Кондиционер кандай оорууларды чакырат?

Кондиционер кандай оорууларды чакырат?

15.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

”Ысып кеттим, үшүп кеттим, кондиционерди жандыралычы… Болду, өчүрөлүчү, үшүп кеттим, эртең ооруп калсам…”

Минтип пульт талашуу көп кайталанган көрүнүш экени талашсыз. Мындан улам кондиционердин адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу кеп кылабыз.

КОНДИЦИОНЕРДИН ОҢ ЖАКТАРЫ

Бөлмөнү жылытуунун жана салкындатуунун үнөмдүү жана эң арзан жолу.

Жайдын аптаптуу ысык күнүндө салкындык, кыштын ызгаардуу суугунда жылуулук берип, адамга ыңгайлуулук тартуулайт.

Мыкты сапаттагы фильтр орнотулган кондиционерлер абаны чаңдан, ар кандай грибоктордон, бактериялардан, жагымсыз жыттардан тазалайт.

Эгер кондиционерде абаны алмаштыруу функциясы жабдылган болсо, анда бөлмөнү кычкылтек менен жакшы камсыздай алат. Мындай функция баасы кымбат, акыркы үлгүдөгү кондиционерлерде болот жана аны монтаждоо кадимки кондиционердикинен айырмаланат.

ТЕРС ЖАКТАРЫ

Абаны кургатат. Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси кургап, бырыш эрте түшөт. Мурундун, тамактын былжырлуу чел кабыгын, эринди кургатат. Бул учурда сезгенүү процесси, ринит, синусит оорулары күчөйт. Андыктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду, оозду деңиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу керек. Бул былжырларды бир калыпта кармоо үчүн зарыл. Кондиционерден чыккан жел бет маңдайдан урган кезде көз улам ирмелип отуруп чел кабыгы жабыркайт, кургайт. Көзгө тамчылатма дары тамызып кайра эле кондиционердин маңдайында отуруу баары бир жакшы жыйынтык бербейт. Андан көрө жел түз тийбеген жайдан орун табыңыз. Эриниңиз кургаса гигиеналык бальзамдарды колдонуңуз.

Башты оорутат. Баарыбыз билгендей, кондиционер иштеп жатканда эшик, терезелер жабылат. Мындай учурда бөлмөдөгү аба көмүр кычкыл газы, ар кандай микробдор менен айланып жүрө берет. Кычкылтектин жетишсиздигинен улам кан тамырлар ичкерип, баш ооруп чыгат.

 КОНДИЦИОНЕРДИ КОЛДОНУУДА ЭСКЕ АЛА ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР

Эч качан муздак абанын агымын адамга түз багыттабаңыз. Суук тийип, ооруп калышы мүмкүн. Кондиционерди оптималдуу температурага коюш керек. Анын температурасы 23-25 градустан ылдый түшпөгөнү жакшы. Үйдүн температурасы сырттагы абанын температурасынан 8 гана градуска айырма болушу шарт. Ал эми 10-12 градуска чейин айырма болсо, иммунитеттин түшүшүнө жана сасык тумоо оорусуна алып келет.

Кондиционерди керектүү температурага акырындык менен алып келүү талапка ылайык. Бөлмөнү дароо катуу муздатып жибербеш керек. Жогоруда айтылгандай, абанын бат муздашы же ысышы көп ооруларды чакырат.

Жөнөкөй кондиционерлерде абаны алмаштыруу функциясы болбогондуктан убак-убагы менен бөлмөдөгү терезени ачып желдетип туруу керек. Желдетүү учурунда кондиционерди өчүрүүнү унутпаңыз.

Бөлмөдөгү аба кургабасын десеңиз, нымдандыруучу жабдык (увлажнитель) коюңуз. Мындан да жакшысы, бөлмө гүлдөрүн өстүрсөңүз, алсак, антуриум, гербера, азалия сыяктуу гүлдөр абаны фильтрлөөгө жана нымдаштырууга жардамчы боло алышат.

Кондиционердин фильтрин өз убагында тазалап, алмаштырып туруңуз. Белгилүү бир мөөнөттө алмаштырып турбаса, абаны кирдете баштайт. Анткени ал абадагы чаңды, чылымдын түтүнүн, ар кандай жыттарды соруп алат да, кайра аны аба менен бөлмөгө айдайт. Колдон келсе, бөлмөгө тамеки тартууну адат кылбаңыз.

Кайсы учурда алмаштыруу керек?

 Кондиционерди иштеткенде жагымсыз жыт чыкса

 Электр энергиясын көп сарптап жатканы байкалса

 Иштеп жаткан учурда кулакка жагымсыз үн чыгарганда

ТУУРА ЖЕРГЕ ОРНОТУҢУЗ

Кондиционерди каалаган жерге орнотууга болбойт. Эгерде дубалдын бооруна орното турган кондиционер тандасаңыз, анда ал шыптан 15 сантиметр ылдый орнотулушу керек. Мындай жол менен сиз бөлмөңүзгө абанын бирдей тарашын камсыздаган болосуз.

Аталган жабдуу эс алуучу бөлмөдө диван жана отургучтардан 2-3 метр алыстыкта орнотулушу шарт. Ошондо муздак же ысык аба адамга түз тийбейт.

Эгер уктоочу бөлмөгө орнотууну кааласаңыз, керебетиңиздин баш жагына орнотуңуз. Бул учурда кондиционерден чыккан аба маңдай жактагы дубалга же кандайдыр бир нерсеге тийип, андан соң бөлмөгө тегиз таркайт.

Меш, электр плиталарына жакын орнотууга болбойт.

Булак:zobolo.kg