Киев көчөсүн жабуу пландалууда

Киев көчөсүн жабуу пландалууда

26.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бишкектеги Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн автоунаалар үчүн жаап, жөө жүргүнчүлөр гана жүргөндөй кылуу пландалып жатканын Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантур уулу билдирген. Буга ылайык, баш калаадагы Линейный көчөсүн толук оңдогон соң, бул планды ишке ашыруу каралууда.

Бишкек мэриясынан планды алдыңкы бир-эки жыл ичинде жүзөгө ашырууну болжоп жатышканын айтышты.

Анын алкагында шаардыктар үчүн Киев көчөсү жөө сейилдөөчү көчөгө айланып, атайын велотилке да каралган.

Булак: Bulut.kg