Косинус эмнеге барабар? Исаков Бекешевдин суроосуна жооп бере алган жок
12.09.2019Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.
Депутат Дастан Бекешев ага “cos 60° (косинус) эмнеге барабар?” деген суроо узатса, Исаков кыргыз тил филологиясы боюнча адис экенин түшүндүрүп, суроого жооп бере алган жок.
«Бизде мектепте ушундай билим берет.Таң каласың, 120 депутат, министрлер жооп бербейт. Кереги барбы ушундай билимди бергендин?» – деди Бекешев.
Исаков депутаттын суроосуна жооп берип жатып: “Окуучуларга жалпы аң-сезимине керектүү билим азыктарын беришибиз керек”, – деген пикирин билдирди.
Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде ректор болуп иштеп келет. Анын талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн.
Булак:zaman.kg