Кетип калган күйөөнү кайтарып келүүчү ыкмаларды билип алыңыз!

Түгөйлөрдүн жашоосунда ажырашуу деген дагы чоң түшүнүк жашайт. Буга ар ким ар кандай жолдор менен туш болуп калат. Көпчүлүк жалгыз калган аялдар катуу стресс абалында болушат. Алардын айрымдары психологго жөнөсө, айрымдары жолдошун кайтарып келиш үчүн көзү ачыктарга барышат. Башкалары болсо ыйлап-сыктап, күйөөлөрүн кетирбей суидцидге барарын айтып коркутушат. Тигиниси да, мунусу да эч натыйжа бербейт деп айта албайбыз. Анткени ар бир жуптун мамилеси ар кандай курулган, индивидуалдуу. Бирок кетип калган күйөөнү кайтарып келүүнүн психологияга негизделген бир нече ишенимдүү ыкмалары бар экенин дагы билгениңиз жөндүү. Бул ыкмалар адамдын мамилесине, тубаса инстинктерине  байланыштуу  кабыл алынган.

Аны туура колдонуп өз максатыңызга жетесиз — күйөөңүздү кайтарып аласыз же болбосо жашоодогу чыныгы түгөйдү таап аласыз.  Азыр жашооңузда башыңыздан ушундай күндөрдү өткөрүп, түгөйүңүз кетип калган болсо barometr.kg сунуштаган бир нече кеңештерди эске алып койгонуңуз жөндүү.

Ачууңузду чыгарыңыз!

Ажырашуу тескери эмоциялардан улам келип чыкканы анык. Аны мүмкүн болсо психологго айтып чыгаруу керек. Ачууну ачуу менен басуу, уруш-талашты чыгаруунун кажети жок. Биринчиден жагдайды өзгөртүп жаңы чөйрөдө болуунун жолдорун ойлонуңуз! Абалды талдап чыгып алсыз жана күчтүү жактарыңызды изилдеңиз! Ушул күйөөңүз бир кезде сизди жакшы көрүп алган да туурабы? Ошондо эмнеңиз менен кызыктырдыңыз эле? Эстеңиз!

Кайсы жерден ката кетиргениңизди тыкыр ойлоп чыгыңыз!

Мурда кетирген каталардын тактап чыгыңыз. Эски маселелерди чечпей туруп жаңы мамилелерде дагы ошол каталарга туш болоруңуз анык. Күнөө эки тараптан тең кетет, аны, жашоону, айлана-чөйрөнү, кайын-журтту күнөөлөй бербей жаңы жашоого багыт алыңыз!

Өз алдынча жашоого көңүл топтоңуз! 

Жалгыздык сиз ойлогондой эле коркунучтуу эмес. Мурдагы күйөөңүзгө эркиндик бериңиз! Өзүнчө жашап көрсүн. Аңгыча өзүңүз менен алектенесиз! Башкага кетип калат аял алып алат деп коркуп жатасызбы? Мейли алса алсын, анда ал башынан эле сиз менен болууга татыктуу эмес эркек!

Эркек сиздин кыйналганыңызды күтөт, ага жол бербеңиз, ыйлап-сыктап, бырылдап отуруп калгандын ордуна жакшынакай болуп жасанып, гүлдөй ачылып чыгыңыз.

Эгерде ушул арада экөөңөр эки башка жолго түшпөсөңөр, анда кайрадан аны менен жашоого аракет кылып көрүңүз!

Бул үчүн кайрадан сүйлөшүңүз, кайрадан таанышыңыз, кайрадан достошуңуз!

Бул оңой эмес дегендер бар. Балким жашоо сизди жакшы нерсеге татыктуу деген үчүн ажырашкандырсыз! А сиз татыктуу болуңуз!

Булак:barometr.kg