Кол жетпеген махабат…

Айылдан шаарды көздөй келе жатам. Тегиз жолдо машине бир калыпта каалгып баратат. Салондо болсо жай ыргактагы музыка жаңырат. Мен болсо, терезеден сыртты шыкалап карайм. Жүргүнчүлөрдүн асты эбак эле таттуу уйкунун кучагына сүңгүгөн. Бир кезде Бек Борбиев “актай кагаз алганмын” деп созуп киргенде эсиме айылдаш агам түшө калды да ойлорум ошол агамды көздөй жетеледи.

   Айылдаш агам экөөбүз райборбордо жолугуп калдык. Жанында дагы айылдаш агаларым, жеңелерим кошо жүрүшүптүр. Мени көрө сала жүрү сени сыйлап коймокчубуз дешип, менен жообумду күтпөстөн эле машинеге салып, сай жээгиндеги кафелердин бирине алып барышты. Көрсө баары эле Москвада иштешип айылга эс алганы келишкен экен.  Айылдаштарымды көрүп, балалыгыма кайтып баргандай эргүү жаралды. Жанымда менден үч төрт жаш улуу айылдаш агам олтурган, улам-улам мени карап коёт. Бир нерсе айта турганын байкап олтурдум. Астыбызга тамак келди. Тамак менен кошо мойну койкойгон арак да пайда болду. Колдоруна стаканын кармашып, аял эркеги бир сыйра тост көтөрүштү. “Мен мындай ачуу сууга жокмун” деп айканым соң, стаканды кайра мага узатышкан жок. Ичине ачуу суудан киргенден кийин баягы мени жал-жал караган агам акырын кулагыма, “Классташың жүрөбү” деп шыбырап коёт. Мен сөзүнө түшүнбөй, баш чайкап ийин куушурдум.

 Агам мени жалт карап алып, менин сүйгөнүмчү жүрөбү?- дейт.

  • Мен, “кайсыл сүйгөнүңүз” дедим таң кала.
  • Сен эмне билбейсиңби,
  • Жок ал ким эле деп чындап таң калып ошол эле учурда кызыгуум артты.
  • Мен сенин классташ кызың менен сүйлөшчүү эмес белем…
  • Мен аны жөн эле мындай балалык сезим болсо керек деп ойлогом деп айтып алып, уяла түштүм.
  • Бирок, ошол балалык сезим менин жан дүйнөмдө түбөлүк орун алып калды да деп агам, шу үшкүргөндө,  столду айлана олтурган айылдаштар баары агамдын оозун тиктеп калдык. Агам көөдөнүндө буюккан арманын айтып баштады.

Мектепте аяктагандан кийин, айылда калып калдым. Шаарга окууга барганга менде каалоо жок эле. Жаштайымдан чоң атамдын тарбиясын алып, малга жакын өстүм. Мектепти орто баалар менен гана аяктадым. Чоң окуу жайга барып, бир кесиптин ээси болуу деген максат, кыял менде жок болчу.  Мектепти аяктап колум бош боло калганда эле көчө таптамай адатка айланды. Колу-жолум бош жүргөн кезде мен “сүйүү” деген доктур айыктыра албаган ооруга кабылдым.

     Өзүмдөн үч жашка кичүү айылдаш кызды жактырып калдым. Жактырмак тургай аны чындап сүйүп калдым окшойт. “Башында жөн гана бир ойноок сезим болсо керек” деп ойлочуумун. Бирок андай болбой, ал сүйүүм күн өткөн сайын күч ала берди. Акыры ичимдеги тынчтык бербеген сезимимди ал кызга айтууну тура көрдүм.

    Кантип, кызга сүйүүмдү билдирсем деп түнү бою ойлонуп чыгам, билинбей айлар алмаша баштаганда, кечикпей айтып калууну эп көрдүм. Бирөөдөн айттыргандан тартынам. Өзүм мектепти аяктаган жигит болсом, мектеп жашындагы кыз кагып койсо уят болуп калбайын деп, өзүм гана айтып көрүүгө бел байладым. Бир түнү кантип айтсам болот деген план түзүп чыктым. Акыры эртең менен сабакка бараткан жолунан тороп, кат узатмай болдум. Катты кимден берсем, деп ылайыктуу киши таппаган соң, акыры өзүм эле бермей болдум. Ал түнү мен үчүн таңдын атмагы,  таң аткандадан кийин сааттын жылмагы тозок болду. Эртең менен эрте, кыздын мектепке өтчүү жолун утурлап турам. Чоң атамдын жакшы көргөн атын минип алганмын. Ат ары-бери туйлайт. Өткөн-кеткендер мени шектүү карап жаткандай туюлат.

   Канча убакыт өттү ким билсин айтор,  кыздын карааны көрүндү. Жакындай бергенде, саламдашып колуна катты карматтым. “Жообун күтөм!” дегенге араң жарадым. Кыз жылмайган тейде, күлүп коюп катымды сумкасына салып, мектепке кирип кетти.

   Катты го бердим эми жообу кандай болот экен деп санаркаганымчы. Күнүгө сабак бүтөөргө жакын мектептин жанын акмалап карааны көрүнүп калабы деп, айланчыктайм.

  Көп күн өтпөй, каттын жообун кыз өзү узатты. Ал да мага окшоп эчкимге ишенбегенин түшүндүм. Кат колума тийгенден кийин, кең аалам тар болуп, кайсыл жерге барып катты окусам деп бекинчүү жер издегеним кызык. Буйтка жерге барып катты калтыраган колум менен ачканымда кыздын жагымдуу жытынын илеби, кат менен кошо келгендей боло түштүм. Кат мындайча жазылган экен “Эгер чындап эле мени жактырып, ашыктык отуна күйүп жатсаңыз анда мен макулмун. Бирок алдашмай жок”.

   Мен сени эки дүйнөдө алдабасмын деп айланага кыйкырып, жарсалгым келип кетти. Бирок элден уялып, сырымды ичиме каттым.

   Кыздан каттын жообун алган күндөн баштап мага дүйнө кооз болуп көрүнө баштады. Аткан таңдын сулуулугу менен, баткан күндүн кереметтигин сөз менен жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүм жок.

    Кечинде болсо кыңылдап ырдап, кыздын үйүнө барам. Жолугууга чыкса, эмне сөз айтарды билбей, ар нерсенин башын бир айтып, даярдап алган сөздөрүм оозуман учуп, сүрдөп тердеп, кургап кайра кайтам. Жолугууга чыга албаган күндөрү, үйүнүн сыртынан кайтарып, “ак төш” күчүгү менен дос болуп, түн бир оокумга чейин олтуруп, “Соодасы өтпөгөн, сарттай” томсором да илкий басып үйгө жөнөйм. Ал кыздын жашоодо бары  мен үчүн кымбат эле.

   Күз келип, айлана сары алтынга бөлөнгөн. Менин “Сүйгөнүм” мектептин бүтүрүүчү классында окуп, калган кези. Окуучуларды пахта талаасына алып барган учур. Мен болсо сүйгөнүмдү утурлап, караанын алыстан болсо деле көрүп турганыма каниет кылып, өзүмчө корстон болуп жүрөм

   Пахта талаасы тим эле керемет. Тегиз ачылган ак пахтаны аралап бара жаткан, сүйгөнүм көзүмө ак булутту айланган пери кыздай көрүнөт. Чын эле ушунчалык сулуубу, же болбосо мага ошондой сезилеби, кыскасы перизаттын нак өзү.

   Пахтадан терип, сүйгөнүмдүн асты жагына төгүп кетемин. Ал мени карап, акактай тишин күнгө чагылтып күлүп коёт.

    Пахта талаасынын четинде жайгашкан, арыкты жээктеп олтуруп алып, асманда калкып учкан ак булуттарга тигилип, кыялдарга чөмүлөм. Тезирээк эле мектепти аяктаса, апамдын ак жоолугун салынтып, ак көшөгө киргизип, жубай кылып алсам деген ойлор менен бир сыйра кубанып алам. Канатуу кыялдарым, өмүр бою менин жан дүйнөмдө жетпеген өксүк болуп кала берерин анда кайдан билдим.

      Берекелүү күз өтүп, ак шейшепке оролгон кышты артка таштап, жаңы төрөлгөн жаш баладай жылмая жаз баш бакты. Сүйгөнүмдүн мектепти аяктаары жакындаган сайын менин жүрөгүм түрсүл кагат. Күн өткөнүнө кубанып жүрөм.

   Ошентип, кыялдарга жетеленип жүргөн күндөрүмдүн бир кечинде жашоомду, түп тамырынан өзгөрткөн окуя болуп өттү.

  Күн батып, кечки тамакты ичкенден кийин сүйгөнүмдүн үйүн көздөй жөнөй бергенимде чоң атам токтотту.

  • Кайда барасың бери бас.
  • Мында эле болом, досторго жолугам дедим.
  • Досторуңа эскертип кой, эртең сенин тоюң болот келишсин деди чоң атам  өктөм үн чыгара.

Кулагым чуулдап, эмне дейт же каңырыш угуп алдымбы деген ойдо чоң атамды жалт карадым.

  Чоң атам баягы калыбынан жазбай, таң калба эртең той болот.

  • Мага неге айтпадыңыр?дедим ыйламсырай,
  • Сага айтуу кажет эмес.
  • Ким ал, мен үйлөнбөйм, ызалана түшүтүм.
  • Сен аны тааныбайсың, кичинеңде эле кудалап койгонбуз. Көп башты оорутпа үйлөнөсүң деп басып кетти. Чоң атам аябай бир сөздүү киши үчүн, башымды тырмап жер тиктеп эле олтуруп калдым. Жолугушууга да барган жокмун. Барганда эмне дейм. Чоң атамдын сөзүнөн чыга албай сага үйлөнө албайм калдым деп кантип айтам.

Эртеси той болду. Келинчегимди тойдо көрдүм. Чоң атамдын эски досунун небереси экен. Той күнүмдүн түнүндө ачуу суудан ичип алып, “сүйгөнүмдүн” үйүнө бардым.

   Сыртка чыккан ал, “сиз ушинтмек белеңиз. Мени таштап кеттиңиз” деп ыйлап жиберди. Колунан кармап биринчи жолу, кучактадым да бетинен сүйдүм. “Мени кечир!” деген сөздөн башка кеп айтууга жарабай артка бурулдум. Ошентип, мококтугумдан алгачкы махабатымдан кол жуудум.

   Азыр жашоом жакшы. Балдарым бар, бактылуумун бирок ошол кызды эстегенде жүрөк кургур бир булкунуп алат деп сөзүн бүтүрдү көздөрүнө тигилсем, жаш толуп турган карек урунду. Эч сөз айта албадым, эмне деп жубатарымды билбей жер тиктедим.

 Мына азыр ошонун баарын көз алдымдан өткөрүп жатып, махабаттын кыйрашына ким күнөөлүү. Сүйүүнү билбеген чоң атабы, махабаты үчүн күрөшө албаган агамбы же бул маңдайга жазылган тагдырбы..деп жооп издедим да эмнеси болсо да жигиттердин жүрөгүн түбөлүк багынткан классташтарым бар экенине сыймыктанып, жылмайып алып, түнкү караңгылыкка тигилдим.

 Альбина Шадыбекова

Булак:Bulut.kg