Коррупция менен соттолгондор шайлоого катышуу укугунан ажыратылсын

Коррупция менен соттолгондор шайлоого катышуу укугунан ажыратылсын

21.05.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов

Шайлоо мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду сунуштады

1.»Мамлекеттин мүлкүнө кол салгандар, коррупция менен шектелип соттолгон жарандар, жана алардын жакындары, балдары, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу укугун токтотуу» боюнча сунуш киргизем.

2.Андан тышкары, бул өзгөртүүлөр «Чет өлкөдө банк эсеби бар, жана кыймылсыз мүлккө ээ жарандар шайлануу укугунан ажыратылсын» деген эки сунуш менен толукталсын.

3. Коррупция менен соттолгондор шайлоого катышуу укугунан ажыратылсын деген пикирин билдирди.

Тазабек Икрамович эң олуттуу ойду айтып жатат. Эгерде коррупция менен чындап күрөшөбүз десек, сунуштарды туура кабыл алып пайдалана билишибиз керек. Бирок, азырынча Т. Икрамовдун шайлоо мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо сунушу комитетте каралып талкууга коюла элек. Талкууга чыгып эл өкүлдөрү колдойбу же коррупция мындан ары деле гүлдөй берсин деп кол шилтешеби аны мезгил көрсөтөр.

Булак: BULUT.KG