Кызыл Өрүк
08.05.20212-Бөлүк
Бектемир апасынан өтө эле эрте ажырап калды.
Мектепке жаңыдан бара турган жылы болчу. Андан бери өмүрдүн буркан-шаркан аккан дайрасынан канчалаган суулар агып өтпөдү дейсиң. Кийин сүрөт окуу жайын аяктаган соң шаарда калып, улуттук драмтеатрда сүрөтчү болуп иштеп калды. Ал жерде чыгармачылык менен иштөөгө жакшы шарт бар эле. Өзгөчө мольбертке сүрөттөрүн коюп тартканда залдын ичи кенен, төбөсүнүн бийиктиги жакчу. Бул жерде жараткан сүрөттөрү менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышты. Кийин сүрөтчү катары республикага аты чыга баштаган кезде шаардын ортосунан өнөркана беришти. Атасы шаарга келгенде атайын өнөрканасына алып келип, отургузуп ушул портретти тарткан күнүн эстеди. Апасы менен атасы чогуу өмүр сүрүшпөсө да, баласы тарткан бул сүрөттө алар дайыма бир дубалда жанаша илинип турат.
Атаң катуу ооруп жатат дешкендеринен, бир апта мурун айылга барып жолугуп келген болчу. Көзү тирүү кезинде барып, бет маңдай отуруп сүйлөшүп калганына топук кылды. Басканы тың, сүйлөгөн сөзү ордунда, ден соолугу да оңолуп калганын көрүп, ичинен кыйла кайраттана сүйүнүп шаарга кайткан эле. Атасынын өмүрү менен өзүнчө бир доор өтүп кеткенин ошондо алгач ирет сезди. Бул жашоодогу эң кымбат адамы атасынан ажыроо оор экенин түшүндү. Көөдөнүнө бугу батпай ашып-ташып турганда бирөө-жарымга сырын айтып төгүлүп, буулуккан бугун чыгарып ыйлагысы келди. Бирок кимге?
Кайгыга батып, кабыргасы кайышып минтип жүрөгү тилинип, ыйлап турганда балалык кези кайрадан көз алдына тартылды. Андан бери не деген заман өттү. Өзү да бир кездеги жаш бала эмес. Үйдүн жанындагы бак-дарактардын арасынан эң биринчи болуп гүлдөгөн кызыл өрүк да эмнегедир көз алдына келе түштү. Өзү өскөн короодогу кызыл өрүк гүлдөгөндө, айыл ичине өзүнчө кайталангыс сулуулукту тартуулап турчу. Ошондон бери алардын үйүнүн шыбына жабыштыра ылайдан уя салган чабалекейлер канча ирет учуп келишип, балапандарын чоңойтуп, келген жактарына учуруп кетишти… Баягы чыт курсак балалык кезди артка калтырган мезгилден бери кыштактагы өрүктөр да канча жолу гүлдөшүп, канча жолу гүлүн төгө мөмө түйүштү. Ошол кызыл өрүк, өмүрдөн өтө жаш кеткен апасын дайыма элестетип турчу. Анткени апасы да өрүк гүлдөгөн мезгилди аябай жактырчу. Ошол көз ирмем, анын өмүрүндөгү эч бир унутулгус, баалуу табериктей эсинде калыптыр. Көрсө, балалыктын эч нерсени ойлобогон ойноок мезгили кыйла артта, өтө эле алыста калганын ошондо билип отурат. Бул жарык дүйнөдө Бектемирдин сүйүнгөнүнөн да күйүнгөнү өтө эле көп болду.
Өнөрканасында отуруп, артта калган ошол балалык күндөрүн эстеди.
* * *
Ал кезде апасы тирүү болчу.
Апасы очок үстүндөгү казанга суу кайнатып, кир жууп жаткан эле. Бектемир апасынын жанында отуруп ширеңкеге көзү түшүп калды. Апасы кир жайып жүргөндө ширеңкени акырын чөнтөгүнө салып койду да, эки-үч машинадай жыйылып турган козопаянын — куураган пахта көчөттүн артына өттү. Анын басып кеткенин апасы да байкабай калды.
Козопаяда калып калган анча-мынча пахталарды чогултуп туруп ширеңке жакты эле, пахта дароо «дүрт» эте күйүп кетти. Оттун жалыны козопаянын куурап калган сөңгөктөрүн аралап ичине кирди. Кичинекей бала отту өчүрөм деп козопаянын ичине колун салды эле, жетпей койду. Куурап калган козопаянын отуну бир аз быкшып туруп, заматтын ичинде чатырап ичинен күйүп, түтүнү сыртка чыга баштады. Кичинекей Бектемир эмне кыларын билбей коркуп кетти. Ал акырын басып үйгө кирип чоң энеси Калбү жаткан төшөктүн четин ачып, жанына жатып алды. Кемпир уктап жаткан экен.
«Ай, өрт кетти! Өрт! Өрт…» — деп бакырган апасынын үнү угулду.
Заматтын ичинде үйдүн айланасында кыйкырык-чуу башталды да калды. Бул сөздү укканда баланын муштумдай кичинекей жүрөгү катуу корккондон түйүлө түшүп, дүкүлдөп сого баштады. Үйдүн ар жак, бер жагынан өрттү өчүргөнү келген коңшулар чырылдап жатышты. Карыган, оорулуу кемпир бейкапар уктап жаткан эле. Козопаянын алоолонуп чатырап күйүп жатканы үйгө чейин угула баштады. Көз ачып жумганча, коңшулар үй алдына топтоло түшүштү. Ар кимиси көтөрө келген чакалары менен арыктагы суудан сузуп келишип, улам күч алып алоолонуп күйүп жаткан отко суудан чачып жатышканын бала угуп эле жатты. Бектемир эми эмне болот экен деп коркуп, көзүн жумуп алган бойдон жата берди. Отту өчүрө албай жатышты. Алоолонгон оттун табы үйгө чейин жетти. «Оттун жалыны чатырга тийбесин. Үй күйүп кетет, сууну ошол тарабына чачкыла!» деген атасынын өтө кабатырланган үнү угулду. Атасы жумушта болчу, ал каяктан укту экен деп ойлоду Бектемир. Атасынын үнүн укканда коркуп кетип башын төшөнчүнүн ичине ката салды. Акыры өрт да өчүрүлдү. Баягыдай кыйкырык-сүрөөн акырындап басылып, бир аз дымый түшкөндөй болду. Тарап кетишти окшойт деп ойлоду бала.
— Эмнеден өрт чыгыптыр? — деди Сапардын коңшусу Аданбай ага карап.
— Билбедим… Аялым казанга от жагып суу кайнаткан экен, ошонун чогу түшүп калса керек. Үйдүн чатырына от тийбегенине Кудайга шүгүр. Жакшы дагы, силер бар экенсиңер. Ырахмат… — деди бетиндеги терин көйнөгүнүн жеңи менен арчып жатып.
Балээнин баарын коңшунун кызы Бурулай баштады.
— Козопаяны балаңыз Бектемир өрттөдү, — деди ал.
— Ал кичинекей да…
— Балаңыз пахтаны топтоп туруп, анан өрттөп жибергенин өз көзүм менен көрдүм.
Атасынын заматта жини келип:
— Шайтандын баласы кайда жүрөт? Кайда жүрөт өрт койгуч… Мен аныбы… — деп тыттын жоон бутагын сындырып алды да баласын издеп жөнөдү.
Коңшусу Козу абанын кызы:
— Үйгө кирип кеткен… — деди.
Сапар жинденген бойдон үйгө кирип барды. Чын эле баласы апасынын жанында уктап жатканын көрдү. Төшөктү ачып туруп тыттын бутагы менен баласын катар-катары менен чаап жиберди. Денеси ачышып кетсе да Бектемир көзүн ачкан жок.
— Карасаң! Тим эле Манастай уктап жатканын…
Бектемир уктаган болуп көзүн ачпай жата берди. Бир убакта кемпир ойгонуп кетти да:
— Тынччылыкпы? Баланы майып кылып коёсуң, эмне уруп жатасың… — деп баласы Сапарга карады.
Чоң энесинин болушканын уккандан кийин гана небереси ыйлап кирди.
— Кылар ишти кылып коюп, эми уктамыш болуп жатканын. Өлөрман десе… Дагы ыйлап коёт…
— Эмне болду? — деди эч нерсеге түшүнбөгөн кемпир.
— Бир жыл бою тандырга жага турган козопаяны небереңиз өрттөп салыптыр…
— Бала да… Болор иш болуптур, баланы урганда эле козопаяң ордуна туруп калмак беле?
— Апа, болушпаңыз? Өзү жасаган күнөөсүн мойнуна алсын…
— Сен өзүң да кичине кезиңде кандай тентек бала элең. Мени далай ирет какшатканыңды унуттуңбу? Келме кезек деген ушу… — деп Калбү баласы Сапарды урушуп койду.
— Шашпа! Эшикке чыгарсың…
Атасы жини келген бойдон сыртка чыгып кетти. Ал күнү чоң энесинин жанынан жылбай, кайда басса ошол жакка кошо ээрчип жүрдү. Бектемир атасын көрсө эле качат. Ошол бойдон чоң энеси небересин атасына сабаттырган жок. Жарыктык кемпир, ошол жылы кышка чукулдап каза болуп калды. Чоң энеси Калбү ичээр суусу түгөнүп бара жатканын, өлөрүнө саналуу күндөр калганын билгендей неберелерин бирден алып, эркелетип өөп чыкты. Жалгыз гана Бектемир:
— Чоң эне, мен өптүрбөйм… — деди.
— Эмнеге?
— Бетиме жара чыгып алды. Айыкканда өптүрөм, мейлиби? — деди чоң энесине жакын жолобой.
Кемпирдин шагы сына түштү, бирок небересине жооп кылбады. Карыган адам деле жаш баладай болуп калат экен, небереси Бектемирдин ошол кылыгына таарынып да жүрдү. Атасы да баласынын бул кылыгын кечире албай койду. Ошол окуядан көп өтпөй, кемпир төшөктөн турбай көпкө жатып калды. Оору чоң энесинин түбүнө жетип, жарык дүйнө менен коштошту. Ичер суусу түгөнүп, актыкка баш урду. Бектемир чоңойгон кезде ошол кылыгын эстеп, көпкө чейин уялып жүрдү.
уландысы бар
* * *