана албайбыз. Анткени төрт кыздуу болуп, ак-караны ажыратып калган учурубуз эле. Нурдин экөөбүз катуу сүйүшүп жүрүп үйлөндүк. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай терезеден качып чыгып турмушка чыккам. Илгеркилер бекеринен «ата-эненин батасын албай никеге турбагыла» деп айтпаса керек. Бирок мен Нурдинден башка эч кимди көрө албадым, жалындатып сүйдүрүп, көзүңдү байлап, акылыңды уурдап алат тура. Жолдошум тун кызыбыз төрөлгөндө аябай сүйүнгөн:

– Эмкиси уул болсун, ээ, жаным?- деп маңдайымдан сүйүп, кызын көтөрүп алып маңдайы жарыла кубанган. Бирок биз күткөн уул кечиге берди. Жараткан эмнеден качсаң ошого жармаштырып коёт белем, төрт кызды удаа төрөдүм. Биздин үй-бүлөдөгү трагедия ошондон башталды. – Мен эмне, тукумсуз каламбы? Мага уул керек!- дечү. Кайненем да «жаман катын кыз тууйт, кыз тууса да кыш тууйт» деп мээмди жеп салчу болду.

– Кудай бербеген уулду колум менен жасап аламбы, апа?- дедим бир күнү жаным ачый.

– Деле тилинин чыгып калганын көр, сен биринчи балама уул төрөп бер, андан кийин үнүңдү көтөрүп сүйлө!- дейт албууттана.

Кичүү кызым Жаңылай бир жашка чыгып калганда Нурдин такыр үй бетин көрбөй калды. Айылда мындай нерсе жашырылбайт эмеспи, анын бир аял менен мамилелеш болуп жүргөнү угулду. Жашоомдо мындан өткөн оор күн болбосо керек. Нес болуп калдым. Өз көзүм менен көрүп, ишенгим келди. Кечкурун айтылган дарекке бардым.

– Уул төрөп бер, асылым, сенден мындан башка эч нерсени күтпөйм,- деген Нурдиндин эркелетип жатканы угулду. – Ошон үчүн эле келип жүрөм дечи?- деп назданган аялдын үнү кулагыма шак этти. – Артымда туяк калса дейм. Кыз эмне, эртең бирөөнүн катыны болот, чоңойтуп койсо кетти ошол боюнча… Ушу сөздөрдү угуп, эшикти шарт ачып кирип бардым. – Кыздарымдан айлан, ошол кызга жетпей калгың бардыр! Ушунча жыл жашап кантип ушунчалык мээримсиз, караңгы жан экениңди байкабадым? Аттиң, сага кор болгон кайран өмүрүм! Жаным сыздай ыйлап кетип бара жаттым. Үйгө келип кыздарымды кийинте баштадым. Кантсе да кыя албаса керек, Нурдин тез эле аркамдан жетип келиптир.

– Токто, Мээрим, сүйлөшөлү,- деди ал.

– Сүйлөшүп бүттүк, уул төрөп бере турган аялыңа бара бер.

– Макул болсоң, ал аялды экинчи кылып алайын. Ал мага уул төрөп берет, көзүм жетип турат. Түшүнчү, мага уул керек!

– А кызчы, кызды мен өз колум менен жасап алыптырмынбы?

– Төрт кыз менен кайда барасың?

– Бирөөгө малай болсом да эптеп чоңойтом, сенин ишиң болбосун! Ошентип кыздарымды ээрчитип борборго баса бердим. Артымдан чуркап келишин, кыздарды талашып «кетпе» деп кечирим сурашын күтүп жаттым. Бирок күйөөм кайтып келген жок. Борборго келип көп кыйынчылыкты көрдүм. Тикмечи болуп иштеп жүрүп иштин көзүн таап, тез эле тигүү цехин ачтым, бутума турдум. Убакыт учкан куш тура, тез эле кыздарым бой жетти. Кагылайындарым, баары акылдуу чыкты, өз күчтөрү менен жогорку окуу жайына өтүп, биринен-бири кыйын чыгып, оорумду колдон, жеңилимди жерден алганга жарап калышты. Бактылуу аял болбосом да, бактылуу эне болдум. Эң кичүүсү Жаңылай мыкты врач болуп чыкты. Бир күнү аны менен түштөнүп отуруп сүйлөшүп калдык.

– Апа, биздин бөлүмдө бир чал жатат. Мени тиктей берет, сүйлөсөм ыйлап жиберчүдөй терс бурулуп кетет. Аябай таң калам.

– Аты ким?

– Нурдин дегендей болгон. Чочуп кеттим. Дароо кызымды жетелеп алып ал көрсөткөн палатаны көздөй бет алдым. Кирип эле тааныдым. Ал дагы дароо тааныды, өңү бозоро түштү.

– Кандайсың?

– Сиздер таанышсыздарбы?- деди кызым.

– Таанышпыз, бул сенин атаң болот. Уулдуу болуп, бактылуу болгон чыгарсың?- дедим эриндерим титирей.

– Сен табалабасаң деле тагдыр мени өзү жазалады. Сенин өчүңдү беш эсе кылып алып берди. Уулдуу болдум, кара жерге кирсин, уул аты болгону менен акылсыз чыкты. Кайрымсыз уул ооруп калганымда апасы экөө кошулуп кууп чыгышты. Кечирим сурабайм, анткени кечирбейсиң, болгону кыздарымды көрүп алганга уруксат бер,- деп ыйлап жиберди. Ушу учурда жанымда турган Жаңылай атасына учуп жетип кучактай берди.

– Атаке, ата, биз сизди күтүп жүрбөдүкпү!

Каның менен куруп кал, канча жыл көрбөсө да атакелеп турган кызымды көрүп жаным жанчылды. Мен бул жакта калып эле кыздарым атакелеп кабыл алышты. Ата мээримине зар болгон байкуштарымды кой дегенге оозум барбады. Азыр атасы Жаңылайдын колунда. Тагдырдын тамашасы менен зарлаган уулдан көрбөгөн ырахатты кыздарынан көрүп отурат. Кыздарым ачык айтышпаганы менен, мени кечирип, экөө чогуу жашаса деген ойлору бар. Бирок аялдын көңүлү бир калса жаман тура. Өткөндү унута албадым, жүрөгүм ушунча сууган экен. Маңдайымда турган тиши түшкөн чалды боор ооруу менен гана карап отурдум.

Булак: super.kg