Кикбоксчу Дастан Али Шаршеев мектеп окуучуларына акчалай стипендия тапшырды

Кикбоксчу Дастан Али Шаршеев мектеп окуучуларына акчалай стипендия тапшырды

27.05.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Жер-жерлерде акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу түрдө өтүп жатат. Бул саамалыкка өз салымын кошуу үчүн белгилүү кикбоксчу Дастан Али Шаршеев, Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев менен биргеликте айрым мыкты окуган мектеп окуучуларына өзүнүн атынан акчалай стипендияларды ыйгарды. Бул тууралуу Barometr.kg редакциясына кикбоксчунун жакындары кабарлашты.

Шаршеев Ысык-Көл облусуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Мырзамамбетов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Саманчиева Айгеримге, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-11-класстарынын 7 окуучусуна, Коңур-Өлөң айылынын 3 окуучусуна, Төрт-Көлдүн 2 окуучусуна жана Туура-Суунун 2 окуучусуна акчалай сыйлыктарды жана грамоталарды ыйгарды.

Дастан Али эми мындан ары жакшы окугандарга жыл сайын стипендия төлөп турууга убада берди.

Булак: barometr.kg