Кутман Жолдошев, ырчы:  «Обон чыгаруу колдон келбеди»

Кутман Жолдошев, ырчы: «Обон чыгаруу колдон келбеди»

17.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Көптөгөн жагымдуу ырлардын аткаруучусу, качан караба бир калыбынан жазбаган, атак-даңк деп алга жулунбаган Кутман Жолдошев бизде мейманда

— Кутман агай, көптөн бери сахнадан көрүнбөй калгандайсыз? Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

— Жекече эстрада жаатында көптөн бери жаңылык деле жок. Себеби дегенде бир жакшы өзүмдүн купулума толгон чыгармаларды жолуктура албай жатам. Эски чыгармаларды болсо, өзүңөр билгендей мурунку муундан баштап, азыркы жаш муундарга чейин «Ала-Тоо таңшыйттын» барагын тытып бүтүштү да. Азыр менде чыгармачылык тыныгуу учуру десем болот. Бир нерсени жасайын деп атып эле кайра, коё турайынчы деп жалкоолугум кармайт. Эмнеге дегенде мени алдыга сүрөй турган бир жакшы чыгарма, эргүү тартуулоочу обон кайрыктары жок. Эми кээ бир учурда бирөөлөр обондорун сунуштайт да, обону жакпай калат. Же обонуң жакпады деп айта албайм. Жакпады десем, катуу тийип таарынып калабы деп көңүлүнө карайм. Көңүлүнө карап ырдап коёюн десем, жан дүйнөмө туура келбейт. Негизи жакпаган обонду аткарып чыкпайм.

— Эгерде кокусунан жүрөгүңүзгө туура келчү чыгарма болсо, сөзсүз ырдайсызбы?

— Мен жакшы чыгарма болсо, бирөөнүн чыгармасы болсо сурап ырдайм. Эгерде жан дүйнөмө туура келген обон болсо, сөзсүз ырдап чыкмакмын.

— Учурда элдин баары эле ырын, обонун, сөзүн деле өзү жазат эмеспи, сизде андай касиеттер жокпу?

— Жок мен өзүм ыр жазганга деги эле илхом да болгон эмес, аракет да кылган эмесмин. Обончулукка болсо, илгери Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев мага карап, “Ээ бул обончулук деген төрөлгөндө келбейт. Муну аракет кылыш керек, аракет кылсаң сенден деле обончулук чыгат. Аракет кыл эми ар кимдин обонун ырдап жүрө бербей”- дегенде ойлонуп калдым. Надырбек Алымбековдун ыр китебин карап, жакшы обонго ылайыктуу сөздөрү бар го. Бир ыры көңүлүмө туура келип, обон чыгардым. Бир жакшылыкта олтуруп, менин обонум деп айтпай жөн эле жаңы обонумду аткардым. Жанымда олтургандар Арзыбек Бедияровдун жаңы ыры экен ээ дешти. Балким, Арзыбек Бедияровдун ырларын көп аткарганым үчүн, чыгарган обонум ал кишинин кайрыктарына окшошуп калган окшойт. Ошондо менден мыкты обончу да чыкпайт экен деп, ошондон кийин обон чыгарам деген кыялдар орундалбай калды.

— Сизде ырчы болуу бала кезден берки кыялбы? Чыгармачылык кимден өткөн?

— Чоң энемден өтсө керек. Таланттуу эле, чоң энем өзү уз болгон да. Азыр мода болуп жатпайбы курактар. Чоң энем ошол жетимишинчи жылдарда эле, таар токуп, уздук менен алектенген. Мен сүрөтчүлүктү өтө баалап, сүрөт тартып жүрдүм. Сүрөттү айрыкча жаз келген мезгилде ушунчалык мага эргүү келип сүрөт тарткым келчү. Сыртка чыгып алып сарайларды, уйларды тартып, кыл калем чебери болгонду эңсеп жүрүп, сүрөтчү көрсөм эле ошого жармашып калчумун. Ушул сен сүрөт тартасың дейт бекен деп эле жакындашууга аракет кылар элем. Агайларды көрсөм деле ушул сүрөт тарткандардын жанынан айланчыктап кетчү эмесмин да.

— Сүрөтчү болбой ырчы болуп кеткениңизге эмне себеп болду?

— Мен сүрөт тарткандан сырткары ыр дүйнөсүнө жакын элем. Бешинчи класста бекен мен кароо сынакка катышып калдым. Асанкалый Керимбаевдин «Кара-Көлдүн кыздары» деген ырын аткарганмын. Кудай Таалам ошондо эле менин маңдайыма, ырчылык өнөрдү жазып койсо керек…

— Ырчы болосуң депби?

— Ырчылыкты да анан сен “Кара-Көлдүн кыздары” деп ырдап калдың. Кара-Көлгө күйөө бала болосуң деп.

Сүрөт боюнча сынак болсо калбай катышчумун. Гитараны үйрөнүп алсам эле күн-түн ырдай берем деген кыялдарым бар эле да. Гитараны деле үйрөндүм. Ойлогонумдай эле жаңы үйрөнгөн кезимде түнү-күнү эле көчөдө жүрдүк, досторум аркамдан эрчип алат. Ошол учурда кайсыл ырлар хит болсо, ошонун баарын ырдап чыктым.. Азыр деле айылдаштар айтып калышат да, “Гитараңды көтөрүп алып эле жүрө берчүсүң” деп.

Кийин Өзгөнгө маданият үйүнө жумушка орноштум.. Гитарамды көтөрүп алып Өзгөнгө бардым. 1989-жылы. Ошондо деле бирок жакшы салмактуу ырларды ырдачу экенмин ойлоп көрсөм. Кадыралы Артыковдун “Кыялдануу” жана башка ырларды аткарганым эсимде. Көчөдө ырдап жүргөн менен эл алдында ырдагандын айырмачылыгы чоң болот экен. Буттарым калтырап калды. Менин ырдатып көрчү комиссия мүчөлөрү “сен сүрдөбө, өзүңдү жакшы токтотуп жактырган ырлардан ырдап бер” деди. Өзүмдү токтотуп ырдап берсем, “Жакшы ырдайт экен. Автоклубга жумушка алалы” деди. Ичимден ойлонуп калдым эмне үчүн автоклубга алышат экен. Театрга алышпайбы. Ал учурда элдик театр деген бар эле го. Театрга алса жакшы болмок деп ичимден ойлоном. Кийин байкасам мени жакшы жумушка алышкан экен. Ал автоклуб дегенде ай сайын маяна алат экенсиң, Ал эми театр деген качан гана гостролдорго чыгып, акча таап акча которулгандан кийин гана маяна кетет экен. Анан сүйүнүп атпаймынбы, жетекчи биздин айылдан болчу, мени автоклубга алган экен да. Азыр деле рахмат айтам ошол кишиге. Алар учурда эс алууга чыгып, небере, чеберелүү болуп калышты. Ошентип биринчи чыгармачылык чыйырым, Өзгөндө маданият үйүндө башталган. А дегенде эле мени бир райондук жыйналыштагы концертке кошушту, сахнага чыксам эле элдер, күбүр-шыбыр болуп жатышат. Баягы элди көргөндө ырым эсимден чыгып калса болобу?.. Үч куплет ырымдын бир куплетин араң таап, үч кайталап ырдап койдум. Тиги жетекчибиз мени тыңшап турган экен аябай жини келди. Жетекчинин мындай мамилесинен кийин менин маанайым түшүп калды. Ырдагым келбей, сахнанын сүрү башкача экенин ошондо алгач түшүндүм.

— Канча балаңыз бар?

— Бир кыз, үч уулум бар. Кызым эң улуусу. Бул жака келгенде бир жарым жаш эле, азыр чоңоюп калышты. Кенжеси бир жарым жаштан өтүп атат. Кичинекей көкүрөк күчүгүбүз. Азыр үйгө ошол тартат да. Жумушта жүрсөм да үйгө кетким келип турат.

— Жеңе менен кантип тааныштыңыз эле?

— Жеңең менен таанышканда Жалал-Абадда филармонияда иштейт элем. Филармонияда иштегендер үчүн бир атайын жатакана бөлүнүп берилген. Ошол жатаканада көпчүлүк балдар-кыздар бойдок эле. Бир күнү ошол жумушка чейин эс алып алайын деп, бир аз уктап кетсем, досторум келиптир. Бирөөсү үй-бүлөлүү болуучу. Мени үйлөй албай жүрүшкөн да. Мен жыйырма тогуз жашта элем. Бир жагы агайым, бир жагы досум болчу Советбек деген Токтогулдук досум бар эле группалашым, педучилищанын жатаканасында жашашат, балдызы келиптир көрбөйсүңбү? Аябай татынакай экен дешти. Көңүл бурган жокмун. Кайра-кайра айтышты. Анан барып көрөйүн деп барсам, болочоктогу жеңең жүрүптүр. Тим эле помидорлорду карабай эле туурап, шыпылдап салат жасап жаткан экен. Эки көз ошол жакта да.

— Сиздин көзбү?…

— Ооба да, эми кыз го билбейт. Жездеси менен менин досторум билишет. Анан жактыбы деп сурашты эле “жакты” дедим. Ошол күндөн баштап кайра-кайра ошол жака каттап калдык. Түндөп-күндөп эле ошол жакта ырдап, конокпуз. Андан кийин ачык айта башташты. “Досубуз бойдок. Сени ушул жака жумушка киргизели” деп. Анан директор менен сүйлөшүп, Назираны дагы жумушка орноштурдук. Иштеп жүрдүк бир ай сүйлөшүп эле үйлөнүп алдык. Менден жети жаш кичүү. Жеңең жыйырма эки жашында мага турмушка чыкты.

— Сиз Жалал-Абад филармониясына кантип келип калдыңыз?

— Биздин айылдагы клуб бошоп калды. Клубдун жетекчиси декреттик эс алууга чыгып кетти. Мен жетекчибизге кирип айттым, айылдагы маданият үйү бошоду, мен ошол жерге барып иштесем дедим. Жетекчи сен барып иштете аларыңа ишенем бирок, клубдун жетекчиси эртең баласы чоңойгондон кийин кайра жумушка чыгат. Анан сен документиң жок жумушсуз каласың, андан көрө сен азыр үй-бүлөң жок бойдоксуң, Жалал-Абадка барып, маданият техникумуна окуп ал деп кеңеш берди. Мен сага жолдомо берейин деди. Мага да туура келди. Кеч болсо деле келип документтерди тапшырдым. Музыка сабагынан адегенде эле бешке тапшырдым. Абитуриенттердин, агайлардын арасында дуу-дуу сөз болуп “Өзгөндүк келиптир жакшы ырдайт экен” деп. Өзүмчө компоюп сүйүнүп калдым. Таланты барларды мугалимдер деле колдойт экен. Мен өтүп кеттим. Окууга өткөн соң, староста болуп калдым. Ошол кезде мени менен окууга бирге тапшыргандар баары мен курактуу экен. Мен эми ойлогом да, жаштар болсо, жаштардын арасында кандай болот деп. Жалаң таланттуулар эле. Ошол кезде эле топ түзүп, Жалал-Абаддын ичинде абдан популярдуу болгонбуз.

— Келечектеги пландарыңыз?

— Чыгармачылыкта мындай экен. Жаңы чыгармаларды жазып, иштеп турсаң элдер унутпайт экен. Анан жаңы чыгармаларды жаратпасаң жок болуп кетти деп эл унута баштайт экен. Ошентпеш үчүн жакшы чыгармаларды тартуулап туруу керек.

— Азыр популярдуулукту кармап туруу оңой го. Минген машина, кабаттап салган үй, чет мамлекетте эс алуу, же минген атын мактануу менен ырчылар деле хет болуп келишет го, сизде андай нерселерди көрө албайбыз.

— Менде андай касиеттер жок. Мактанчу касиет да жок. Мени менен жүргөндөр баары эле жулунуп астыга озуп кетти. Менин болгон мүнөзүм ошол.

— Сиз деле тойлорго чакырылсаңыз керек? Кээ бир кесиптештериңиз той ырчысы болгум келбейт дегендерин угуп жүрөбүз, сиздин пикириңиз кандай?

— Той ырчысы деген бул өзү тойдун өзүнүн маданияты бар. Концертке барбагандар тойго барышат. Ырдын баркын билип сөз баккан адамдар тойдо олтурушат.

— Сыр болбосо, тойдогу ставкаңыз канча?

— Деги эле мен өзүм ставка койбоймун? Чакырылганда деле мага мынча бергиле деп айтпайм? Бирок кээде ошол мен ойлогондон деле жакшы акча төлөп беришет. Азыр көпчүлүгүбүз негизги маселелерди той менен эле чечип жүрөбүз мисал үчүн. Айлык менен учурда жашоо кыйын.

— Учурда бир ыр менен жылдыз болуп кеткендер көбөйбөдүбү?

— Азыр заман талабы ошондой го. Үйдө олтуруп ырдап деле атактуу болуп кеткендер бар. Биздин мезгилде атактуулукту багынтып, атыңды чыгарыш үчүн канча мээнет кетчү. Биринчи жолу мен кайсыл бир гезитке өзүм тааныштар аркылуу суранып маек бергеним эсимде. Сен кайсыл ырчысың, кайсыл ырларды ырдайсың деген суроолорду бергенде ыңгайсыздык жаралган.

— Качан жеке концерт берейин деген оюңуз бар?

— Буйруса күзүндө деп турам. Чыгармачылыкта жүргөнүмө деле отуз жыл болуп калыптыр.

Булак: «Жаңы Ордо» гезити