Кожобек Рыспаев: базар жана муршруттук унаалар чөнтөкчүлөргө толгон

Кожобек Рыспаев: базар жана муршруттук унаалар чөнтөкчүлөргө толгон

13.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты  Кожобек Рыспаев  парламентте “Баардык базарлар жана муршруттук унаалар чөнтөкчүлөргө толгон. Ал эми оперативдик кызматкерлер жумуштан кетүүдө”,-деп билдирди.

Анын айтуусу боюнча жаңы мыйзамга ылайык 10 миң сомдон кем эмес зыян келтирген уурулукка кылмыш иши козголбошу керек.

“Бирок, 1000 же 2000 сомун уурдаткан жарандар үчүн ал чоң акча болуп саналат. Азыр уурдалган буюмун кайтарып берсе кылмышкерди кечиришет. Буга чөнтөкчүлөр сүйүнүп кетишет. Бирок, эң биринчи кезекте уурулук кылбоо, бирөөнүн буюмуна тийбөө керек. Биз абдан эле гумандуу болуп кеттик, тартип керек да”,-деди эл өкүлү.

Өз кезегинде, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов чөнтөкчүлөр жана уюлдук телефон уурдоо көйгөйү бар экендигин айткан.

“Жаңы кодексте кемчиликтер бар. Биз бул мыйзам долбоорунун көп беренелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргиздик”,-деп билдирген Асанов

Булак:barometr.kg