Кудай сүйгөн Садырдай уулубузду сүйбөй, анан кимди сүймөк элек капырай?!!

Кудай сүйгөн Садырдай уулубузду сүйбөй, анан кимди сүймөк элек капырай?!!

21.11.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Соңку кезеңде Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Садыр Жапаровго терең ишеним көрсөтүшүүдө, анын ичинде мен да бармын. Ооба, мындайда сырткы жана ички саясий күчтөр тарабынан бир топ каралоолор, бут тосуулар болот эмеспи. Эми маалымат булактарга жарыяланган ар кыл кабарлардын чын-төгүнүн эл электен өзү өткөрүп, таразалап алаар.

Айтайын дегеним, «Садыр Жапаровду сүйүп калдым», «Садыр Жапаровдун жубайы болууга даярмын» деген кыз-келиндер четтен чыгып, мындай маалыматтар интернет айдыңын желдей аралады. Кыргыз түгүл дүйнө эли суктанып турган кезеңи. Албетте, Кудай бир заматта бак-дөөлөттү берип коюууга кудуреттүү эмеспи. Сөздүн ачыгы Кудай сүйгөн Садырдай уулубузду сүйбөй, анан кимди сүймөк элек капырай?!!

Сүйгүлө айымдар, жакшы көргүлө, бирок, жакшы ой менен, жакшы ниет менен гана. Анан оозум бар деп сүйлөп, колум бар деп ар нерсени телефонго чукулап жаза бербей, адеп сактай билгиле айланайындар. Кудайым буйруп, кыргызга жаңы доор келип, кой үстүнө торгой уялаар. Ар кай жерде жумушсуздуктун кедергисинен ырыскы издеп тентип жүргөн уул-кыздарыбыз кайтып келип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошоор. Буйруса баары жакшы болот, жакшылыктан үмүт үзбөйлү!

Айбек Нур