Курсанбек Осмонов “Кыргыз Темир” ЖЧКнын директору:
06.07.2021“Апамдын казанга жапкан нанын сагынам”…

–»Бул дүйнөдө менин азабымды тарткан бир гана адам бар. Ал менин апам» — деп бир ойчулдун айтканы бар. Курсанбек мырза, сизди жарык дүйнөгө алып келген мөлтүр булагыңыз болгон апаңыз тууралуу айтсаңыз…
–Апам тууралуу канча жагымдуу кеп курап мактоо айтсам жарашат. Кудайга шүгүр, чоң менен апам бар бул дүйнөдө эң бай адамдардын катарындамын. Эсимде, бизди аябай кыйынчылык менен чоңойткон, себеби кичинекей кезибизде совхоздун малын карачубуз. Азыр апам “уй саап келгиче ыйлап эле олтура берчүсүңөр» деп жылмаюу менен эстеп калат. Негизгиси апамдын, чоң энемдин ден соолугу бекем болуп, бактыбызга ар дайым бар болушсун. Апаке, сөз менен эмес иш жүзүндө сыйыбызды өмүр бою көрсөтөбүз.
–Апаңыздын кайсы сөзүн кулагыңызга кумдай куюп, жүрөгүңүзгө тумар түйүп алгансыз?

–Апам кичинекей кезимден азыркы күнгө чейин «жылуу кийин, баш кийимсиз жүрбө, курсагыңды тойгузуп жүр» деп айтат. Эмнегедир ушул сөздөрдү көп уккан үчүнбү дайыма жадымда турат.

– Ар күнүңдү апаңдан кабар алуу менен башта дейт. Апаңыз менен күн сайын сүйлөшүп турасызбы?
–Ооба, апам менен күн сайын сүйлөшүп, кабар алышып турам. Өзүмдүн кубанычым болобу, жакшы жаңылыгым болобу, биринчи апам менен бөлүшөм, ата-энем менин тирөөчүм, күч-кубатым! Ата-эне бар кезде эч нерседен коркпойсуң, дайыма өзүңдү эр сезесиң. Эне сен кандай абалда болсоң да көтөрүп, ар дайым боор тартып турат экен, биз энелер үчүн өмүр бою бала бойдон калат экенбиз.
– Апаңыз кандай тарбия берди? Шоктук кылганда какыс-кокус кылчу беле?
– Үйдүн улуусу болгонум үчүн менде жоопкерчилик чоң болчу. Апам “сен кандай болсоң сенден кичүүлөр сенден үлгү алат, жакшы адам болгун, калп сүйлөбө, эмгекчил бол”– деп көп айтчу. Апам урушканда “тирик, анан куу туяк” деп урушчу. Апамдын бул сөзү мага бал эле. Баламын да, жасаба деген нерсени кайра жасап апамды кейитчү элем. Кичинекейимде чон энемдин колунда чоңойдум, чоң энем мени аябай жакшы көрүп, башкача мээрим менен чоңойтту, чоң энеме аябай ыраазымын. Чоң атам да көп жакшы насааттарын айтып, туура жол көрсөтүп, батасын берди. Азыркы менин ар бир жетишкендигимдин, ийгилигимдин артында чоң ата, чоң энемдин жана ата-энемдин эмгеги бар.
– “Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, апаңыздын кайсы мүнөзүн өзүңүзгө сиңире алдыңыз?
– Туура айтасыз, чын эле баланын кулк-мүнөзү, жөндөмү ата-энесинен алыс кетпейт экен. Апам кандай учур болбосун бетке айтат. Анан ар бир сөздү байкап сүйлөйт. Ушул мүнөзү менде бар.
–Кыял болсо да кайсы күндөргө кайткыңыз келет…
–Тунуктукту, аруулукту, тазалыкты наристенин көзүнөн изде дегендей, таза, тунук күндөр болгон балалыкка кайткым келет. И.Жунусовдун “Балалыкка кетеличи, апаке!” деген ыры жүрөгүмө башкача бир жылуулук тартуулайт. Апамдын жайлоодо казанга жапкан нанын аябай сагынам.
– Апаңызга жакшы көрөм деп айттыңызбы?
–Ооба айтканмын, апама сөз менен дагы куттуктап айтып, иш жүзүндө сыйлаганга аракет кылып келе жатам. Буюрса баары дагы алдыда.
–Энелерге эки ооз сөз…
–Илгертен элибиз эненин кут жаратуучу деп эсептеп, өзгөчө мамиле кылып келет. Бекеринен “энелер –дүйнө түркүгү” деп айтылбаса керек. Эне сүтү ыйык, ал эми бешик ыры ар бирибиздин кулагыбызда жаңырып турат. Урматтуу энелер! Бешик терметкен колуңуздардан береке кетпесин, бекем ден соолук, узак өмүр, бактылуу жашоо каалайм. Сиздер биздин жашообуздун маңызысыздар, эч качан энелер ыйлабасын!