Комендант Ж. Джоробеков: Тазалык – бул адептүүлүк

Комендант Ж. Джоробеков: Тазалык – бул адептүүлүк

20.04.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Джоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча  сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп өттү:

—      Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

       2020-жылдын 19-апрелинен 20-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында  баары болуп – 26 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 7 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. 26 кылмыштын баарынын бети ачылган.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1780 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 4 атуул, ал эми Сузак районунан – 2 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 99 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 109 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди бузган, б.а. бет каптарын коомдук жайларда тагынбай жүргөн – 15 жаран аныкталып, санитардык кызматтар менен биргеликте чаралар көрүлдү. 

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугунуздарга кам көрүңүздөр.

 Ошол менен бирге —  “тазалык ыймандын башаты”,  “Тазалык — бул адептүүлүк” демекчи, баарыңыздарды тазалыкты сактоого жана адептүүлүккө чакырамын, —  деди Ж.Джоробеков.