Кубанычбек Нурматов ЖК депутаты: “Апам, сыйга татыктуу инсан!”
02.06.2020
Энесиз жашоо кунарсыз экенин эч кимибиз тана албайбыз. Бейиш эненин таманы астында экендигин ар бир инсан билүүсү кажет! Негедир өткөн жаштыгындагы көз ирмемдерди жаап жашырууга далалат жасабагандыгы менен өзгөчөлөнгөн, рубрикабыздын бүгүнкү коногу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов болмокчу.
— Апаңыздын эстегенде кандай сөздөрдү айткыңыз келет?
— Апамдын аты Өктөмкан Асанова. Беш баланы атасыз тарбиялап, баарыбызды турубузга кондурду. Апам жөнүндө кеп козгош мен үчүн сыймык. Атасы жок экенибизди билдирбей, “канаттууга кактырбай тумшуктууга чокутпай”, жамак кийим кийгизбей бакты. Апам аял затына тиешелүү сапаттардан тышкары эркектерге тиешелүү мүнөздөрдөн да кур эмес. Мисалы алсак намыскөй, өжөр, иш билгилиги менен мени таңкалтырат. Учурда төрүбүздүн көркү, ар бирибиздин кеңешчибиз.
— Бал татым балалыгыңызга кайрылсак?
— Жакшы болот. Эч бир кир кол менен кармагыс, артка кайтарып алгыс балалыгым Араван районуна караштуу Маңгыт айыл өкмөтүндө өттү. Мен беш бир туугандын ортончусумун. Беш жашка чыкканымда Маңгыт айыл өкмөтүнө тайларымдын үйүнө көчүп барып ошол жерде жашап калдык. Биздин балалыгыбыз башкача беле же мага бала үчүн ошондой сезилгенби, айтор кызык күндөр өттү. Ал кездин учур талабы, көп нерсеге дилгирленген жаштардын көптүгү көңүл кубантчу.
— Мектептеги кызык күндөргө токтоло кетсеңиз?
— Маңгыт айыл өкмөтүндөгү мурунку аталышы М. Горкий атындагы сегиз жылдык мектепти аяктагам. Окуу жылы жаңы башталган кезден баштап эле пахта талаасына бет алчуубуз. Апакай шейшепке оролгон сымал ак пахталардын ичинде жүрүү өзүнчө эле керемет сезимдерди тартуулачу. Жайкысын эмгек лагери боло турган, эмгек лагерине барууга ар бирибиз ашыкчубуз. Классташтарымдын бары келечекте учкуч, космонавт, врач, айдоочу жана башка кесиптин ээлери болгулары келишчү. Ал эми мен болсо, окууну аяктагандан кийин куруучу болсом, китептерден көргөн тарыхый курулуштар сыяктуу, бийик мунараларды курсам деген кыялым бар эле?
— Кыялдар ишке аштыбы?
— Жогоруда айтпадымбы, апам жалгыз беш баланы тарбиялап өстүрдү деп. Мен мектепте окуган кездерде, беш бир тууган жалгыз апамдын колун караган үчүн, кыйналган жетишпеген учурларыбыз өткөн. Анын баарын жашырганда эмне, кээде классташтарым кийген кийимдерди, сатып ала албай калган учурлар болгон. Мектепте жетишпеген үй-бүлөлөргө атайын жардам катары кийимдер, өкмөт тарабынан берилип турчу. Ал кийимдерди кийгим келчү эмес. Кийбей коюуга да болбойт эле айла жок кийип алып, ичимден кыялданчумун, чоң сууга барып балык кармасам, кайрымака алтын балык түшүп калса. Кайрымака түшкөн алтын балыгым менин айткандарымды аткарса деген элестетүүлөр көп болчу эле. Мен сегиз жылдык мектепти аяктаган соң, бир окуу жайга окусам деп дегдеп алдым. Ал учурда атайын жер жерлерди кыдырып атайын окуу жайларга жаштарды тартчу. Бир күнү жолдо баратып СПТУга окууга чакырган жарыяны окуп калдым. Ал жерге окууга тапшырып, тракторист-машинист деген кесипти алып чыктым. Бирок алгачкы кесибим менен иштебей астыга жылууга башка кесипте иштөөгө умтулдум. Талыкпаган эмгегимдин арты менен дагы эки жогорку кесиптин ээси болдум. Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, замандын агымына карап жеке ишкерликке ооп кеттим.
— Атаңыз эрте кайтыш болду беле?..
— Кандай десем, атам кайтыш болбой эле мен беш жашка чыкканда апам экөө эки айрылыш жолго түшүшкөн экен. Эми мен ата-энемди күнөөлөгүм келбейт. Бул да болсо тагдыр, ар ким маңдайга жазганын көрөт да. Атам башка аял менен түтүн булатып кетти. Бирок атам жоктугун билдирбей апам бизди алынын жетишинче тарбиялап өстүрдү. Апам өмүрүн бизге арнады.
— Апаңыздын кайсыл тамагын сүйүп жейсиз?
— Апам тамакты абдан даамдуу жасайт. Эми бизде түштүктө эң жакшы көргөн тамагыбыз палоону жөрмөлөтө басат. Кичинемде апам жасаган куурума шорпону абдан жакшы көрөр элем. Апамдын тамагын мен эле эмес айыл эли сүйүп жечү. Союз мезгилинде талаа иштерине чыгууга ар бир инсан милдеттүү боло турган. Колунда жаш баласы бар келиндер үчүн атайын, талаа бала-бакчалары иштечү. Жумушка келген аялдар балдарын тарбиячыга тапшырып коюп, кетмен чаап, орок оруп, пахта терип дегендей кыскасы эмгектин үстүндө болор эле. Менин апам, талаа бала бакчасында балдарды карап эле тим болбой, жумушчуларга да тамак жасачу, ар бир жасаган тамагын айылдаштарым тамшануу менен жегени эсимде.
— Апаңызга берген эң алгачкы белегиңиз?
— Эң алгачкы белекти мектепте окуп жүргөндө открыткага калоо жазып бергеним эсимде. Ал эми, эң биринчи өз акчама сатып берген белегим бул, СПТУ да студент болуп жүрүп, айыл чарба жумуштарына чыгып тапкан маянама кооз сок куйгуч стакандары менен белек кылганым эсимде. Мен берген белекти алганда апамдын кубанганын айтпа. Азыр ойлоп көрсөм, апам белектен дагы менин бой жетип, адам катарына кошулуп акча таба баштаганыма кубанган тура. Өзүм акча таап калгандан баштап көп эле белектерди берип келем. Канча белек берсем да, апамдын бизге жасаган эмгегинин астында эч нерсеге татыбай калат.
— Эр жигит үй-бүлө күткөндөн кийин апасы экинчи планда калат дешет. Бул айтылган кептерге көз карашыңыз?
— Ар бир инсан үй-бүлө күткөн соң бир тууган, ата энеден алыстап, өз үй-бүлөңдүн түйшүгүн тартып калаарың закон ченемдүү көрүнүш. Бирок, үй-бүлөлүү болуп алып апаны унутуп калды дегенге мен кошула албайм. Үй жайым бөлөк болуп, алыста жашаганым болбосо, ар дайым апам эсимде турат. Эненин орду бары бир бөлөк болот. Апамды сагынганымда барам. Барууга колум бошобосо чакырам дегендей.
— Апаңызга жакшы мамиле жасаганыңыз келинчегиңизге жагабы?
— Кызык суроо болду го… Жакпагандачы, керек болсо келинчегим апамды аябай урматтайт, ден-соолугуна кам көрүп, курорт санаторияга жаткыралы деп турганына ичим жылыйт. Жалпы эле тууган-уруктун карын катнашын келинчегим тейлейт.
— Үй- бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
— Үй-бүлөлүүмүн. Келинчегимдин аты Айгүл. Алты уул, үч кыз жана неберелерим бар. Эл катары жашап жатабыз?
— Кээ бир жигит апасындай аял алууга умтулат дешет?..
— Ар бир жигит үчүн апасы идеалдуу болот. Ошондуктан апасындай идеалдуу жар тандагысы келет.
— Сиздин келинчегиңиз да идеалдуубу?
— Илгертен элибизде айтылган бир жакшы кеп бар. “Келин жаман эмес, келген жери жаман” деген. Келин да бирөөнүн бүлөсү, жаңы босогону аттаган келинге жакшы тарбия берип бүлө кылып алсаң, ал сөзсүз идеалдуу аялзаты болуп чыга келет. Ал жагынан апам жакшы мугалим. Келиндерин өзүндөй камкор, күйүмдүү кылып тарбиялай алды. Кудайга шүгүр жубайым, жакшы инсан жашоомдогу кеңешчим, жөлөгүм, сынчым деп айта алам.
Альбина Шадыбекова