Өзүн Кудайга теңеген Арстан Алай камалабы?

Өзүн Кудайга теңеген Арстан Алай камалабы?

18.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Арстанбек Абдылдаев «Мен — Кудаймын» деп айткан сөзү үчүн жоопко тартылып калышы мүмкүн.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, факты Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу») боюнча Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында Арстан Алайдын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов коомчулукта Арстанбек Абдылдаевдин «Мен — Кудаймын» деп айткан сөзүнө дин иштери боюнча комиссия эмнеге чара көрбөй жатканын айткан болчу.

Өз кезегинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов бул боюнча аракеттер көрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдирген.

Учурда интернет айдыңында бул жагдайды коомчулук катуу талкууга алышууда. Элдин басымдуу бөлүгү өзүн Кудайга теңеген Арстан Алайдын камалуусун талап кылышууда.

Булак: Bulut.kg