Кумтөрдөн канча алтын казылып, канча каражат түштү?
13.10.2021Кумтөр кени тышкы башкарууга өткөндөн кийин беш тоннадан ашык алтын казылып, 100 миллион сомдой пайда көргөндүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал учурда Кумтөр туруктуу иштеп жатканын, мындан ары да туруктуу иштээрин белгилеп өттү.
«Баардык алтын сыртка чыгарылып кеткен 22 жылдагы практикадан айырмаланып, бүгүн өлкөбүздүн аймагында калууда. Салыктар түшүп жатат, кээ бир кечигүүлөр, августта өндүрүштүк процесске байланыштуу бир аз азаюу гана болгон. Бирок жыл соңуна чейин бюджетте каралган сумманын баары төлөнөт. Биз беш тонна алтын өндүрдүк, «Кумтөр колд компанинин» эсебинде 100 миллион сомдой бар», — деди Жапаров.
Муну менен катар ал кенде Теңиз Бөлтүрүк менен кошо дүйнөлүк деңгээлдеги беш-алты адис келип иштеп жатканын кошумчалады.