Кызматбек   Раимжан уулу,  «Ал-Ай» курулуш компаниясынын жетекчиси:    «Элибиздин чыныгы тарыхын  изилдеп жаздырсам деген изги тилегим бар”

Кызматбек Раимжан уулу, «Ал-Ай» курулуш компаниясынын жетекчиси: «Элибиздин чыныгы тарыхын изилдеп жаздырсам деген изги тилегим бар”

03.01.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Мекенчил, муктажга кол сунуп жардамын аябаган, кыргыз баалуулуктарын аздектей билген, ишкер Кызматбек мырза менен таанышууну көптөн берип көксөп, убакты- сааты эми келип баарлаштык.

—      Кызматбек мырза, маекти иштен мурда  балалыгыңызга кайрылуу менен баштасак…

—      Жакшы болот. Ар бир адам үчүн балалыктын кандай өткөнү кеп эмес болгон баа жеткис  мезгил тура. Менин балалыгым алыскы Алай районунун Корул  айылында өттү. Биздин айыл тоо боорунан орун алып, жаратылышы өтө кооз, көркөмдүгүн сөз менен жеткирүү кыйын. Жайкысын жайлоо, кышкысын кыштоодо керемет күндөр өткөн.  Кыргыз мал жандуу келет эмеспи… Биздин үйдө да төрт түлүк мал арбын эле. Мектептен сырткары мал тейлөө биздин милдет болчу. Мектептин башталгыч класстарында окуган кезде каникулда жайлоодон кыштоого эшек менен кымыз артып келүү деген  милдетим бар эле. Айылга келгенде тим эле башкача боло түшчүмүн. Үйдө турган телевизор көзүмө укмуш көрүнчү. Теледеги ар бир берүүнү берилүү менен көрөр элем. Жайлоодо шамдын же ташпанардын жарыгы менен күн кечиргенгеби кыштоодогу жарык мага өзгөчө сезилер эле. Балалыктагы дагы бир эсимде бек сакталган учурду айткым келип турат, жаш кезибизде өрүк, алманын коросун жечүбүз (бышканга чейинки учуру)  ал дагы негедир өтө таттуу сезилер эле. Көрсө, балалык өзү керемет кол жеткис таттуу курак тура.

      Ырас, бала кездеги  кол кабыш кылуу эмгекке калыптанат тура. Ошондо сиз малга жакын турбайсызбы…

—      Үйдө малды жалаң эле мен карадым дегенден алысмын. Бир туугандар баары карашты. Бой жетип үйдөн узап кеткенде улам кичүүлөргө кезек келди дегендей. Биздин үй-бүлө мал менен гана чектелбей дыйканчылыкка да ыктачубуз. Буудай, картошка, нокот экчүбүз. Кыскасын айтканда,  элет жеринде эмгекке    бышкам десем жаңылбайм.

—      Канча бир туугансыз?

—      Тогуз. Бир-туугандардын сегизинчисимин.

      Өзүңүздүн негизги кесибиңиз?

—      Улуттук университеттин экономика факультетин аяктагам. Кесибим экономист.

—      Өз кесибиңиз менен эмне үчүн иштеген жоксуз. Же акчасы аз деп чандыңызбы…

—      Жогорку билимдин ээси болуп диплом колго тийди. Чү дегенде эле  соцфондго ишке орноштум. Ал кезде досторум Бишкекте, Алматыда иштеп күркүрөтүп акча таап калган мезгили эле. Мен иштейм деген жерде болсо айлык жарытылуу эмес экен. Анан ойлондум, азыр го бойдокмун, үй-бүлө күтсөм ушул айлык менен бала-чаканы кантип багам дедим да иштөөдөн баш тарттым.  Аркы- беркини эсепке алдым да Бишкекти көздөй зуу койдум. 

—      Келип эле ишкерликке киришкен окшойсуз го…

—      Бишкекке келгенде мен да эл катары кыйналдым. Ар түрдүү жумуштарды аркаладым. Тигүү цехте иштедим. Тактай тилген жерде иштеп жүрүп, курулуш материал саткан базарга аралаштым. Ал жерде ортомчу болуп иштеп анан курулуш материал алып сата баштадым. Курулуш материал сатып жүрүп бутума турдум. Андан соң гана үй-бүлө шаарын курдум.

—      Кайсыл жердин сулуусуна үйлөндүңүз?

—      Жубайым  айылдаш, он бир ата өткөн уруусу бир кызга үйлөнгөм. Он бир ата өттү деген себебим, анын мааниси мындай да жети атадан өткөндөн кийин баш кошуу керек. Ага чейин болбойт.

—      Жеңе кайсыл кесиптин ээси?

Улуттук университеттин экономика факультетин аяктаган. Учурда балдардын тарбиясы менен үйдө. Төрт балам бар. Алар апасын зериктиришпейт.

—      Баятан байкасам санжырага кызыккандайсыз…

—      Мен негедир санжырага кызыгам. Ошол кызыгуумдун артында элибиздин  санжырасын билүүгө жетиштим.

—      Биз сизди көп кабаттуу үйлөрдү курган ишкер катары билебиз. Курулган үйлөрдү алуучу кардарларга кандай шарттар түзүлгөн?

—      Биздин курган үйлөрдү жактырып келген кардарлардын көңүлүн оорутпай колдон келишинче анын шартына көнүп, иштейбиз. Ар бир кардар биз үчүн кымбат болуп саналат.

—      Ишкерликтин сырын жакшы билбесе банкрот болуу коркунучу бар дешет…

—      Элибизде айтылат эмеспи “чыгаша малга ээси баш” деп ошол сыңары, ишкерликтин сырын миң билсең да кудайым алам десе бир заматта алып сен банкрот болуп калганыңды билбейт калат экенсиң.

—      Сизде ошондой учур болду беле…

—      Жогоруда айтпадымбы, курулуш материал сатып бутума турдум деп. Анан эки кабаттуу үйлөрдү кура баштадым. Ишим жакшы болуп баратып эле банкрот болдум. Банкрот болгондо наша чекпесең, казинодо ойнобосоң деле акчаң өзүнөн өзү жок болуп кетет экен. Ишим жүрүшпөй калгандан кийин оору-сыркоо жабышты. Ал кыйынчылыктан эки-үч жылда чыктым. Анан да иштеп бутума туруп кеттим. Курулуш тармагында экинчи жолу банкротко учурадым. Курулуш тармагын токтотуп коюп, мал чарбачылыгына өттүм. Асыл тукум койлорду, букаларды бактым. Баягы көндүм адат калабы дегендей, курулуш тармагы мени өзүнө арбап туруп алды. Кайрадан курулуш тармагына кайтып, көп кабаттуу заманбап үйлөрдү кура баштадык. Азыркы учурда курулуш жаатында жакшы иштерди алып баруудабыз десем болот.

—      Мал чарбачылыгы менен алектенүүнү токтоттуңузбу?

—      Куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат деген сөздүн маанисине терең ишенем. Балалыгымда мал-жанга аралашып чоңойгон үчүнбү мага мал чарбачылыгы деле чоочун эмес. Учурда асыл тукум жылкы багам,  тандамал койлор бар. Мал чарбачылыгы да өз нугуна түшкөн.

—      Кантип эс аласыз…

—      Мурун достор менен бильярдга барып же чай ичип эс алчумун. Азыр жылкы кармагандан бери ал нерселер калды. Ат жалында өткөн убакыттан  рахат алам. Жылкы баласы негизи адамга канат бүтүргөн керемет жандык болот экен.

—      Жигитке жетимиш эки өнөр аздык кылат дешет… Сизде дагы биз билбеген кандай өнөрлөр бар?..

—      Сүрөттү жакшы тартам. Кийим тиге алам, чиймени жакшы чийем.

—      Бош убакыт боло калса эмне менен алектенесиз…

—      Менде бош убакыт дээрлик болбойт. Боло калса эле эле оор суроолорго жооп издей берем.

—      Кыялданганды жакшы көрөт окшойсуз…

—      Ошондой десе да болот. Бийик тоолордун астынан жол өткөзүп, узун жолдорду кыскарткым келет. Столбалардын башында илинген кыйма-чийме электр зымдарын жер алдынан тарткым келет. Майда-майда элге пайдасы тийчү ГЭСтерди кургум келет. Кыскасы, кыялыма чек жок…

—      Ишкерлик менен алектенсем деген жаштарга кеңешиңиз барбы?

—      Ар бир нерсенин оош-кыйышы, оор-жеңили болот. Ошол нерсени коркпостон көтөрө билсең гана ишкерге айлана аласың демекчимин.

—      Келечек пландарыңыз менен бөлүшсөңүз…

—      Мекенчил жаштардын башын бириктирип, жакшы иш алып барсам, жаштарыбыздын келечеги үчүн жакшы иштерди жасасам, андан сырткары кыргыз баалуулуктарын сактай турган коом түзсөм, санжыраны, элибиздин чыныгы тарыхын изилдеп жаздырсам  деген изги тилектерим бар.

Булак: Кеңеш KG журналы